Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Дордойчулар “Шериктештик” кубогунда беттешүүдө


Нарындык футболчулар бүгүн Финляндиянын "Интер" клубу менен таймашат
Нарындык футболчулар бүгүн Финляндиянын "Интер" клубу менен таймашат

“Дордой-Динамо” алгач Азербайжандын “Интер” командасы менен оюнга чыкты. Азербайжан чемпиондору он беш ирээт дарбазага топ кийрүүгө мүмкүнчүлүк алганы менен оюн 0:0 эсебинде аяктады.

Таймашта артыкчылык көрсөткөн дарбазачы Матяш бул оюндун мыктысы аталды. “Шериктештик-2009” кубогунун алкагында Азербайжан менен Кыргызстандын футболчулары буга чейин эки ирээт беттешкен эле. Биринде командалар тең чыкса, экинчисинде 6:0 эсебинде кыргызстандык “Жаштык-Ак-Алтын” клубу жеңилип калган.

Дордойчулардын экинчи беттешүүсү 18-январда өтүп, Латвиянын “Винтспилс” клубу менен футбол талаасына чыгышты. Эки таймдын жүрүшүндө алатоолук футболчулар Маку Кум менен Дэвид Тэтте атандаштарынын дарбазасына гол кийрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алышкан жок. Натыйжада оюн аягында кошумчаланган убакытта латвиялык футболчу Дордойдун дарбазасына гол киргизе алды. Муну менен эсеп 1:0 болуп, Латвиянын чемпиондору жеңүүчү аталышты.

Латвия менен Кыргызстандын чемпиондору буга чейин төрт ирээт беттешкен. Баарында тең Балтика футболчулары утуп адышкан. Эми Дордой-Динамо клубу 20-январда Финляндиянын “Интер” клубу менен таймашка чыгат.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аталды

Эркин күрөш боюнча чемпионат 17-18-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Мелдешке өлкөнүн ар аймактарынан келген 185 балбан катышып, жети салмак боюнча күч сынашты. Натыйжада Михаил Захаров, Турарбек уулу Нурлан, Надырбек уулу Нурлан, Батыр Базаров, Адылжан Акумов, Дмитрий Чуплан, Аял Лазарев өлкө чемпиондору аталды. Эми Кыргызстандын намысын жаш спортчулар коргошот дейт кураманын ага-машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов.

- Бул биринчиликте жаштарды сынап, мыктыларын курама командага кошконго аракет кылдык. Эми биз бул жаш уландар менен биргеликте Лондон олимпиадасына даярдык көрсөк деген максаттыбыз бар. Бээжин Олимп оюндарына катышкан спортчулардан Базар Базаргуриев гана курама командага мүчө болот. Ал эми калган спортчулар жаш муундун өкүлдөрү болмокчу.

- Кайсы спортчуларга ишеним чоң, кимиси жакшы ийгилик көрсөтчүдөй?

- 84 кг салмакта Айбек Усупов аттуу спортчубуз өзүн жакшы көрсөтүүдө. Ирии мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп ийгиликтерди жаратат деген ойдомун. Ошондой эле 96 кг категориясындагы балбандардын көрсөткүчү дагы жакшы. Илгиз Жакыпбеков деген жаш балбаныбыз да өсүп келе жатат. Буга чейин бир салмакта бир-эки эле мыкты спортчу болсо, азыр алардын саны көбөйүүдө.

- Алдыда курама команданы кайсы мелдештер күтүүдө?

- Курама командадагы спортчулардын машыгуулары Ысык-Көлдө өтөт. Андан соң Өзбекстанга эл аралык мелдешке жөнөйбүз. Ташкенттеги бул турнирге дүйнөдөгү мыкты балбандар катышканы турат. Биз ар бир салмактан экиден спортчуну алып барып таймашка чыгарабыз. Кимиси мыкты ийгилик жаратса Кыргызстан курамасынын мүчөсү аталып, өлкө намысын коргойт.

  • 23-24 январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
  • 23-25 январда бильярд спорту боюнча Кыргызстандын биринчилиги болмокчу. Ушул эле маалда Кожомкул спорт ордосунда болейбол боюнча Анатолий Грибановдун элесине арналган турнир өтмөкчү.
  • 24-январда Нарын обласынын Чаек айылында хоккей боюнча Эркинбет Матыевдин элесине арналган мелдеш башталат.



XS
SM
MD
LG