Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Кыргызстандык спортчулар Казандан байгелүү кайтышты


13-сентябрда Казан шаарында өткөн уландар жана кыздардын 2-Евразия спорт оюндарында кыргызстандыктар 19 медаль утуп, олжолуу келишти.

4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Казанда 13 жаштан 17 жашка чейинки уландар жана кыздар арасында 2-Евразия спорт оюндары өттү. Мында Орусия, Казакстан, Украина, Белорус, Тажикстан жана Кыргызстандын жети жүздөй улан-кыздары спорттун 13 түрү боюнча мөрөй талашты.

Кыргызстандык жаш спортчулар каражаттын тартыштыгынан спорттун 5 түрү боюнча таймашууларга катышып, 3 күмүш жана 16 коло байге утуп, тажрыйба топтоп келишти.

Өлкөдө боксту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мамыт Акеровдун айтымында, кыргызстандык жаштар 3 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, келечегинен үмүткөр кылып, 2016-жылы олимпиадага талапкер болушарын айгинелеп коюшту.

Жеңил салмакта боксчу Алтынбек Акимбаев, 52 кг салмакта Эржан Тургумбеков жана 60 кг салмакта Данияр Дамирдин финалга чейин жетип, экинчи орундарды ээлеп, күмүш байгелүү болушту.

Бокстан коло байгени Автандил Аманбийик (46 кг), Самаган Нургазы (50 кг), Искендер Айтмаматов (54 кг.), Эрлан Ысыраилбеков (57 кг) жана Баяман Ильясов (63 кг) утуп алышып, тажрыйба топтой алышты.

Казандагы уландар жана кыздардын 2-Евразия спорт оюндарында кыргызстандыктар балбандар грек-рим күрөшүндө 5 коло байге утуп алышты. Жаш уландардын ийгиликтери чоң спорттун эшигин ачып, тагдырын спортко арнашаарын өлкөдө күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси, даңазалуу балбан Жеңиш Дөңбаев “Азаттыкка” айтып берди.

Грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткандар Нурсултан Эрназаров (50 кг), Эсен Асан уулу (58 кг), Низаметдин Мажидов (63 кг), Мухаммед Умурзаков (69 кг), Камбар Жоробеков (100 кг) үчүнчү орунду ээлеп, келечекте Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдей олимпиадалык байгелүү орундарга жетсек деп тилек кылышууда.

Уландар жана кыздардын 2-Евразия спорт оюндарында кыргызстандыктар жаш дзю-до чеберлери да 3 коло медалдын ээлери болушту. Жаштарга үлгү болгондор: Владислав Слепнев (55кг), Алишер Кожоев (73 кг) жана Кубан Топчубаев (81кг) коло медаль тагынып келишти.

Жеңил атлетика мелдештеринде бишкектик Анна Буланова үч аттап секирүүдөн жана 100 метрге жарыштан үчүнчү орунду ээлеп, 2 коло байгелүү болду.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, жаш спортчуларга азыртан камкордук көрүп, аларга шарт түзүп, ушундай ири мелдештерге жиберип, аларды такшалдырып, чеберчилигин жогорулатып туруу зарыл.

Себеби каражаттын тартыштыгынан Казандагы уландар жана кыздардын 2-Евразия спорт оюндарында кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча гана катышууга аргасыз болушту.
XS
SM
MD
LG