Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Зита жана Гита дарыгер болууну каалашат


Сиам эгиздери Зита, Гита. Жаңы-Жер айылы, 3-декабрь, 2009-жыл.
Сиам эгиздери Зита, Гита. Жаңы-Жер айылы, 3-декабрь, 2009-жыл.

Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күндүн урматына Сокулук районундагы сиам эгиздер - Зита жана Гитанын ата-энеси Жаны-Жер айылында салтанаттуу иш чара уюштурду.

Өтө табышмактуу тагдырлардын ээси болгон Зита жана Гита 1991-жылы 19- октябрда төрөлүшкөн. Апасы Зумрият Резаханованын айтуусу боюнча, Зитанын мүнөзү жумшак, тамашакөй, адамдар менен да бат тил табышат. Ал эми Гита болсо бир аз жалкоо болгону менен сабакты жакшы окуйт.

Бирок азыр кыздардын дарыгер болобуз деген зор максаттары бар:

- Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын башка балдардан эч кандай айырмасы жок. Биз дагы башкалар сыяктуу бактылуу жашоого акыбыз бар. Маселен, бизге канчалаган дарыгерлер жардам көрсөттү. Келечекте биз дагы күчтүү дарыгер болгубуз келет, - дешет Зита, Гита

Мындан жети жыл мурун Кыргызстанда жашаган сиам эгиздерине Орусиядан операция жасалган. Азыр Зита менен Гита он сегиз жашка чыгып, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө тарбияланып жатышат. Алар үй-бүлөнүн үчүнчү балдары. Экөөнү операция аркылуу ажыраткандан кийин өздөрүнчө басып, башка балдар сыяктуу кызыккан иштерин кылганга мүмкүнчүлүгү болгон менен экөөнүн тең жыныстык органдары жок. Алардын бирден гана бөйрөгү бар.
Жыйырма жашка чыгып, организмдери калыбына келгенде гана жыныстык орган салууга мүмкүн экен. Ага чейин бөйрөгүнүн тушуна тагылган заара кабыл алуучу баштыктарды пайдаланышат. Алар дагы Орусиядан алынып келинет. Мындан башка канчалаган оор кыйынчылыктарды 18 жылдан бери башынан кечирип жүргөн Зумрият Резаханова учурда “Татыктуу жашоого укук” деген коомдук уюм түзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүнү максат кылганын айтат:

- Кыздарымдын оор тагдыры менен алпурушуп жүрүп, кайрылбаган жана барбаган жерим калбады. Улам барган сайын көп нерсени түшүнүп, аркы-беркини үйрөнүп калдым. Анан акыры коомдук уюм ачуу туурасында идея келип, азыр майып адамдарга жардам берүүнү көздөп атам. Айылдарда канчалаган оор тагдырдын ээлери бар. Аларга эч ким деле көңүл буруп койбойт.

Мына ушундай демилге менен Гита жана Зитанын апасы Зумрият Резаханова бүгүн Жаңы-Жер айылында майрамдык иш чара уюштурду. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүндө биринчи жолу Сокулук районундагы жыйырмадан ашык бала белек-бечкектерди алышты.

Бул алардын жашоосундагы эң кызыктуу күндөрдүн бири деди Жаңы-Жер айылынын жашоочусу Асыл апа:

- Балам тубаса майып болуп төрөлгөн. Борбордон алыс тургандыктан майрам күнү айылдыктарды эч ким деле эстеп койбойт. Бүгүн мына таттуулар менен кошо акчалай белек алдык. Бул бир аз да болсо көңүл буруу да. Майыптардын да бактылуу жашоого акысы бар.

Бүгүн Чүйдүн бир катар район, айылдарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер берилип, атайын майрамдык иш чаралар уюштурулду. Ал эми сиам эгиздери Гита, Зита жана анын апасы Зумрият Резаханова, “Коомдогу дени сак ар бир адам, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эстен чыгарбаса, алардын да бактылуу жашоого акысы бар”, - деген тилектерин айтышат.

"Азаттык+": Майыптар колдоого муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:32 0:00

XS
SM
MD
LG