Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Көчө футболу боюнча ачык чемпионат өттү


Бишкек шаарында өспүрүмдөр командаларынын катышуусунда көчө футболу боюнча ачык чемпионат өттү. Ага балдар үйүнүн курамалары жана Бишкектин тегерегинен келген командалар катышты.

14 жаштагы Нурбек футбол оюнуна бир нече жылдан бери кызыгып келет. Ал клуб ичиндеги машыгууга барбайт, тек гана өзүнүн үйүнүн короосунда же мектептин футбол талаасында достору менен топ тебүүгө ар дайым даяр. Бүгүн ал балдарды коргоо борборунун курамына кошулуп көчө футболу боюнча биринчиликке катышууда.

- Бүгүн балдарды коргоо борборунун курамында ойноп жатам. Эки таймаш өткөрүп, баарында тең жеңишке жеттик. Мен кайсы бир командага барып машыгуу өткөргөн эмесмин. Убакыт болгондо достор менен тегеректеги футбол талааларга барып топ ойноп турчубуз. Футболго аралашкан сайын кызыгуу күчөп, машыгууңду уланткың келет.

“Дордой” футбол борборунда “Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” деген аталыштагы Бириккен Улуттар уюмунун долбоорунун алкагында көчө футболу боюнча өспүрүмдөр арасында ачык чемпионат өттү. Ага жети команданын оюнчулары катышып мөрөй талашты.

Мелдешке Сарбан, Көк-Жар, Кант курамалары, Сүрөт академиясы, балдарды реабилитациялоо, ошондой эле балдарды коргоо мекемеси жана Военно-Антоновка балдар үйүнүн өспүрүмдөр курамасы мөрөй талашты.

Турнирдин уюштуруучуларынын бири Анара Касымалиева мелдештин максатына токтолду:

- Көчө футболу Кыргызстан үчүн жаңы түшүнүк болуп жатат. Буга чейин биздин спортчулар кичи жана чоң футбол ойноп келишкен. 2006-жылдан бери көчө футболун колго ала баштадык. Алгач үй-жайы жок көчөдө жүргөн балдарды спорт аркылуу активдештирсек деген максатты көздөгөнбүз. Учурда ошол максатыбыз ишке ашып жатат деген ойдомун.

Көчө футболу боюнча өткөн бул биринчилик төртүнчү ирээт уюштурулууда. Бул спорт таймашында ар бир командадан 10 бала, беш кыздан чыгып, кадимки футбол таймашын өткөрүп, эки бөлүктүн жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып турду. Натыйжада Көк-Жар командасы биринчи, Сарбан экинчи, ал эми Кант шаары үчүнчү орунга татыды. Жеңишке жеткен команданын өкүлдөрү кубанычын жашырышкан жок.

Элдар: Бүгүнкү мелдеш жакшы деңгээлде өттү. Оюндар да курч мүнөзү менен эсте калды. Биз командабыз менен биргелешип жакшы оюн көрсөтүк. Жыйынтыкта чемпион аталдык.

Нура: Биз балдар менен аралашып ойноп, жакшы тажрыйба алдык. Биринчи орунга жетиш оңойго турган жок. Арабызда аялдардын “Азалия” клубунда ойногон кыздар бар. Биз да жакшы машыгуу өткөрүп, бул спорт менен аралашсак деген оюбуз бар.

Мелдештин уюштуруучулардын баамында спорт – өспүрүмдөргө туура жол көрсөтүп, ийгиликке жетүүгө кам көрөт. Муну эске алган эл аралык футбол федерациясы 2001-жылдан бери көчө балдары арасында футбол боюнча дүйнө чемпионатын уюштуруп келет.

Учурда көчө футболу дүйнөнүн 64 өлкөсүн бириктирүүдө. Алсак 2007-жылы Кыргызстандын балдар үйүнүн тарбиялануучулары дүйнө мелдешине алгачкы жолу катышып, жаңы курамалардын арасынан Кубок ээси аталган. Ал эми 2008-жылы Кыргызстан курамасы дүйнө биринчилигинин коло медалына татыган. Алдыда өлкө футболчулары Бразилияда өтө турган көчө футболу боюнча дүйнө Кубогуна катышат.

Көчө футболу боюнча ачык чемпионат өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
XS
SM
MD
LG