Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Нукус окуясына эки жыл. Эмне өзгөрдү?


Каракалпакстан автоном республикасынын суверендүүлүгү жана Өзбекстандын курамынан чыгуу тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы митингдерди бийлик күч менен басып, аягы кандуу калабага айланган Нукус окуяларына туур эки жыл болду.

Расмий маалыматтар боюнча 2022-жылдын 1-3-июлундагы кандуу калабада 21 киши каза болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган окуядан кийин Ташкент элдин пикири менен эсептешерин айтып, талаштуу өзгөртүүлөрдөн баш тарткан.

Бирок митингчилерди катуу жазалап, каракалпак активисттерине кысымды күчөтүп, жумурияттын эгемендүүлүгүн жактаган уюмду мыйзамсыз деп тапты.

Эгемендикти жоюуга каршы нааразылык

Өзбек бийлиги 2022-жылы референдумга сунуштаган Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүүлүгү жана Өзбекстандан бөлүнүп чыгуу укугу тууралуу беренелердин жоктугу каракалпакстандыктардын нааразычылыгын жаратты.

Каракалпак элинин пикирин эске алуу талабы менен тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат алганын айткан юрист Даулетмурат Тажимуратовдун кармалышы нааразылык акцияларынын күчөшүнө алып келди. Каракалпакстандын Нукус, Мойнoк, Шымбай жана башка райондорунда эл жапырт митингге чыкты.

Нукустагы нааразылык акциясы. 2022-жылдын июлунда социалдык тармактарда жарыяланган видеонун скриншоту.
Нукустагы нааразылык акциясы. 2022-жылдын июлунда социалдык тармактарда жарыяланган видеонун скриншоту.

Көчөгө агылган элдин талабынан кийин Тажимуратов бошотулганы менен бийлик эл менен диалог курууга эч кандай ынтызарлык көрсөтпөй, эски ыкманы колдонуп, нааразы болгон элди күч менен токтотууга белсенген.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясы аянтта турган жарандарга ок аткан. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, Нукустагы окуяда 21 адам каза болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Бирок укук коргоочулар каза болгондордун саны алда канча көп экенин айтышууда.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашык башкарган автократ Ислам Каримов каза болгондон кийин 2016-жылы бийликке келген президент Шавкат Мирзиёев алгач өлкөдө реформаларды жарыялап, өзгөрүүлөрдү жасоого чечкиндүү экенин көрсөтүүгө аракет кылган.

"Элдин көйгөйүн түшүнгөн, үнүн уккан лидер" деп айрымдар мактаган Мирзиёевдин "жылуу" саясаты чектелүү экенин Нукус окуясы көрсөттү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын тургундары менен жолугушууда. Нукус, 3 июль, 2022 жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын тургундары менен жолугушууда. Нукус, 3 июль, 2022 жыл.

2022-жылы 3-июль күнү Нукуска барган Мирзиёев митингди куралдын күчү менен басып, "Конституциядагы Каракалпакстандын статусу жөнүндөгү беренелер өзгөрбөйт" деп кесе айткан. Ал эми былтыр 30-апрелде Өзбекстанда референдум өтүп, жаңы кабыл алынган Конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоого дагы эки жолу катышуу укугуна ээ болуп, бийликтеги мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылган.

Референдумга Каракалпакстандын статусу боюнча кошумчалар киргизилген жок. Бирок эксперттердин баамында, өзбек бийлиги кадимки репрессиялык реалдуулукка кайтып келди.

Нукус окуяларынан кийинки жаза

Укук коргоочу Галым Агелеуов Нукус окуясынан кийин канча адам абакка кесилгенин так айтуу кыйын дейт. Анын айтымында, Каракалпакстанда жеке сот жараяндарына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Эл аралык уюмдар негизги сот жараяндарына гана байкоо жүргүзө алышaт.

"Бухарада 39 жана 22 каракалпактын соту болгон. Негизги жараяндар ушул экөө. Мындан башка да соттук отурумдар болду. Бирок алар Каракалпакстандын өзүндө болуп, көбүнесе байкоочулардын катышуусуз өттү", - дейт Агелеуов.

2022-жылдын 14-декабрында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукус окуясы боюнча 171 адамга кылмыш иши козголгонун билдирген. Бухара шаарында 22 адамдын иши боюнча соттук отурум өттү. "Эл кызматында" гезитинин журналисти, юрист Даулетмурат Тажымуратовго "Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган", "массалык баш аламандыктарды уюштурган", "бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурган" деген айыптар тагылып, 16 жылга эркинен ажыратылган.

