Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Жалиев WBKF версиясында Евразия чемпиону болду


Кумар Жалиев
Кумар Жалиев

Москвада өткөн Евразия чемпионатына Орусия, Азербайжан, Эстония жана Кыргызстандын спортчулары катышты. Анда чемпион аталган мушкер Кумар Жалиев “Калкан” аттуу ээрчиме аты менен таанылып келген.

76 кг салмактагы Кумар алгачкы жарым финалдык беттеште дүйнөнүн жана Европанын чемпиону эстониялык Александр Берняковду 3:0 эсебинде жеңди. Финалдык таймаш азербайжандык спортчу Парвиз Абдуллаев менен болуп, оюндун башталышынан аягына чейин Жалиевдин соккулары таамай тийип, чабуулдары да ийгиликтүү болду. Чемпиондук кемерди тапшыруу учурунда күйөрмандар “Алга Кыргызстан” деген ураан астында чемпион Кумар Жалиевди сүрөп жатышты.

Спорт жана дене тарбия академиясынын спорт борборунда Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын кышкы чемпионаты өттү

Ага 17-20 жаштагы спортчулар катышып, алты аралыкта чуркап мөөрөй талашуу менен узундука, бийиктике секирүү боюнча да мыктылар анакталды. Мелдешке республиканын ар аймактарынан жана Кара-Балта, Токмок, Каракол, Бишкек шаарларынан 300 чакты жеңил атлеттер катышып мөөрөй талашышты.

Бул чемпионаттын жүрүшүндө курама команданын экинчи орундагы спортчулары тандалды, дейт жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов:

- Бул чемпионатка биздин кээ бир, алдынкы спортчулар катыша алган жок. Себеби алар эл аралык мелдешке кетишкен эле. Бул турнирде аймактардан келген спортчуларды байкап, сынап көрдүк. Мелдештин жүрүшүндө 200метрге чуркоодо Кыргызстандын рекорду жаңырды. Көп жылдан бери Ош, Жалал-Абад спортчулары бул турнирге катышпай калышкан эле. Алар бул ирээт келип башка аймактын спортчулары менен мөөрөй талашышты. Негизинен аябай жакшы өнүгүп жатабыз дегенден алысмын. Бирок жылыштар жок эмес. Чемпионаттын аякташы менен эки спортчубуз кросс чуркоо боюнча Азия биринчилигине кетишкен. Алар келип, бир ай машыгуу өткөргөн соң кайра дүйнө чемпионатына жөнөшөт. Азыркы маалда федерациянын негизи багыты айылдагы жаш спортчуларга бурулуп, жакшы спортчуларды тандап жатабыз. Аларга шарт түзүп берүүгө да даярбыз.

- Бул чемпионаттан курама командага спортчуларды тандалдыбы?

- Чемпионаттын жүрүшүндө курама команданын экинчи орундагы спортчуларына талапкерлерди карап, жаш спортчуларды сынадык. Ал эми алдыңкы жеңил атлеттердин курама командасы буга чейин эле түзүлгөн. Алар өздөрүнүн пландары боюнча машыгып, турнирлерге катышууда.

  • 2-11-мартта шахмат боюнча инвалидер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
  • 4-8 мартта аялдар арасында тогуз-коргол боюнча шаардык биринчилик болот.
  • 6-7-мартта Свердлов райондук спорт мектебинде бел-кур күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтмөкчү.
  • 6-7- марта Шераалы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер окуу жайында кыздар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.

XS
SM
MD
LG