Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Кыргыз дзюдочусу Жаштар Олимпиадасында "коло" медаль жеңди


Биринчи жаштар Олимпиадасында Кытайдын курама командасы алдынкы орунга чыкты. Кыргызстан спортчулары үчүнчү медалды жеңишти. Кыргыз мушкери ири эл аралык турнирдин женүүчүсү болду.

Кыргызстандын дзюдо балбаны Жаштар Олимпиадасынын байгелүү орунуна татыды

Кыргызстандык дзюдочу Болот Токтогонов Сингапур жаштар оюндарынын коло байгесин жеңип алды. Ал 100 кг чейинки салмактык категорияда мөрөй талашып, алгачкы таймашта белгиялык спортчуга жеңилип, андан соң Мексика жана Иран балбанын утууга жетишкен. Коло медаль үчүн болгон таймашта Б.Токтогонов 010:001 эсебиндеги упай менен кубалык дзюдочуну жеңип, үчүнчү орунга татыды

Кытайдын курама командасы алдынкы катарда

Жаштар Олимпиадасынын сегизинчи күнүндөгү жыйынтыгы боюнча Кытайдын курамасы 20 алтын, 15 күмүш жана 3 коло медель жеңүү менен командалык эсепте Сингапур оюндарынын катышуучуларынын топ башына чыкты. Орусия курамасы 16 алтын, 13 күмүш жана 8 коло медаль менен экинчи, Түштүк Корея 9 алтын экиден күмүш жана коло медаль утуу менен командалык үчүнчү орунга ээ болушту.

Бул жаштар олимпиадасында Азербайжан командасы сегиз алдынкы кураманын катарында турат. Бул оюндарда Бакынын 12 спортчусу өлкө намысын коргошуп, алардын бешөө алтын медаль тагынышса, бирөө күмүш байгенин ээси аталган. Сингапур оюндарында Кыргызстан курамасынын куржунунда грек-рим балбандары жеңип алган бир алтын жана бир коло медаль бар.

Белгилеп өтсөк Сингапур олимпиадасында эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачы спорттун 29 түрлөрү боюнча мөрөй талашууда.

Кыргыз мушкери коло медаль үчүн мөрөй талашат

Сингапурда өтүп жаткан 1-жаштардын олимпиадасында бокс боюнча 69 килограмм салмагында Исламжан Далибаев жарым финалдык таймашта бразилиялык Давид Лоуренсо менен таймашка чыгып 2:1 эсебинде жеңилүүгө учурады. Эми боксчу Далибаев коло медаль үчүн түркмөнстандык Нурсахат Пассиев менен таймашка чыгат.

Олимпиадачылар И.Бактыбеков 19-орунда, Р. Молтоев 17-орунда

Спорттун азыркы беш түрү боюнча жаштар олимпиадасында мөрөй талашкан Ильяс Бактыбеков мелдештеги таймашын жыйынтыктады. Ал фехтование таймашында 7-орунга жетсе, сууда сүзүүдө 23, чуркоо жана ок атууда 22-көрсөткүчкө ээ болду. Жалпы эсепте 3992 упай топтогон Бактыбековго 24 спортчунун ичинен 19-орун ыйгарылды. Ал эми байдарка кайыгында жарышка чыккан Руслан Молтоев 23 спортчунун ичинен 17-орунга ээ болду. Ал белгиленген аралыкты 1.41 мүнөттө сүзүп өтүп, Олимпиаданын чемпионунан 13 секунда артта калган.

Кыргызстан Кубогунун финалына чыккан командалар аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кочкор-Атанын “Нефтичи” клубу менен Бишкектин “Дордой-Динамо” командасы өлкө Кубогу үчүн мөрөй талашат. Буга чейин өткөн жарым финалдык оюндарда “Нефтичинин” футболчулары “Нефтичи-2” клубун 1:10 эсебинде жеңсе, “Дордойдун” оюнчулары Канттын “Абдыш-Ата” командасын 2:0 упайында утуп финалдык беттешке жолдомо алышты. Буга чейин “Абдыш-Ата” клубу эки ирет Кыргызстан Кубогун жеңип алса, “Дордой-Динамо” төрт жолу бул наамдын ээси болгон.

Казакстандагы турнирде кыргыз мушкери алтын медаль жеңди

Казакстандын Актау шаарында Шокар Болтекулынын элесине арналган 5-Эл аралык турнир жыйынтыкталды. Беш күнгө созулган турнирге 200 чамалуу мушкерлер катышып он салмак боюнча мөрөй талашышты. Анда өлкө намысын коргогон Чынгыз Борбашев 81 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңип алтын медаль ээси болсо, 48 кг салмакта Азат Үсөналиев казакстандык Мардан Берикбаевден упай эсебинде жеңилүүгө учурап “күмүш” байге тагынды. Ошондой эле Асыл Назаралиев коло медаль утуп өлкө намысын коргоого жетишти. Мелдешке Украина, Сирия, Өзбекстан, Орусия, Кытай жана башка курамалардан турган 10 команда жана Казакстандын ар областарынан келген боксчулар мөрөй талашты.

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын ага машыктыруучусу Адылхан Бекболотов бул турнирдин жыйынтыгына “жакшы” деген баасын берди:

- Казакстанда болуп өткөн эл аралык турнирде спортчуларыбыз жакшы көрсөткүчкө жетишти. Себеби, мелдешке Орусия, Кытай, Казакстандан эң күчтүү мушкерлер келишкен. Турнир AIBA версиясынын катарына кирген, гран-при мелдеши болуп эсептелинет. Биздин мушкерлер бирден алтын, күмүш жана коло медаль жеңип алышты. Бул жакшы көрсөткүч.

- Курама команданын мушкерлерин алдыда кайсы мелдештер күтүүдө?

- Алдыдагы эң чоң максатыбыз - Кытайда өткөнү турган Гуанжоу Азия оюндарына катышуу жана байгелүү орундарга жетүү. Буга чейин болуп өткөн мелдештер ошол оюндарга болгон даярдык. Биздин спортчулар дагы учурда машыгуу жолунда. Биз 27-августта курама команданын алты мушкери менен Кытайга жөнөгөнү турабыз. Бээжин шаарында “China Open” турнирине катышканы турабыз. Булардын баары ноябрь айында өткөнү турган Азия оюндарына болгон даярдыктар.

XS
SM
MD
LG