Каракалпак активист, журналист, юрист Даулетмурат Тажимуратов Жогорку сотто турат. 5-июль, 2023-жыл
Каракалпак активист, журналист, юрист Даулетмурат Тажимуратов Жогорку сотто турат. 5-июль, 2023-жыл

15 киши 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылган. Калгандары ар кандай мөөнөткө шарттуу кесилген. 39 айыпталуучунун 28и 5 жылдан 11 жылга чейин, 11 киши 5 жылга кесилген. Апелляциялык соттон кийин 16 айыпталуучунун жазасы жеңилдетилген. Жети кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калган.

Кандуу калабада мыйзамды бузуп "митингчилерди кыйнаган" деп айыпталган Ички иштер министрлигинин үч кызматкерине 3 жылдан 7 жылга чейин жаза чегерилди.

Укук коргоочулар Каракалпакстандагы жарандардан тышкары жумурияттын эгемендиги жана көз карандысыздыгы боюнча өз пикирин ачык айткан, чет өлкөдө жашаган активисттерге да ар кандай айыптар тагылып, жазалоо аракети болуп атканын айтышууда. Мисалы, Ташкенттин өтүнүчү менен бир нече каракалпак активисттери кармалып, Казакстанда камакка алынган.

Сот бийликти сындаган уюмга тыюу салды

Быйыл 6-июнда "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фондунун" сайтында Каракалпакстанда алты жылга эркинен ажыратылган активист Парахат Мусапаровдун 30-майдагы өкүмүнөн үзүндү жарыялады. Активистке коюлган айыптардын арасында "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө кийлигишүү" беренеси камтылган. Өкүмдө Өзбекстандын Жогорку соту быйыл 22-февралда каттоодон өтпөгөн "Алга, Каракалпакстан" партиясын "экстремисттик уюм" деп таап, анын өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салганы айтылат.

Аталган партиянын лидери, учурда Норвегияда жашаган Аман Сагидуллаев өзбек сотунун уюмга каршы чыгарган чечиминен кабары жок экенин айтууда.

Аман Сагидуллаев
Аман Сагидуллаев

"Өзбекстандын Жогорку соту "Алга, Каракалпакстан" демократиялык партиясын "экстремисттик" деп тааныган өкүм чыгарганы кабарланды. Бирок биздин кабарыбыз жок. Мага эч ким соттун чечимин берген жок. Мен бул тууралуу "Түркмөн Хельсинки фондунун" сайтынан окудум", — дейт Аман Сагидуллаев.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылы 2008-жылы түзүлгөн. Кийинчерээк уюм партия катары катталууга бир нече жолу аракет кылган, бирок бардык аракеттерден майнап чыккан эмес. Сагидуллаевдин айтымында, ал акыркы жолу 2019 жана 2020-жылдары партияны каттоодон өткөрүү боюнча арыз менен Каракалпакстандын Юстиция министрлигине кайрылган. Бирок бийлик уюмдун билдирүүсүн кабыл алган эмес.

"Алга, Каракалпакстан" демократиялык партиясынын максаты Өзбекстан менен Каракалпакстандын ортосундагы таңкыстыкты Өзбекстан менен Каракалпакстан Конституциясынын негизинде, тынчтык жол менен, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү. Бул жерде кандай экстремисттик идея болушу мүмкүн?" - дейт Аман Сагидуллаев.

Ал каттоодон өтпөгөн партиянын 10 миңден ашуун мүчөсү бар экенин кошумчалады.

Казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуов Өзбекстан сотунун "Алга, Каракалпакстан" партиясын "экстремисттик" деп тааныган чечими Казакстандагы "Казакстандын демократиялык тандоосу" (КДТ) кыймылына чыгарылган соттун чечимине окшош экенин белгилейт. 2018-жылы Казакстандын соту бозгундагы мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды "экстремисттик уюм" деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Европарламенттин резолюциясы кыймылды тынч саясий уюм деп атайт. Бул эки коомдук уюмга тыюу салуу боюнча эки өлкөнүн сот органдары чечимин эч жерде ачык жарыялай элек.

Галым Агелеуов
Галым Агелеуов

"Европарламент "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик уюмдарга тиешеси жок (тынч саясий кыймыл) деп тааныган. "Алга, Каракалпакстан" да ушундай эле уюм. Анын лидери Аман Сагдуллаев Норвегияда жашайт. Ал ошол жактан Ютуб каналына чыгат. Конституцияга ылайык, ал эгемендүүлүк жөнүндө Каракалпак элине кайрылат. "Колубузга курал алып, согушалы" деп эч качан айткан эмес", - дейт Галым Агелеуов.

