Жылдын мыкты футболчусу наамына үчүнчү ирээт “Дордой-Динамонун” коргоочусу Руслан Сыдыков татыктуу болду. Ал ошондой эле жылдын мыкты коргоочусу деп таанылды. Р. Сыдыковго сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы добуш берген.
Дордой-Динамонун ганалык чабуулчусу Девид Теттени күйөрмандардын кырктан ашык пайызы мыкты футболчу деп атап, экинчи орун алды. Ал эми жылдын мыкты машыктыруучусу болуп “Абдыш-Атанын” таптоочусу Нематжан Закиров аталса, мыкты дарбазачы наамы ушул эле клубтун спортчусу Максим Агапов ыйгарылды.
Жылдын мыкты жарым коргоочусу Вадим Харченко аталса, чабуулчусу наамына Мирлан Мурзаев татыды.
12-13 декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында оор атлетика боюнча турнир өттү. Москва олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ар аймактарынан жүз чакты балбандар катышты.
Казакстандык Дмитрий Стрига 77 кг салмакта чемпион наамына татыктуу болсо, анан жердештери Владимир Ершов 85 кг категориясында, Игорь Вашанов 105 кг салмактагы спортчулар арасында жеңүүчү болду.
Кыргыз балбандары 5 алтын медаль жеңип, командалык эсепте биринчи орунга чыкты. Бекзат Осмоналиев жулкуп жана түртүп көтөрүүдө 250 кг салмакты багындырып, эл аралык класстагы спорттун чебери наамына татыктуу болду. Султан Молдодосов баардыгы болуп 260 кг багындырып чемпион аталса, 69 кг салмакта өлкө намысын коргогон Камбар Токтоналиев 290 кг көтөрүп жеңүүчү аталды. Ошондой эле Руслан Капаев жана Алексей Дудин өз салмактарында мыкты экендигин көрсөтө алышты.
Кыргызстан оор атлетчилер курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөн Майназаров бул турнир чоюн билек балбандардын өсүп чыгышына чоң өбөлгө түзүүдө, дейт:
- Биз 11-декабрда Түштүк Кореядан учуп келдик. Азия кубогу жана жаштар арасындагы Азия биринчилигине катышкан кыргыз балбандары күмүш жана коло медалдарга татыктуу болушту. Кореядагы турнирлерде ийгилик жаратышкан Бекзат Осмоналиев жана Султан Молдодосов бул жактан да чемпион наамына татыктуу болушту. Алар Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеште алтын медаль тагынышты.
- Каныбек Осмоналиевдин турнири жаш спортчулардын өсүшүнө өбөлгө түзүүдөбү?
- Каныбек агайыбыз олимпиада жеңүүчүсү. Бул адам кыргыз спортунун туу чокусу. Демек анын байгесине арналган турнирде жеңишке жеткен спортчулар келечекте чоң ийгилике жетет деген үмүттөбүз. Бекеринен бул турнирге өспүрүм спортчулардан тарта өлкө курамасынын алдынкы балбандары катышкан жок.
- Курама команданын машыгуулары кандай жүрүүдө, алдыга карай кандай максаттарды коюп жатасыздар?
- Машыктыруучулар менен федерация жетекчилиги кеңешип командага жаш спортчуларды алып келдик. Алардын көпчүлүгү келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчулар. 2010-жылы Сингапурда өтө Азия оюндарында жана Лондон-2012 олимпиадасында өлкө намысын коргой турган чоюн билек балбандар тандалып алынды. Алар январь айынан тарта машыгууларын баштап, эл аралык мелдештерден өлкө намысын коргой башташат.
Бул турнирде кыздар арасында дагы биринчилик өтүп Жаңыл Атабекова, Адиля Байызова жана Элниза Бектенова жеңүүчү аталып, баалуу белектер менен сыйланышты.
- 15-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында кичи-футбол боюнча “Наристе” турнири өтөт.
- 20-декабрда Абдыш-Ата спорт борборунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ардагерлери арасында кичи-футбол чемпионаты болмокчу.
- 20-21-декабрда шахмат боюнча Акылбек Муратбековдун элесине арналган турнир өтөт.