Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:46

Дордойчулар АФК президентинин кубогу үчүн күч сынашат


"Дордой-Динамо" Азия футбол конфедерациясынын эки жолу чемпиону болгон
"Дордой-Динамо" Азия футбол конфедерациясынын эки жолу чемпиону болгон

Май айында Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн турнирдин тандап алуу бөлүгүндө кыргыз футболчулары “С” тобунда беттешет. Бул мелдешке өлкө чемпиону “Дордой-Динамо” катышат.

Нарындын футболчулары Мьянманын “Камбавза”, Камбоджанын “Пномпень” жана Бутандын “Йетзин” клубтары менен беттешет. Белгилеп өтсөк, буга чейин “Дордой-Динамо” бул турнирди эки ирээт жеңип чемпион болгон. Ошондой эле эки жолу күмүш медал алган.

Апрелде Кыргызстан курама командасынын футболчулары Азия футбол конфедерациясынын чакыруу кубогунда мөөрөй талашмакчы.

Кураманын футболчулары “С” тобунда Афганистан, Непал жана Палестинанын спортчулары менен күч сынашат. Ал эми “А” тобунда Мьянма, Камбоджа, Бангладеш жана Монголия, “В” группасында Түркменстан, Филиппин, Бутан, Мальдиви, “Д” бөлүгүндө Шри-Ланка, Пакистан, Тайвань, Бруней өлкөлөрүнүн командалары мөөрөй талашышмакчы. Группа ичиндеги оюндарда биринчи жана экинчи орундарга татыган командалар финалдык бөлүкө жолдомо алышат. Бул кубоктун чемпиону 2010-жылы аныкталат. Жеңүүчү болгон курама команда 2011-жылы Катарда өтө турган “Азия Кубогуна” жолдомо алышат.

25-30-январга чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Эл аралык турнир болуп өттү. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бул турнирге 180 чакты боксчулар катышты. 35-ирээт өтүп жаткан мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай жана Кыргызстандын мушкерлери мөөрөй талашышты.

Боксчулардын катарында спорт чеберлигине талапкерлерден тарта Олимпиада оюндарынын катышуучулары дагы болушту. Чемпион наамына Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, кытайылык спортчу Канат Ислам, эки олимпиаданын катышуучусу Кыргызстандык Асылбек Таласбаев, ошондой эле Мирсаид Кулдашов, Өмүрбек Малабеков, Урмат Рыскелдиев, Чыңгыз Борбашев, Данияр Алымжанов өлкө намысын коргоо менен чемпион аталышты. Ал эми чет жактан келген спортчулардан Өзбекстандык мушкерлер Бахром Хидиров, Рустам Мустанов жана Умид Салаев мыкты спортчу экендигин аныкташып алтын медаль тагынышты. Ошондой эле Тажикстандан келген спортчу Миржамал Гиясов дагы жеңүүчү наамына татыды.

Кыргызстан курама командасынын ага-машыктыруучусу Адылхан Бекболотов бул турнирде мыкты мушкерлерди байкап жаткандыгына токтолду:

- Быйыл Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнир жакшы деңгээлде өттү. Коңшу мамлекеттерден мыкты спортчулар келишкен экен. Баардыгы тең жакшы оюн көрсөтүштү. Жылдын жаңырышы менен жаңы Олимпиадалык цикл башталды. Ошондуктан биз азыр курама командага жаңы, жаш спортчуларды тандап жатабыз. Союз маалында кыргыз боксчулары дүйнөлүк жана Азиялык деңгээлде чоң ийгиликтерди көрсөтүшчү. Биздин жаш спортчулардан дагы мыкты мушкерлер суурулуп чыгаарына мен ишенем. Эмгек кылсак, боксчулар менен жакшы иштешсек ийгилик болот.

- Курама команда спортчулары качан аныкталат?

- Март айында Кант шаарында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот. Ошол жерден дагы спортчуларды байкап, мыктыларын тандайбыз.

  • 5-7 февралда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жеңил атлетика мектебинин биринчилиги өтөт.
  • 7-8 февралда Нарын шаарынын мэринин байгеси үчүн хоккей боюнча чемпионат болот.
  • 7-9 февралда Бишкекте “Казакстан-Кыргызстан ” шахматчыларынын беттешүүсү болот. Эл аралык достук мелдешине эки өлкөнүн өспүрүм спортчулары катышат.
  • 8-февралда Кант шаарында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун футбол командаларынын ортосунда оюндар жүрөт.


XS
SM
MD
LG