Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Марат Алапаев: Сом - дүйнөдөгү туруктуу валютанын бири


Мындан 16 жыл мурда, 1993-жылдын 10-майында Кыргызстан улуттук акчасын - сомду жүгүртүүгө чыгарган. Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев сомдун азыркы абалы, анын курсун керектүү деңгээлде кармаганга өлкөнүн алтын-акча запастары жетишээри тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

- Кыргыз валютасы сомдун абалы бүгүнкү күндө кандай болуп атат?

Кыргызстандын Улуттук Банкынын төрагасы Марат Алапаев
-Азыркы күндө сомдун туруктуулугу аябай жакшы. Туруктуу эле болуп атат, Казакстан менен Россиядагыдай тез девальвация жазаган жокпуз. Биздики дайыма башка саясат болчу. Рынокту бузбай, дайыма чукул өзгөрүүлөргө жана чайкоочулукка жол бербей, коррекциялап турабыз да. Ошон үчүн биздин сомубуз туруктуу. Азыркы маалымат боюнча дүйнөдөгү валюталардын арасында кыргыз сому туруктуу валютанын бири болуп саналат.

-Сомдун наркы дагы түшөт деген бир божомолдорду айтып атышат. Бул экономикага канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн?

-Сомдун туруктуулугу экономикага ар кандай таасирин тийгизет да, бирок туруктуу болгону иш каналар үчүн, жалпы эл үчүн жакшы да. Ишеничтүү валюта болгону жакшы да. Валютанын туруктуулугу ар бир мамлекет үчүн жакшы болот.

Бирок ар кандай учурлар болот. Мисалы, Россия, Казакстан же Америкада валюталар курсу өзгөрүлүп кеткенде, ошондо кичине экспорт жагына же импорт жагына таасири тийиши мүмкүн.

Анткени валюталардын салмагы, күчү башкача болсо, экспортёрлор же импортёрлор артыкчылык алып калышы да мүмкүн Мисалы, Казакстанда бир күндүн ичинде эле 25 пайызга түшүрүп салышпадыбы теңгенин деңгээлин. Ал аябай чоң таасирин тийгизди да. Казакстандын президенти баш болуп телевидениеден айтып, элди жооткотту.

Азыр Казакстандын өкмөтү теңгенин капыстан девальвация болгон таасиринен жабыркаган бизнесмендерге кандай жардам беребиз деп аракет кылып атат. Биздики башкача болгон. Анткени биз сомду эч качан катуу кармаган эмеспиз. Көбөйтүп да, түшүргөн да эмеспиз. Мындайча айтканда жай өз жолунда кармап, рынокко караганбыз. Сомдун курсун чукул өзгөртпөй, дүрбөлөн кылбай, ага ишеним жоготпой алып келдик.

-Сомдун мындан аркы наркы боюнча божомол кандай?

-Андай божомолду эч ким айта албайт, өзгөчө мен аны айта албайм. Рынокто кырдаал ар кандай болот. Валютанын сунуш менен суроо-талапка көз каранды. Биз кандай да болсо биз чукул чараларга барбайбыз.

Дагы девальвация же тескерисинче да болушу мүмкүн. Азыр карасаңыз кайта сом көтөрүлүп атат. Ал рынокко жараша болот, алдын-ала айтып коюш абдан кыйын. Көп факторлорго көз каранды. Биз алдын-ала өзүбүз деле билбейбиз, чынын айтканда.

XS
SM
MD
LG