Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ишкерлер себепсиз текшерүүдөн, куугунтуктан тажашты


Ишкерлердин нааразылык акциясы, Бишкек, 11-май.
Ишкерлердин нааразылык акциясы, Бишкек, 11-май.

Апрель окуяларынан кийин себеби жок тынымсыз текшерүүгө, куугунтукка кабылган ишкерлер нааразылык акцияга чыкты. Алар өздөрүнүн экономикалык талаптарын аткаруу үчүн убактылуу өкмөткө 20-майга чейин мөөнөт беришти.

Эгер мүдөө-ойлоруна кулак салынбаса ар кандай акциялар башталарын эскертишти.

Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында беш жүздөн ашуун адам чогулду. Алар саясий эмес экономикалык талаптарды коюп жатышканын баса белгилешип “Ишкерлерди куугунтуктоону токтоткула!”, “Карапайым элге жумуш бергиле” деген сыяктуу жазууларды кармап турушту.

убактылуу өкмөттүн атын жамынгандар кылып жатабы, же убактылуу өкмөт өзү кылып жатабы, белгисиз...
Рысбек Жапаровдун өлкөдөгү өндүрүүчүлөрдү керек-жарак менен камсыз кылуу боюнча чакан бизнеси бар. Анын айтымында, апрель ыңкылабынан кийин түрдүү текшерүүлөр күчөп, натыйжада бир катар ишканаларда иш таптакыр жылбай калды:

- Булар мурунку бийлик менен иштеген деген жалган маалыматтар менен бизди кайра-кайра текшерүүгө алып иштетпей келет. Бул жерге чогулган элдерди карасаңыз деле көпчүлүгү карапайым элдер. Эгер завод-фабрикалар иштебей калса булардын эмгек акысын бере албай калабыз, мамлекетке салык төлөй албайбыз.

Ишкерлер мындай текшерүүлөр кайсы органдардан келип жатканын биле албай бушайман. Кыргызстандагы жападан жалгыз тери-булгаары заводунун жетекчиси Улан Асанкановдун айтымында, өкмөттүн ишканаларды текшерүүнү тыйган мораторийи таптакыр иштеген жок.

- Убактылуу өкмөттүн атынан жамынып кылып жатышабы, же убактылуу өкмөт кылып жатабы, белгисиз. Ошондуктан биздин убактылуу өкмөткө сурообуз бар эле. Иштеп аткан өнөр жай өндүрүштөр, жеке ишканалардын баарына тең тийишпейт, баарыңар иштей бергиле , текшерүүгө мораторий деди эле. Жаңы өкмөт, жаңы президент, же парламент шайланмайынча иштегиле деген. Бирок ага болбой эле азыркы учурда абдан көп текшерүүлөр болуп жатат. Кайсы тараптан, ким тараптан келгени белгисиз.

Нааразылыкка чыккандарга шаардын Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев келди. Ал чогулгандардын мүдөө-талаптарын шаар мэрине жеткирүүнү убада кылды.

А. Алиев “Азаттыкка” себепсиз текшерүүлөр тууралуу сөздөр бекер жеринен чыкпаганын айтты:
- Айрым учурларда сөздөр чыгып жаткан. Бул жерден көп кайрылуулар алынды. Мен азыр шаардын мэри Иса Өмүркуловго тапшырам. Мен өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт деп ишенем.

Себепсиз текшерүүдөн, негизсиз жабылуудан жабыркагандардын ушундай эле акциялары Сокулукта жана Токмокто өттү. Токмок шаарындагы “Агропищепром” ишканасынын өзүн Улан деп тааныштырган жумушчусу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биздин заводду 10-апрелде жаап коюшкан. Ар кандай топтор менен ар кандай кысым болуп жатат. Ички иштер министрлигинен мөөр басып кетишкен. Ошондон бери иштебей турабыз.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Каржы полициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка” аталган орган азыр төрт жүз жыйырмадай кылмыш иштин негизинде текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Алардын арасында бүгүн нааразылык акциясына чыккан ишканалар да болушу мүмкүн. Эгер алар талаптарын убактылуу өкмөткө жөнөтсө, ал жактан көрсөтмө келсе бул иш иликтенет:

- Өкмөткө түшсө, өкмөт бизге кат жөнөтүп бизден эмне үчүн, кандай деп сурайт. Бирок биздин көзөмөл боюнча механизм бар. Прокуратуранын санкциясысыз биз эч жакка барбайбыз.

Бүгүн Бишкекте тынч жыйынга чогулган ишкерлер, жумушчулар убактылуу өкмөткө кайрылуу кабыл алышты. Эгерде убактылуу өкмөт бул маселени убагында чечпесе социалдык жарылуу пайда болушу ыктымалдыгын эскертишти.

XS
SM
MD
LG