Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Жаштар Олимпиадасына төрт спортчу жолдомо жеңди


Кыргызстандын футбол чемпионаты жанданды. Өзбекстанда өткөн мелдеште үч балбан, Азербайжандан бир мушкер жаштар Олимпиадасына жолдомо алышты

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты уланууда

Быйылкы жылдын биринчилиги үчүн алты команда мөөрөй талашууда. Өткөн жумада жогорку лигадагы клубдар арасында үч беттешүү болуп өттү. Кочкор-Атанын “Нефтичи” клубу беттешүүлөрдүн жүрүшүндө алдынкы командалардын упай топтоосуна эч мүмкүндүк берген жок. “Нефтичи” - “Абдыш-Ата” оюну 0:0 упайында аяктаса “Шер” жана “Дордой-Динамо” клубдары менен болгон таймаш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Белгилеп өтсөк, Кыргызстандын быйылкы чемпионатында тогуз команда мөөрөй талашып баштаган. Бирок апрель ынклабынан кийин “Алай-Ош", “Жаштык - Кара-Суу" жана “Ак жол-Араван" клубдары ар кандай себептерлен улам биринчилике катышуудан баш тартышты.

Балбандар Олимпиадага үч жолдомо жеңишти

Өзбекстанда грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча жаштар арасында ири мелдеш аяктады. Анда Индия, Кытай, Казакстан, Түштүк Корея, Сингапур, Жапония өлкөлөрү баштаган 19 кураманын спортчулары мөөрөй талашты. Кыргызстандын намысын коргогон Урмат Аматов алтын, Шадыбек Сулайманов күмүш, ал эми кыздар арасында мөөрөй талашкан Айша Акбарова 46 кг. салмакта коло байгенин ээси болду. Бул мелдеште алдынкы үч орунга ээ болгон спортчулар августа айында Сингапурда өтчү 1-жаштар Олимпиадасына жолдомо ээси болушту.

И. Далибаев дүйнө чемпионатында коло байге утту

Азербайжандын Баку шаарында жаштар арасында дүйнө чемпионаты аяктады. Анда өлкө намысын алты спортчу коргоду. Натыйжада Исламжан Далибаев пуэрторикалык, таиланддык жана израилдик спортчуларды жеңип, жарым финалык таймашта өзбек спортчусуна утулуп калгандыктан коло байгенин ээси болду. Муну менен катар мушкер И.Далибаевге 1-жаштар Олимпиадасына жолдомо ыйгарылды. Белгилеп өтсөк бул дүйнө биринчилигине 100 чакты өлкөдөн, 500дөн ашуун спортчулар катышты.

Дүйнө биринчилигинин жыйынтыгы Кыргызстан курамасы үчүн жакшы көрсөткүч деп белгиледи ага-машыктыруучу Адылхан Бекболотов:

-Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында Адилет Бикеев, Нурсултан Пазылов, Самаган уулу Даанышман, Ислам Далибаев, Нурдин Маткасымов жана Нурбек Абыласов аттуу алты спортчу өлкө намысын коргошту. И. Далибаев коло, ал эми Н. Пазылов бешинчи орунга татыды. Абыласов аттуу мушкерибиз биринчи таймашта дүйнө чемпионун жеңип, сенсация жаратты. Тилекке каршы ал экинчи оюнда жеңилип калды.

- Акыркы жылдары Кыргызстандын мушкерлери кандай ийгилике жетип келишти эле?

-2005-жылы Айбек Абдымомунов жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. 2007-жылы Жавлон Усманов бул биринчиликте коло байге ээси аталган. Бул ирээт кайрадан үчүнчү орунга ээ болуп отурабыз. Быйылкы чемпионат өтө оор болду. Бул ирээт коңшу Казакстандын спортчулары байгелүү орунга татыган жок.

- Жаштар курамасын алдыда кайсы мелдештер күтүүдө?

-Биздин мушкерлер Азия жана дүйнө биринчилигене катышып келишти. Ошондуктан алдыда расмий мелдештер болбойт. Бирок Казакстан, Орусия жана Өзбекстанда Эл аралык мелдештер белгиленүүдө. Спортчуларыбыз ошол турнирлерде өлкө намысын коргошот.


Ушул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

  • 3-9-майда шаардык китепканада Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгана карата шахмат тунири өтөт.
  • 4-5-майда Шераалы Сыдыков атындагы спорт окуу жайында гимнастика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болот.
  • 5-6-майда Жогорку лигадагы «Дордой» (Бишкек) - «Алга» (Бишкек) жана «Абдыш-Ата» (Кант) - «Шер» (Бишкек) клубдары мелдешке чыгат.
  • 8-9-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында Иван Панфиловдун элесине арналып грек-рим курөшү боюнча Эл аралык турнир өтмөкчү
  • 8-9-майда №99 лицейде будо-карате боюнча өлкө биринчилиги өтөт
  • 9-майда майрамдык салтанатка арналып Бишкек шаарында авто жүрүш болот
  • 9-майда Ата-Түрк паркындагы спорт базада ат спорту боюнча турнир өтмөкчү
XS
SM
MD
LG