Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курамасы Филипинде өтүп жаткан Азия биринчилигинен эки медаль жеңип алды. 66 кг. салмагында Мирбек Абдылдаев “күмүш”, ал эми Магамед Талаев коло медаль ээси болушту. 17-20 жаштагы балбандар арасында өткөн чемпионатка Кытай, Иран, Монголия, Казакстан сыктуу 15 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышты. Ошол эле маалда Кыргызстандын эркин күрөш командасынын чоңдор курамы Испаниянын Мадрид шаарында өтүп жаткан гран-при мелдешине катышууда. Анда өлкө намысын номур биринчи балбандар: Алтынбек Алымбаев, Надырбек уулу Улан, Азат Дөңбаев, Эрлан Дорбоновдор коргошууда.
Кыргызстандын эгемендик Кубогунун чечүүчү оюнунда күч сынашканы турган төрт команда белгилүү болду. Жарым финалдык мелдеш июль, август айларында өтүп, анда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу, Кара-Суунун "Жаштык-Ак-Алтыны", Оштун “Алайы” жана Жалал-Абаддын “Камбар-Ата” командасы мөөрөй талашат. Өз ара таймашта ийгилик жараткан командалар 6-сентябрда көз карандысыздык кубогунун финалдык бөлүгүндө күч сынашат. Бул жарым финалдык оюнга Кыргызстандын беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо” катышкан жок. Себеби, алар буга чейинки тайпа ичиндеги оюнда Канттын “Живое пиво” клубунан 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Бишкекте кикбокс боюнча Президенттин Кубогу өтөт
Президенттин Кубогу быйыл төртүнчү ирээт өтүүдө. Буга чейин бул турнирди Руслан Абасов, Канат Сыдыгалиев жана Ален Афойе жеңип өлкө намысын коргошкон.
Бир шиңгил спорт жанылыктары:
14-июлда таэквондо ITF боюнча «Сонсу» Кубогу өтөт.
16-21-июлда “Спартак” стадионунда 1995-жылкы футболчулар арасында КР президентинин кубогу өтмөкчү.
18-июльда Көз карандысыздык кубогунун жарым финалдык оюну "Жаштык-Ак-Алтын" (Кара-Суу) менен - «Абдыш-Ата» (Кант) клубдарынын ортосунда өтөт.

17-июлда Кожомкул атындагы спорт ордодо КМШ өлкөлөрүнүн эң алдынкы атлеттери күч сынашат. Мелдешке Орусия, Украина, Белорусия, Молдова, Казакстан, Армения жана Кыргызстандын бирден спортчулар катышат. Мелдеште өлкө намысын кикбокс боюнча Азиянын жана Евразиянын чемпиону Кумар Жалиев коргойт.
Баардыгын ринг көрсөтөт деген Кумар Жалиев бизге кыскача буларды айтты:
-Президенттин Кубогу - бул Кыргызстанда салтка айланган ири мелдештердин бири. Быйыл турнир төртүнчү ирет өткөнү турат. Азыр даярдыктар жүрүүдө. Турнирди дүйнөдөгү күчтүү спортчулардын бири Александр Турчинский алып барат, ал эми конок катары эрежесиз мушташ боюнча дүйнө чемпиону Олег Тахтаров чакырылган. Сегиз өлкөдөн келген спортчулар чемпиондук наам үчүн күч сынашабыз. Кандай деңгээлдеги турнирге катышпайлы, баардыгына тең даярдык көрүп турабыз. Машыгуулар күнүгө эки маал болот. Кээде эки-үч күндүк машыгууларды тоодон же көл жээгинен өткөрүп турабыз. Бул Кубокко дагы жакшы даярдык көрдүм. Эми баардыгын 17-июлда ринг көрсөтөт. Баардыгын ринг көрсөтөт деген Кумар Жалиев бизге кыскача буларды айтты: