Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Спорт: Мушкерлер эл аралык мелдеште 4 алтын алышты


2009-жылы, 25-январда Эл аралык бокс мелдеши өткөн
2009-жылы, 25-январда Эл аралык бокс мелдеши өткөн

Алмата шаарында өткөн Искендер Хайрудинов атындагы эл аралык мелдешке Кыргызстандын жаштар курамасы катышты. Өлкө намысын коргогон сегиз боксчунун үчөө финалга чыгып, атаандаштарын жеңип, алтын медалдын ээси болушту. Коңшу өлкөдө кыргыз гимнин ойноткон мушкерлер Руслан Калилов, Даанышман Самаган уулу жана Нурдин Маткасымов болду.

Ошол эле маалда Тажикстандын баш калаасында өткөн уландар арасындагы мелдеште Нурсултан Исаков алтын медал жеңип алды. Ал 60 кг категориясында күч сынашып, беш атаандашын тең жеңүү менен баш байге ээси болду.

Футбол: “Дордой-Динамонун” арышы күч

Нарындын “Дордой” клубунун чабуулчусу, учурда Латвиянын “Венспилс” курамасында ойноп жаткан Азамат Байматов 2010-жылы кайсы команданын намысын коргору январда билинет.

“Дордой-Динамонун” машыктыруучулары жакында өтүүчү КМШ Кубогунда Азаматты өз курамасында ойнотууну пландаштырууда. Андыктан Байматовдун келечеги “Шериктештик” кубогунан кийин билинет.
Ошол эле маалда “Дордой-Динамонун” алдыңкы чабуулчусу Мирлан Мурзаев Москвада. Ал Орусиянын “Локомотив” клубунда көргөзмө оюндарга катышууда. Эгер ал команданын машыктыруучуларынын сынына толсо, “Локомотивдин” катарын толукташы мүмкүн.

Бишкектин балбандары аныкталды

Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча борбор шаардын ачык чемпионаты өттү. Турнирге жогорку окуу жайлардан, спорт клубдардан жана мектептерден 100 чакты балбандар катышып, жети салмак боюнча күч сынашты.

Натыйжада 50 кг салмакта Азат Мусалиев, 55 кг салмакта Батырбек Жаанбаев, 60 кг категориясында Михрат Максатов, 66 кг салмагында Арсен Айылчиев, 74 кг Бахтияр Көбөнов, ал эми эң оор салмакта Мухаммед Оразов чемпион аталып, баалуу белектер менен сыйланышты.

“Көк жылгаяк – 2009” мелдеши уланат

Бишкек шаарындагы муз майдандардын биринде өлкө тарыхында биринчи ирээт көркөм муз тебүү боюнча “Көк жылгаяк” мелдеши өттү. Иш-чара Кыргызстан улуттар ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, ар улуттун өкүлдөрүнөн турган командалар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мелдеште негизинен спорт ышкыбоздору мөөрөй талашып, алардын жалпы техникасы жана артисттик өнөрү бааланды.

Алгачкы ирээт уюштурулса да, мелдеш жакшы деңгээлде өттү, дейт Кыргызстан калкынын ассамблея кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева:

- Мелдеш жалпысынын бир жарым саатка созулуп, тогуз түгөй күч сынашты. Биринчи орунга Корея этникалык тобунун спортчулары жетсе, экинчиге Орусиянын “Гармония” маданият борборунун өкүлдөрү татыса, үчүнчү тепкичке Кабардин-Балкардын жаштары көтөрүлүштү. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Кубок ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Азыркы маалда Бишкекте муз майдандар көбөйүп жатат. Мындай ийримдерге балдар активдүу катышса, келечекте ийгиликтер жаралат деп ишенем. Негизгиси ишти уюштура билүү зарыл.

21-27-декабрга белгиленген спорттук иш-чаралар:

26-27-декабрда стол тенис борборунда “Топ-12” мелдеши өтөт.

26-27-декабрда республикалык шахмат клубунда Акылбек Муратбековдун элесине арналган биринчилик өтмөкчү.

27-декабрда шаардык ботаникалык бакчада жеңил атлетика боюнча жаңы жылдык кросс өтөт.
XS
SM
MD
LG