Жеңил салмак спортчуларынын ортосунда өткөн таймаш тогуз раундга созулду. Биринчи бөлүктүн жүрүшүндө алган соккудан Раимкуловдун оң көзүнүн асты айрылса, үчүнчү раундда атаандашы де Марко сол көзүнөн катуу жарат алган. Бирок андан кийинки төртүнчү бөлүктөн тарта Антонио шамдагайлыгын көрсөтүп жакшы чабууларды жасоого жетишип жатты. Ал эми тогузунчу раунд аяктаганда Раимкулов мурдунан катуу жарат алгандыктан мелдеш токтотулуп Антонио де Марко жеңүүчү деп табылды.
2005-жылы Алмазбек Раимкулов жыйырма жеңиши жана бир тең чыгуусу менен чемпиондук титулга талапкер болгон мушкерлердин катарынду турчу. Бирок ошол жылдын октябрь айында ал Нейт Кэмпбелден жеңилүүгө учурап калган. Ал эми Нейт Кэмпбел азыркы кезде IBF жана WBO жааттарынын чемпиону наамынын ээси.
Чоң теннис: Ксения Палкинадан үмүт чоң
3-февралда Австралияда чоң тенис боюнча эл аралык Challenger турнири башталган. Анда Кыргызстандык спортчу Ксения Палкина өлкө намысын коргоп чыкты. Алгачкы беттешүүдө Палкина Австралиялык Анна Вишингди 7:5, 6:7, 6:4 эсебинде жеңүүгө жетишти . Андан кийинки таймашта Ксения WTA эл аралык рейтингинде 254-орунда турган Тасманиялык Монигуэ Адамзак менен күч сынашып, мелдеш курч мүнөөздө өттү. Натыйжада 7:5, 6:7, 6:3 упайы менен Кыргызстандын чоң тенисчиси ийгилике жетип, жарым финалдык беттешүүгө жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн болгон салгылашта тенисчи Палкина WTA рейтингинде 24-орунда турган АКШлык Абигали Спирс менен таймашты. Оюн 2:6, 2:6 упайы менен аяктагандыктан кыргыз спортчусу финалдык беттешке чыга алган жок.
Бирок алдыда Палкинаны ири мелдештер күтүүдө. Ал 11-февралда ушул эле Австралиядагы эл аралык турнирде кайрадан өз күчүн сынамакчы. Андан соң Ксения АКШда өтө турган ар кандай категориядагы беш мелдешке катышып өлкө намысын коргомокчу.
Ксения Палкина эл аралык WTA рейтингинде 184-орунду ээлеп турат. Азырынча бул кыргыз чоң тенисчилеринин эң чоң жетишкендиги.
Бишкекте биринчи ирээт профессионалык бокс боюнча турнир өтөт
15-февралда “Strong” бокс борборунда мушкерлер ортосунда таймаштар болмокчу. Бул турнирге профессиналдык бокска жаңыдан келген 8 түгөйдөн турган Кыргызстандык мушкерлер катышат. Алардын катарында буга чейин өлкө намысын коргоп келген Давран Хабиров сыяктуу алдыңкы спортчулар бар. Таймаштар 75кг салмактан жогорку категорияларда өтүп, эң оор салмактагы спортчулар ортосунда дагы беттешүүлөр болот.
Хоккей: өз жолу менен өнүгүп келатат
7-8-февралда Кыргызстанда хоккей боюнча турнир болуп өттү. Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдешке Жумгал районунан үч, Бишкек жана Нарын шаарынан бирден командалар катышып мөөрөй талашышты. Натыйжада мелдештин жеңүүчүсү болуп Жумгал районун “Тынаалы” командасы табылды. Күмүш байгеге Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” клубу татыса, үчүнчү орунга Чаектин “Тенти-Аке” командасы жете алды. Оюндун жеңүүчүлөрүнө жана мыкты спортчуларына атайын белектер табшырылды.
Кыргызстандын хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов спорттун бул түрү өнүгүү жолунда деген пикирин айтты:
- Нарын шаарынын мэриясы менен спорт комитети биргеликте бул турнирди өткөрүштү. Турнирге Жумгалдан, Нарындан жана Бишкектен баардыгы болуп беш команда катышып күч сынашышты. Мелдеш жакшы уюшкандыкта өттү. Оюндар дагы курч жана кызыктуу маанайда жүрдү.
Негизинен хоккей спорту жолунда десек болот. Себеби буга чейин мелдештер бир кана Жумгалда өтүп келген болсо, бул жолу Нарында дагы жакшы мелдеш уюштурдук. Жакында Бишкек шаарында дагы хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул турнирге азырынча төрт команданын катышаары күтүлүүдө.
- Сиздер жакында эле Орусияга барып, хоккей федерациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдиңиздер эле?
- Москвага барып, ал жерден Орусиянын хоккей федерациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар Кыргызстанга машыктыруучу адистерди даярдап берүүгө макулдугун беришти. Ошондой эле техникалык жактан жана спортчуларды окутуу жагынан дагы колдоо көрсөтөбүз деген макулдашууларга жетиштик. Жакынкы жылдары кыргыз хоккейи жанданып бул спорт менен машыккан жаштардын саны өсөт деген ойдомун.
Бир үзүм спорт жаңылыктары:

- 9-10-февралда Кожомкул атындагы спорт ордосунда жоокер-интернационалист Виталий Гордеевдин элесине арналган турнир өтөт. Мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстандан 300 чакты спортчунун катышышат.
- 13-14-февралда Кыргыз мамлекеттик дена тарбия жана спорт академиясынын спорт борборунда жеңил атлетика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.
- 14-февралда эркектер арасында шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болот.
- 14-февралда №62 мектепте дипломаттардын күнүнө арналган волейбол боюнча турнир өтөт.
- 14-февралда Кыргызстандын “Абдыш-Ата” клубу Казакстандын “Кайрат” командасы менен Алмата шаарында жолдоштук беттешүү өткөрүшөт.