Мелдеште күмүш медалды Сергей Поренко жеңип алса, Акматали Мадалиев, Азамат Калмаматов жана Эрмек Сакенов коло медал тагынышты. Натыйжада курама боксчулары бир алтын, бир күмүш жана үч коло медалдын ээси болушту.
Чет өлкөдөгү кыргыз футболчуларынын саны өсүүдө
“Абдыш-Ата” клубунун оюнчусу Антон Землянухин мындан ары кайрадан Түркиянын “Гиресунспор” командасында оюн көрсөтмөкчү. Учурда ал Түркияда машыгууларын баштады. Буга чейин Антон Землянухин өлкө чемпионатында мөөрөй талашып, “Дордой-Динамо” менен болгон финалдык таймашта эки голдун автору болгон.
“Абдыш-Ата” клубунун эки оюнчусу учурда Украинанын “Киев-Динамо” футбол мектебинде билим алууда. Андан тышкары кыргыз футболчуларынын ичинен “Дордой-Динамонун” оюнчусу Азамат Байматов Латвиянын “Винспилс” клубунда, “Абдыш-Атанын” тарбиялануучусу Эмил Кенжесариев Казакстандын “Актөбө” командасында оюн көрсөтүп келишет.
Кикбоксчулардын арышы байкалбайт
57 кг салмактагы кикбоксчу Мирбек Сүйүнбаев Италиянын Лигнано Саббиадоро шаарында өткөн дүйнө чемпионатында ийгиликке жете алган жок. Ал алгачкы эле таймашында түркиялык спортчуга бир упай айырмачылыгында жеңилип калган.
Мирбек Сүйүнбаев жакында эле Австралияда өткөн Эл аралык турнирде кыргыз спортчуларынын ичинен жалгыз коло медалды жеңип алып, бул биринчиликке жолдомо алган. Белгилеп өтсөк Сүйүнбаев акыркы эки жылда эч бир турнирге катышкан эмес, буга чейин ал кикбокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.
Кыргыз хоккейчилери кайрадан муз майданында
Казакстандын “СКИФ” клубунун хоккейчилери менен Кыргызстандын “Хан-Тенгри” клубунун ортосунда жолдоштук беттешүү болду. Оюн шаардык муз майданында өтүп, кызуу таймаш менен коштолду. Жыйынтыгында 7:3 упайы менен Алматанын командасы жеңишке жетти.
Негизинен хоккей Казакстанда 50 жылга чукул убакыттан бери ойнолуп келет. Ал эми Кыргызстанда бул спорт алгачкы кадамдарын жасоодо, ийгиликтери да жаман эмес. “Жакынкы жылдары өлкө командалары коңшу мамлекеттердин чемпионатына катышат деп үмүттөнөм”, деди Казакстандын Хоккей федерациясынын башчысы Сергей Шавернев.
Кыргызстандын хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов жакын арада мыкты оюнчулар тандалып, курама команда түзүлөт деп билдирди.
- Хоккей оюнун жайылтуу жана өркүндөтүү максатында ушул жолдоштук беттешүүнү өткөрдүк. Келечекте бул багытта башка командалар менен дагы карым-катнашты күчөтсөк деген максаттабыз. Жакын арада болсо хоккей боюнча өлкөнүн курама командасын түзмөкчүбүз. Январь айында кайрадан хоккей мелдештери башталып, жаңы сезонду ачабыз.
Бир шиңгил кабарлар:
2-6-декабрда Кант шаарында кичи футбол боюнча кыргыз командалардын катышуусунда Казакстандын ачык чемпионаты өтөт.
5-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттун чебери Камиля Арсланованын элесине арналган Эл аралык мелдеш өтмөкчү.
6-декабрда шаардык ботаникалык бакчада панфиловчу баатырлардын элесине арналган жеңил атлетика боюнча жарыш болот.
6-декабрда Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде будо каратэ боюнча Бишкек шаарынын мэринин Кубогу өтөт.