Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Кыргызстандык тай боксчу Латын Американы багындырды


Перунун Лиме шаарында өткөн биринчиликте Валентина Шевченко өлкө намысын коргоду. Ал чечүүчү таймашта Бразилиянын спортчусун жеңип, алтын медал тагынды.

Шевченконун атаандашы болгон Тайнар Лисбао спорттук карьерасында 14 беттешүү өткөрүп, бардыгында тең ийгиликке жеткен. Бул таймаш төрт раундга созулуп, жыйынтыгында Валентина чоң артыкчылык менен жеңүүчү аталды.

Бул ийгиликтин арты менен спортчу август айында Кытайда өтчү согуш өнөрлөрүнүн оюндарына жолдомо алды. Валентини Шевченко эрежесиз уруш жана тай боксу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону. Ал 26 ирээт професионалдык таймашка чыгып, бардыгында тең жеңишке жеткен.

Евгений Ваккер Азияда үчүнчү орунда

Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Бириккен Арап Эмиратында өткөн Азия чемпионатында байге ээси болду. Ал жеке жарышта 43 чакырым аралыкты 54 мүнөт 26 секундада басып өтүп, коло байге ээси болду.

Биринчиликтин алтын медалына казакстандык Андрей Мизуров татыса, ирандык спортчу Хусейн Аскари күмүш байге жеңип алды. Бул чемпионатка 24 өлкөдөн 100 чамалуу спортчулар катышкан. Велоспортчу Ваккер Азия оюндарынын төрт жолку күмүш байге ээси. Ошондой эле ал Азиянын чемпиону жана бир нече жолку байге ээси.

Ксения Палкина эл аралык турнирде мөрөй талашууда

Кыргызстандын алдыңкы теннисчиси Ксения Палкина Египетте өткөн Ain Elsokhna-Suiz 2010 турниринде үч атаандашын жеңип жарым финалга бет алган. Чечүүчү таймашта ал 6:2, 6:7, 6:3 упайында грузиялык Екатерина Горгодзеден утулуп калды.

Учурда теннисчи Палкина Казакстанда мөрөй талашууда. Ал Алматы шаарында өтүп жаткан турнирде казакстандык Камила Равкатты 6:2, 6:3 эсебинде жеңип кийинки айлампага бет алды.

Дене тарбия жана спорт агенттигине жаңы жетекчи дайындалды

Кыргызстандын бир катар спортчулары, машыктыруучулары жана федерация башчылары кайрылуу жасап, бул тармакты жакшы түшүнгөн адамды жетекчиликке алып келүү өтүнүчү менен чыгашкан. Андан көп өтпөй мурдагы спортчу, машыктыруучу Алмаз Касенов спорт агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Грек-рим курама командасынын машыктыруучусу Эмил Алымкулов дайындоону кубаттаарын билдирди.

- 2005-жылдан берки беш жыл аралыгында спорт агенттигинде төрт жетекчи алмашты. Бардыгы тең бул тармак менен тааныштыгы жок адамдар. Алардын ичинен Бектур Асанов кана жакшы иштөөгө аракет кылды. Спорттун ички көйгөйүн билген, кыйынчылыктарын башынан өткөргөн адам жетекчи болсо деген пикирде болуп келгенбиз. Олимпиада оюндарынын байге ээси Канат Бегалиев жана бир нече башкы машыктыруучулар биригип, кол топтоп Алмаз Касеновдун талапкерлигин көрсөттүк. Эми биз эки эсе көп иштеп, жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтсөк ийгиликке жетебиз деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG