Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Спорттук ийгиликтердин башаты балалыктан башталат


Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө арналган спорттук мелдештер майрамдык маанайда өттү. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Бишкекте 1-июнда Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы, мурдакы өкмөттүк эски аянтта Балдарды коргоо күнүнө арналган спорттук мелдештер өттү.

Бишкек шаардык дене тарбия, спорт жана туризм боюнча комитеттин жетекчиси Шейшенбек Бакировдун айтымында, 1-июнда спорттун он беш түрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге жүздөгөн окуучу, жеткинчектер катышты.

- Спорттун олимпиадалык 15 түрүнөн тышкары аркан тартуу, шахмат, тогуз-коргоол, кыргыз күрөшү жана кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ошондой эле Бишкектеги бардык балдар спорт мектептеринде да мөрөй талашуулар болду. Балдар үчүн бардык жайкы бассейиндердин ачылыш салтанаты болуп, балдар сууга бекер түшүп, бекер балмуздак жешти.


Аркан тартмай жана кол күрөш мелдештеринде мөрөй алган Бишкектеги 49-орто мектептин окуучусу Айбек Таалай уулунун пикиринде, мындай мелдештер майрамдарда гана эске алынбай, тез-тез уюштурулуп турса чеберчилик жогорулайт.

Бишкектеги спорт оюндары балдар мектебинин жетекчиси Мухит Кайбылдаевдин айтымында, стритбол боюнча мелдештерде 15 команда мөрөй талашты.

Кол күрөшкө катышууну каалагандар арбын болду. Натыйжада жеңил салмактарда бишкектик Андрей Ткалин менен Тынчтык Калмырзаев жеңүүчү деп таанылды. 75 кг салмакта Павел Пасько, 85 кг салмакта Андрей Воробьев баш байгенин ээлери болушту. Оор салмактагы чоюн билек балбандардан бишкектик Алтынбек Саламат уулу бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды.

1-июнунда Бишкекте балдарды коргоо күнүнө карата грек-рим күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.


Раатбек Санатбаев атындагы республикалык жаштардын олимпиадалык резервдер мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, грек-рим күрөшү боюнча 12-14 жаштагы жүз элүүгө жакын балбан күч сынашып, мыктылары тандалып, мөрөй алышты.

Сегиз салмак боюнча иргелип олтуруп, баш байгеге арзыган жеткинчек балбандардын ысымдарын маалымдап кетели. Алар: Элеман Төрөкулов, Ислам Нарынбеков, Азамат Жумагул уулу, Нурсултан Мукаш уулу, Мирбек Тойгонбаев, Нурзат Мусалимов жана Сманалы Аден уулу келечекте Азиянын көп жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси маркум Раатбек Санатбаевдей кыргыз элинин намысын коргогон балбандар болооруна ишеним арттырды.

Бишкекте шаардык муз айдыңында балдарды коргоо күнүнө арналган шайба хоккейи боюнча жолдоштук беттешүү башталганы камылгалар көрүлүп жатат. Себеби Бишкекте эки-үч муз айдыңы курулгандан баштап, балдар хоккей оюнуна кызыгып, бирин эки ийримдер иштей баштады.

АКШдан келген хоккей күйөрмандары, демөөрчүлөр мелдешке күбө болушуп, бул оюнду Кыргызстанда өнүктүрүүгө жардам берип, колдоого алышаарын өлкөнүн хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыпов “Азаттыкка” билдирди.
XS
SM
MD
LG