Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Евгений Ваккер дүйнө чемпионатына катышууда


Евгений Ваккер дүйнө чемпионатына сегизинчи ирет катышууда.
Евгений Ваккер дүйнө чемпионатына сегизинчи ирет катышууда.

Евгений Ваккер Швейцариянын Мендризио шаарында дүйнө чемпионатында мөрөй талашууда.

Мелдеште Евгений 50км жеке жарышка чыгып, 70 атаандаш менен күч сынашып, Кыргызстандын намысын коргомокчу. Белгилеп өтсөк дүйнө биринчилигинде Ваккердин эң чоң көрсөткүчү 2003-жылы болуп Канадада өткөн чемпионатта ал 11-орунга татыган.
Чоюн билек балбандар үч медаль жеңишти.

Италиянын Венеция шаарында кол күрөш боюнча боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, анда кыргыз спортчулары үч медаль жеңип алышты.

Мелдешке дүйнөнүн 45 мамлекетинен бир жарым миңден ашуун балбандар катышты. Чемпионатта Кыргызстандын намысын 7 спортчу коргоп, 60 кг салмакта Ирина Вертинская атаандаштарынын баарын жеңип алтын медаль ээси болду. Ал эми 55 кг категориясында Бактияр Кубанычбеков, 70 кг Ольга Ярославцева коло медаль жеңүүгө жетишишти.

Кыргыз балбандары дүйнөнүн биринчилигини жеңе алабы?

Даниянын Копенгаген шаарында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анда өлкө намысын 11спортчу коргошот. Алардын катарында бир нече жаш спортчулар жана Бээжин олимпиада оюндарынын байге ээлери Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев, эркин күрөштөн дүйнөдөгү 10 мыктынын катарындагы Базар Базаргуриев, кыз-келиндер күрөшүнөн Яна Панова жана Нестан Кыязова чемпиондук наам үчүн мөрөй талашат.

Бул чемпионатка тандалган спортчулар гана жөнөп кеткендигин грек-рим күрөшү федерациясынын жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов билдирди:

- Дүйнө чемпионатына эркин күрөш боюнча жети, аялдар күрөшүнөн эки, ал эми грек-рим мелдешине төрт спортчу жөнөп кетишти. Биздин пикирде балбандар жакшы даярдык көрүштү. Бул дүйнө чемпионаты жаңы олимпиадалык циклдын башталганынан кабар берет. Анда кайсы спортчу кайсы салмака өткөндүгү, кайсы курамада кандай спортчулар өсүп жаткандыгы маалым болот.

- Эмне себептен бул дүйнө биринчилигине кыргыз спортчулары толук курамда барышкан жок?

- Бул маселе бир жагынан каражатка дагы байланыштуу болууда. Жакында эле өткөн Азия чемпионатында биздин спортчулар аз гана медаль жеңип келишкен. Ошондуктан бул жолу спортчулардын курамын кыскартууга туура келди. Мындай чоң мелдешке катышкан спортчулардын деңгээли төмөн болбошу керек. Азырынча бизде дүйнө чемпиону наамына эч бир спортчу жете элек. Бирок бизде Бегалиевден тышкары бир нече спортчуларыбыз өсүп келе жатат. Жаштарга ишеничибиз чоң.

Спорттук иш-чаралардан бир шиңгил жаңылыктар:

  • 21-27 сентябрга чейин Данияда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги өтөт.
  • 22-26 сентябрда Бишкек шаарында тенис боюнча өлкө биринчилиги болот.
  • 24-сентября Кыргызстандын курама командасы Ирандын Тегаран шаарында өтө турган кайык жарыштары боюнча дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргойт.
  • 26-сентябрда эски аянтта картинг боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты болмокчу.
  • 26-27 сентябрда таэквондо ITF боюнча Ысык-Көл обласынын ачык чемпионаты өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG