Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Көк-Бөрү: Тажиктер жарым финалга чыкты


27-августта Көк-Бөрү боюнча президентин Кубогунда Жалал-Абад облусунун, Бишкектин жана Тажикстандын улакчылары жарым финалга чыкты.

Мурда күнү башталган президенттин Кубогуна Кыргызстандын улакчылары менен катар Орусиядан Алтайдын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү катышып, мөрөй талашууда.

Атаандашуунун алгачкы күнү Жалал-Абад жана Нарын облусунун командалары жеңишке жетсе, орусиялыктарды тажикстандыктар утуп алышкан.

Ал эми кечээки күч сынашууларда Ысык-Көл облусунун улакчыларын таласттык жигиттер 10:1 эсебинде жеңип алышты. Мында таласттык балбан билек жигиттер: Нургазы Анарбаев, Урмат Шерипбеков, Улан Кыбраев жана Нурлан Барпиев айырмаланып тайказанга арбын улак таштады. Ысыккөлдүк Айдың Сүйүнбаев бир улакты жооп кылууга жарады.

Экинчи беттешүүдө Нарындын “Дордой” командасы Бишкектин “Бөрүлүү” командасынан жеңилүү ызасын тартты. Оюндун жыйынтыгында 11:3 эсеби менен бишкектиктер жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Президенттин Кубогун эки ирет уткан Бишкектин “Бөрүлүү” командасынан Радир Саманчиев, Мирлан Сраждинов, Улан Наскеев алдындагы аргымактарын алкынтып, тайказанга арбын улак таштап, чеберчилигин көрсөтүштү.

Нарын облусунун командасынын жетекчиси Жетиген Маадановдун пикиринде , “Дордойдун” жигиттеринин аттары чабал болуп, эки күндүк таймашта чарчап калып, “Бөрүлүү” командасынан утулуп калды.

“Көк-Бөрү” федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, күн өткөн сайын аттандашуу курчуп, мыктылар иргелип жатат.

Президенттик кубоктун мөрөй талашуусуна катышкан Тажикстандын тандалма командасы мурда күнү Орусиянын “Алтай” командасын утуп алышса, кечээ алар өзбекстандык жигиттерди да жеңип, жарым финалга чыгышты.

Эми 28-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында мелдештер дагы улантылат. Бул күнү Жалал-Абад менен Талас облустарынын командалары беттешет.

Чүйлүк улакчылар менен Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын ортосунда күч сынашуу болмокчу. Эгерде бишкектиктер утуп алышса жарым финалда ойношот.

Ошондой эле үчүнчү оюнда Орусиянын “Алтай” командасы менен Өзбекстандын командасы мөрөй талашууга чыгат.

Мындан он бир жыл мурда кыргызстандыктар иштеп чыккан Көк-Бөрүнүн жаңы эрежеси Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн колдоосуна арзыган. Ошондой болсо дагы Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын өкүлдөрү эрежелерди жакшы сактабай, чеберчиликтери да төмөн экенин эл аралык калыс Асан Бектурганов “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын мүчөсү Самат Кушчукуловдун пикиринде, президенттин Кубогун бир жыл боюу күтүп, мыкты даярдык көрүп, ийгиликтерди жаратып жатышат.

Мелдеште 9 команда үч топко бөлүнүп, мөрөй талашып жатышат. Негизинен мелдеш беш күнгө созулуп, 29-августта жарым финалдык беттешүүлөр өткөрүлүп, баш байгеге талапкерлер аныкталат.

30-августта көкбөрүчүлөр өргүү кылып, бир күн эс алышат.

“Ак-Кула” ат майданында баш байге үчүн финалдык оюндар 31-августта болмокчу. Бул күнү ат оюндарынын күйөрмандарына кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш сыяктуу улуттук оюндар дагы тартууланат.

31-август- Эгемендүүлүк күнү финалдык беттешүүлөргө президент Курманбек Бакиев катышаары жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыраары уюштуруучулар тарабынан айтылууда.
XS
SM
MD
LG