Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Анталияда чоюн билек балбандар күч сынашууда


Анталияда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты, Алматыда бокс мелдеши жана башка эл аралык спорттук таймашуулар болууда.

Ысык-Көлдөгү спорттун беш түрүнөн мелдеш

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Юрий Хоришкону эскерүү эл аралык мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мөрөй талашууга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 70 спортчусу катышып, күч сынашты.

Улуулар арасында спорттун беш түрү боюнча баш байгени кыргызстандык Никита Кузнецов жеңип алды. Казакстандык Евгений Тюбинков менен Леонид Зимаров экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи. Уландар арасындагы таймашууларда кыргызстандык Никита Кузнецов баш байгенин ээси болду.

Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасынын катышуучусу, бишкектик Ильяс Бактыбеков өз курбулары арасындагы мелдештерде биринчи орунду ээледи. Казакстандык Владимир Шербенов менен Денис Тюрин экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Спорттун беш түрү боюнча мелдештерде кыздар арасындагы кыргызстандык Валентина Нагорная биринчи орунду ээледи. Казакстандык Александра Купрянова экинчи орунду ээледи. Жалпы командалык эсептеги таймашууда казакстандыктар биринчи орунду жеңип, олжолуу кетишти.

Түркиядагы оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка 5 кыргыз балбаны катышып жатат. Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Өмүржан Молдодосовдун айтымында, Анталиядагы дүйнө чемпионатында 25-орунга чейинки балбандарга Лондон олимпиадасына жолдомого упай берилет.

Мында кыргызстандык Бекзат Осмоналиев 12-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомого упай топтой алды. Ал 56 кг салмактагы балбандар менен күч сынашып, 141 кг оордукту түртүп, 115 кг салмакты жулкуп көтөрүп, 256 кг салмакты багындырды.

Дүйнө чемпионатынын эң жаш катышуучусу, он алты жаштагы Изат Артыков байгелүү орунга жетпесе да эл аралык адистердин көңүлүн бурду.

Алматыдагы эл аралык бокс таймашы

Алматыда өтүп жаткан Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Искендер Хасановду эскерүү эл аралык мелдешинде кыргызстандык үч жигит жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болушту. Алар: 59 кг. салмакта Азат Үсөналиев, 75 кг. салмактагы Руслан Кайыпов жана 91 кг. салмактагы Сергей Паренко үчүнчү орундарды ээлеп, коло медаль тагынды.

Бокс боюнча башкы машыктыруучу Адыл Бекболотовдун Алматыдан билдиргенине караганда 81 кг. салмактагы Чыңгыз Борбашев финалга чыгып, баш байгеге талапкердин бири болду. Жеңүүчүлөр 22-сентябрда анык болмокчу.

Сулуулардын теннис мелдеши

Бишкекте кыз-келиндер арасында чоң теннис боюнча «Bella cup-2010» эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. 35 жашка чейинки курактагылардан баш байгени бишкектик Сабина Корсунова жеңип алды. Бишкектик Айзада Мамыралиева күмүш байгелүү болду. 35 жаштан жогорку курактагылардан бишкектик Наталья Клименко биринчи орунду камсыз кылды.

Саруулук Рустам Шамбетовду эскерүүгө арналган мелдештер

Жети-өгүз районунун Саруу айылында 7-апрелде Ала-Тоо аянтында ыңкылап учурунда курман болгон Рустам Шамбетовду эскерүүгө арналган футбол, көк бөрү жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өттү.

Грек-рим күрөшү боюнча таймашууларга Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Кызыл-Кия шаарларынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 20 команда келип, үч жүздөн ашуун жаш балбан күч сынашты. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмазбек Касеновдун айтымында, Саруудагы мелдеш курч мүнөздө болуп, жаш балбандар сындан өттү.

Азиянын аскага чыгуучулары

Кытайдын Чанджу шаарында аскага чыккан спортчулардын арасында Азия чемпионаты өтүп, 12 өлкөнүн 90 өкүлү мөрөй талашты. Жуп болуп аскага чыгууда кыргызстандык Екатерина Боголюбова менен Александр Аксенов тогузунчу орунду ээледи. Аскага жекече чыгууда кыргызстандык Екатерина Боголюбова сегизинчи, эр-азаматтардан Артем Авдеенко – он биринчи орунга илинди.
XS
SM
MD
LG