Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Сингапурда жаштар арасында алгачкы Азия оюндары башталды


29-июнда кечинде Сингапурда жаштар арасында биринчи Азия оюндарынын ачылыш аземи болот. 45 өлкөнүн катарында Азия оюндарында мөрөй талашуу үчүн Кыргызстандын чакан делегациясы да Сингапурга барды.

Чоңдор арасында 4 жылда бир ирет Азия жана олимпиадалык оюндар өткөрүлүп турганы менен жаштар мындай дүйнөлүк таймашууларга катышпай, көз жаздымда калып келишкен. Ошондуктан Азия олимпиадалык Кеңешинин президенти Аль Сабахтын демилгеси менен жаштар арасында алгачкы Азия оюндарын өткөрүүнү Сингапур өлкөсү колго алууда.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, жаштардын спортко болгон сүйүүсүн, олимпиадалык идеяларды, намыстуулугун, мекенчил сезимдерин тереңдетүү максатында жана спорттук аренада, тагдырда өздөрүн сынап көрүү үчүн биринчи Азия оюндары өткөрүлүп жатат.

-Себеби эмдиги жылы ушул Сингапурда дүйнөлүк жаштар арасында олимпиадалык биринчи оюндардын тушоосу кесилет. Ал Азия жаштарын да сындан өткөрүү, көнүктүрүү милдетин дагы аркалап жатат.

Бул алгачкы Азия оюндарына 45 өлкөнүн жаштары катышууга дилгирлигин билдирип, мөрөй талашуулар спорттун 10 түрү менен башталууда.

Мындан сырткары жаштар спорт менен гана чектелбестен туризм, илим-билим, техника жетишкендиктери боюнча пикир алышып, көргөзмөлөргө катышмакчы.

Кыргызстандын чакан делегациясы биринчи Азия оюндарына катышуу үчүн спорттун 5 түрү боюнча жаштарды Сингапурга алып барды. Себеби каражат маселеси жана жолдун алыстыгы буга кедерги болду.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде, кыргызстандык жаштар жеңил атлетика, сууда сүзүү, ок атуу, жээк волейболу жана парус спорт түрлөрү боюнча Сингапурда сындан өтүп, келечектеги тандалма команданын курамын түзүү максатын көздөп барышты.

- Спорт адистеринин баамында, жеңил атлетчилер, мергендер жана суучулдар гана биринчи Азия оюндарында айырмаланып, мөрөй алып, байгелүү орундарга жетүүсү ыктымал.

Кыргызстандык баскетболчулар өз учурунда паспорт, документтерин тапшырбагандыктан виза маселеси чечилбей, алар Азия оюндарына катышпай арманда калышты.

Эл аралык мелдештерге аз катышкан, тажрыйбасы чамалуу кыргызстандык жаш спортчулар Азиядагы Жапон, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү менен теңтайлашууга чама-чаркы жетээр бекен? Аны алдыдагы мөрөй талашуулар аныктаар...

Биринчи Азия оюндары 8-июлда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG