Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

А. Абдимомунов: Бийликтин эрки жетпеген жерде эл өзү чечип жатат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, 28-май 2010-жыл
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, 28-май 2010-жыл

Өткөн жумадан бери Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал көпчүлүктү ойго салып турат. Ошондуктан биз бул маселе боюнча ой бөлүшүүгө атайын кызматтын полковниги, экс-депутат Алишер Абдимомуновду чакырдык.

- Чек арага жакын жердеги маселелерди чечүүнүн эл аралык укуктук нормалары эмнегедир жакшы иштебей элге социалдык көйгөйлөрдү жаратып жатат. Ага эмне себеп жана аны акырын жөнгө салуунун кандай жолун сиз сунуш кыла аласыз?

- Албетте, бул объективдүү көрүнүш. СССР курагандан кийин Кыргызстандын бир топ километр чек арасы ушул күнгө чейин делимитация, демаркация болуп, келишимдин негизинде тактала элек. Бул абдан өкүнүчтүү. Өткөнкү биздин бийлик, кошуна мамлекеттердин бийликтери ушул маселени чечүүгө саясий эрки жетпей атат. Себеби бул жерде көйгөйлүү маселе бар.

Эки мамлекеттин ортосунда эки келишим бар, 24-жылкы жана 55-жылкы, алар бири-бирине такыр туура келбейт. Бир мамлекет 24-жылкы келишим менен, экинчи мамлекет 55-жылкы келишим менен сүйлөшүүлөргө барып атышат. Натыйжада эки жактын эли кыйын абалга калып калды. Албетте, муну биринчи бийлик чечиш керек. Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү калк өз жолу менен чечкени болбойт.

Мен кабарды угуп бир жагынан өкүндүм. Биздин эл күрөгүн, балтасын алып жолду тосуп, кошуна мамлекеттердин жасаган мамилелерине чыдабастан көчөгө чыгып жол тосуп, өздөрүнүн укугун өздөрү коргогону, албетте, өкүнүчтүү. Бирок, аларга алкыш айтыш керек. Биринчи жолу биздин тарыхыбызда Ферганага чыккан жолду тосуп, эл өзү чара көрүп койду.

Буга чейин ушундай мүнөздөгү чараны бийликтер кыла элек болчу. Маселен Шаймардандагы жолду тосуп туруп, ушундай кылса болмок, эгерде бийликтер бири-бири менен макулдаша албаса. Албетте, мыйзам жолуна өтүш керек.

- Алишер мырза, албетте эми ушул кемчиликтерди жаңы өкмөттүн өкүлдөрү эске алат деген ойдобуз. Ал эми чек арадагы мамилелерди жөнгө салууда жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ролун кандай көрөсүз. Алар мүчүлүштүк кетирген жери жокпу?

- Мен бийликти абдан чоң баалайм. Жаңы губернатордун милдетин аткаруучу абдан маалыматтуу, сабаттуу, түшүнгөн жетекчи көрүнөт. Ал туура жол менен, биздин жаңы өкмөт киришкенге чейин өзү маселелерди чечип, жөнгө салып койду. Албетте, бул абдан жогорку деңгээлде чечилгени жакшы.

Ө.Текебаев менен бирге даярдалган аскерлештирилген аймактар деген законубуз өтпөй калган болчу. Ушуга окшогон статусту чек арада жашаган элдерге бериш керек. Мына эл өзүлөрү келип алып, өз жайытын коруп, тигилерди чыгарбай турду. Мына ошон үчүн ушундай элдин талабын колдош керек.

XS
SM
MD
LG