"Freedom for Euroasia" эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү Назгүл Сейитбек "Алга, Каракалпакстанга" өзбек бийлиги тарабынан тыюу салынганы тууралуу маалымат мындан беш жылдай мурун чыга баштаганын айтат. Башкача айтканда, оппозициячыл партияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын "экстремисттик" деп таануу Өзбекстанда эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, Орусияда болгон.

Назгүл Сейитбек
Назгүл Сейитбек

"Ташкент бул жерде жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жок. Өзбек бийлигинин "Алга, Каракалпакстанды" "экстремисттик" деп таануусу каракалпактардын эгемендүүлүк боюнча референдум өткөрүү сыяктуу демилгелерин алдын алуу болуп саналат. Негизи эки өлкөнүн Конституциясына ылайык референдум маселесин талкуулоого эл укуктуу. Бирок бийлик буга тыюу салат", - дейт Назгүл Сейитбек.

Укук коргоочу Виталий Пономаревдин айтымында, Парахат Мусапаров "тыюу салынган "Алга, Каракалпакстан" партиясынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкен" деген айып менен сот жообуна тартылган биринчи активист. Ал келечекте "аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө аралашкан" деген шылтоо менен активисттерге кысым күчөп, кылмыш иштери көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.

12-июнда "Азаттыктын" казак кызматы Өзбекстандын Жогорку сотуна "Алга, Каракалпакстан" партиясына тыюу салуу боюнча чечимдин жагдайын сурап кат жолдогон. Бирок азырынча жооп келе элек.

"Казакстан ортомчулук сунуштаган"

"Алга, Каракалпакстандын" лидери Аман Сагидуллаев Нукус окуясы учурунда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ортомчу болууну сунуш кылганын, өзбек тарап сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын айтат.

"Мага Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен адамдар кайрылышты. "Өзбекстан менен сүйлөшүүгө даярсызбы?" деп сурашты. Мен даяр экенимди жана беш активист менен бара аларымды айттым, Өзбекстанга эмес, Европанын каалаган өлкөсүнө барууга болорун айткам. Бирок Өзбекстан сүйлөшүүлөрдөн баш тартты. Биз Алматыда же Астанада сүйлөшүүлөргө барууга даяр болчубуз", - дейт Аман Сагидуллаев.

"Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын Тышкы иштер министрлигине Сагидуллаев айткан сунуштун чоо-жайын сурап расмий кат жолдогон. Бул макала жарыяланганга чейин эч кандай жооп келген жок.

  • 1924-жылы Каракалпакстан автоном облусу түзүлгөн.
  • 1925-жылы Каракалпак автоном облусу Казак АССРинин (ал кезде Кыргыз АССРинин) курамына кирген.
  • 1930-жылы Каракалпакстан РСФСРдин курамына өтүп, кийинчерээк Каракалпакстан АССРи түзүлгөн.
  • 1936-жылы Каракалпакстан АССРи Өзбек ССРинин курамына кирген.
  • 1990-жылдын 14-декабрында Каракалпакстан АССР Жогорку Кеңеши "Каракалпакстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларацияны" кабыл алган.
  • 1992-жылы 9-январда Каракалпакстан АССРинин аталышы "Каракалпакстан Республикасы" деп өзгөртүлгөн.
  • 1993 жылы 9-апрелде Каракалпакстан Конституциясы кабыл алынган.
  • 1993-жылы бекитилген келишимде Каракалпакстан 20 жыл Өзбекстандын курамында болору, андан кийин референдум аркылуу анын курамынан чыга ала тургандыгы бекитилген.

Freedom for Euroasia эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү Назгүл Сейитбек Нукус окуясы ачык иликтенбегенин, аны иликтөө үчүн өзбек бийлиги түзгөн мамлекеттик комиссия өз корутундусун жарыялай электигин айтат.

"Азырынча комиссиянын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Алар чыгарабыз деп убада беришкен, бирок аткарышкан эмес. Бул комиссиянын курамына Акыйкатчы (Өзбекстандын адам укуктары боюнча комиссары) жана орун басарлары кирген", - дейт Назгүл Сейитбек.

Укук коргоочулар Нукус окуясы боюнча соттолгондордун басымдуу бөлүгүнүн өкүмдөрү коомчулук үчүн жабык экенин айтышууда.

Макаланы "Азаттыктын" казак кызматы даярдады. Аны орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG