Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кыргыз атлеттери Азия Кубогунда эки медаль алды


Өзбекстандын Ташкен шаарында өткөн мелдешке Түштүк Корея, Иран, Кытай мамлекеттери баштаган 21 өлкөдөн 250 чакты балбандар катышты.

Мелдеште өлкө намысын үч спортчу коргошуп, алардын экөөсү байгелүү орунга жетишти. 56 кг категориясында күч сынашкан Бекзат Осмоналиев күчтүү деп эсептелген атаандаштарга эч мүмкүнчүлүк бербей, Азия Кубогунун алтын медалын тагынды.

Бекзат өткөн жылы бул Кубоктун күмүш медалын утууга жетишкен. Ал эми 62 кг салмакта күч сынашкан Султан Молдодосов үчүнчү орунга жетип коло медаль жеңип алды.

Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз боксчулары эки медаль жеңип алышты

Анжиян шаарында өткөн мелдешке Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 100 чакты спортчулар катышты. Мелдеште өлкө намысын беш спортчу коргоп, алардын экөө байгелүү орунга жете алды.

60кг салмакта Азат Калмаматов күмүш медаль ээси болсо, 48 кг категориясынан Мирсаит Кулдашов коло медаль утуп алды.

Кыргызстан Кубогун “Абдыш-Ата” клубу жеңип алды

Ош шаарындагы Акматбек Суюмбаев атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалдык оюну болуп өттү. Чечүүчү таймаш Оштун “Алайы” менен “Абдыш-Ата” клубунун ортосунда жүрүп, 2:0 эсебинде Канттын командасы ийгилик жарата алды.

Голду футболчулар Антон Землянухин менен Геннадий Калеухин киргизип командасына жеңиш тартуулады. Белгиле өтсөк “Абдыш-Ата” клубу экинчи ирээт Кыргызстан Кубогунун ээси болду. Ал эми өлкөнүн беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо” мелдештин тандап алуу оюндарында жеңилүүгө учурагандыктан оюн четтеп калган.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башчысы Айбек Алыбаев өлкө Кубогунун жыйынтыгына токтолуп, курама команда тууралу да сөз кылды:

- Кыргызстан Кубогунун финалдык оюну курч маанайда өттү. Ош шаарында көп убакыттан бери ирии мелдештер өткөрүлбөптүр. Ошондуктан бул оюнга 5000 чакты күйөрмандар келишип, өз командаларына жан үрөп жатышты.

- Өлкө курама командасы кайсы мелдешке даярдык көрүүдө?

Биздин футболчулар жакында эле Индияда өткөн Неру Кубогунда үчүнчү орунга жетип, коло медаль ээси болушту. Акыркы айларда курама команданын рейтинги 17 тепкич өйдө көтөрүлүп, Казакстандан кийинки орунга жеттик.

Кыздар командасы дагы чет өлкөлөргө чыгып оюн көргөзүүдө. Курама командабыз Азиянын тандап алуу оюнунда группа ичинде биринчи орунга ээ болуп кайтып келишти. Бирок бул ийгилик менен мактанууга болбойт.

- Кыргызстандын жаш футболчуларына кандай көңүл бурулууда?

- Азыркы маалда жаш футболчуларга да көп басым жасап жатабыз. Азыркы маалда 16 жаштагы оюнчуларыбыз Эмиратта мелдешке катышууда. Кечээ алар талаа ээлерине 2:0 эсебинде жеңилип калышыптыр.

Алдыды аларды Амман курамасынын футболчулары күтүүдө. Кыргызстандын футбол тарыхында бир жыл ичинде өлкө командалары мынча көп мелдешке катышкан эмес. Ошондуктан биздин рейтинг өсүүдө.
XS
SM
MD
LG