"Абдыш-Ата” Ашхабатта күч сынайт
Түркмөнстандын президентинин кубогуна арналган мелдеште Канттын футболчулары “А” тобунда мөөрөй талашып, Латвиянын “Сконто”, Ирандын “Хеммат” жана Түркмөнстандын “МТТУ” клубдары менен беттешет.
Ал эми “В” группасында Тажикстандын “Парвоз”, Армениянын “Гедзасар”, Бахрейндин жаштар курамасы жана талаа ээлеринин “Ашхабат” командалары таймашат. Оюн 20-февралда башталып, жарым финалдык беттешүүгө ар бир группадан экиден команда чыгат. Мелдештин байге фонду 35миң долларды түзмөкчү.
Профессионалдык бокс боюнча таймаштар өттү
15-февралда Бишкек шаарындагы “Стронг” бокс борборунда Кыргызстандын мээлей чеберлеринин арасында беттешүүлөр болуп өттү. Профессионалдык бокска жаңыдан кадам таштаган спортчулардын арасында өткөн рейтингдик таймаш сегиз түгөйдүн ортосунда болду. 63,5 кг. салмакта жеңүүчү наамына Эрлан Исмаилов татыды. Ал Максат Абдрахмановду жеңүүгө жетишти. 76 кг. категориясында Айбек Жээнбеков Айдар Орозбаковду нокаутка уруп, чемпион болду. Ошондой эле Акыл Алыбаев, Жанатбек Шабдыраев, Улан Кульчиев, Шавкат Мирзалиев, Талант Шадыбаев жана Өмүрбек Рыскелдиев өз салмактарында мыкты экендиктерин аныктап жеңүүчү аталышты.
Каныбек Сагынбаев коло байге ээси аталды
Украинанын Полтава шаарында өтө турган дүйнө биринчилиги жылдырылгандыгына байланыштуу, бул шаарда Невский пирамида түрүнөн профессионалдар арасында турнир болуп өттү. Бул мелдешке Кыргызстандан Каныбек Сагынбаев да чакырылган. Турнирге катышкан күчтүү шар аткычтардын арасында Орусиялык Юрий Пащинский, Эдуард Галиянц, Грузиядан Паата Хмаладзе, Белорусиядан Александр Костюковец сыяктуу мыкты спортчулар да болушту. Натыйжада кыргызстандык Каныбек Сагынбаев үчүнчү орунга татып коло байге ээси аталды. Ал эми чемпиондук наамга Украиналык Ярослав Тарновец татыктуу болду.
Кыргызстандын бильярдчылары жакына арада кайсы мелдешке катышуу үчүн кам көрүүдө деген суроону бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаковго узаттык:
- 17-22-февралга чейин Алматы шаарында бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги өтөт. Бул чемпионатка 22 өлкөдөн 64 мыкты спортчунун катышышы күтүлүүдө. Бул турнирде Кыргызстандын намысын Зайлан Адамов, Кубанычбек Сагындыков жана Сапарбек Алыкулов аттуу спортчулар коргошот. Андан тышкары дагы төрт бильярдчыны запасагы оюнчу катары ала барабыз. Алдынкы сезиз орунга биздин эки спортчубуз чыгып калса деген ниет менен турнирге жөнөгөнү турабыз.
- Ал эми Каныбек Сагынбаев аттуу спортчубуз бул мелдешке эмне себептен катышпайт?
- Каныбек Сагынбаев профессионалдык оюндарга жана коммерциялык турнирлерге гана катышаарын айткан. Ал мындай расмий мелдештерге катышпайм деп бул турнирге баруудан баш тартты.
- Кыргыз бильярдчылары эл аралык аренада өздөрүн кандай көрсөтүүдө?
- Өткөн жылдын рейтинги боюнча биз дүйнөдө 5-орунга татыктуу болдук. Ар бир мелдештин өтүшү менен өлкөнүн куржунуна упайлар жазылып турат. Биздин сегиз спортчубуз дүйнөдөгү алдынкы 100 спортчунун катарына кошулду. Биз үчүн бул жакшы жетишкендик. Анан дагы биздин федерация жакында жаңы кеңселүү болдук. Ал жерге бильярд столдорун койгонбуз. Эми курама команданын спортчулары ошол жерден машыгууларын өткөрүп мелдештерге даярдык көрүшөт.
Учкай спорт жаңылыктары:
- 20-21-февралда Свердлов райондук спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча Виктор Москальченконун элесине арналган турнир өтөт. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан дагы өспүрүм спортчулары катышат.
- 20-21-февралда Бишкек шаарынын муз аянтында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
- 21-22-февралда шаардык китепканада Виктор Никсдорфтун элесине арналып шахмат боюнча турнир өтмөкчү.
- 21-22-февралда Кожомкул атындасы спорт ордосунда таэквандо ITF боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болот. Мелдешке Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан 350 спортчунун катышышы күтүлүүдө.
- 21-22-февралда Сокулук райондук маданият үйүндө ушу-саньшоу боюнча турнир болот. Мелдешке Чүйдөн жана Бишкек шаарынан командалар катышып күч сынашышат.