Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Өз жанын кыйган жаштардын саны көбөйүүдө


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өз жанын кыйган адамдардын саны боюнча Борбор Азияда Кыргызстан экинчи орунда тураарын жарыялады.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда акыркы жылдары суицид жумушка жарамдуу жаштар арасында көбөйгөн.

Алмаз атасы кокусунан көз жумгандан кийин катуу стресске чалдыгат. Ар кандай үй-бүлөлүк проблемаларга чырмалган жаш жигит депрессияга түшүп, бир жылдай өзү менен өзү жүрө берген. Акыры уйкусу качып, оорусу күчөп, ал турсун “эч кимге керегим жок” деп калган Алмазга өз учурунда психологдор жардам беришет.

- Он күндөй уйкум качып, түнү менен такыр уктай алган жокмун. Жашоо-турмуш начар көрүнүп, андай учурда өзүңдү эч кимге керексиз сезе берет экенсиң, - дейт Алмаз.

Алмазга окшоп депрессияга кабылып, бирок өз учурунда психологдун жардамын ала албаган канчалаган адамдар жарык дүйнө менен коштошуп кете берүүдө. Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, 2009-жылдын 8 айында эле 400дөн ашуун окуя катталган. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов алардын алтымыштайы өспүрүмдөр экенин билдирди.

- Быйылкы жылы өзүн өзү өлтүргөндөрдүн көбү эркектер. Алардын арасынан 368и асынып, андан сырткары уксус кислотасынан ичип, ден соолугуна байланыштуу өзүн бийиктиктен таштаган, айрым учурда өзүн атып өлтүргөн фактылар да бар. Бул 8 айдын жыйынтыгы болуп жатпайбы. Ал эми өткөн жылы бир жылда 450дөй окуя катталган. Өз жанын кыйгандар боюнча быйыл өткөн жылдан көбүрөөк фактылар катталып жаткандыгы – бул чындык.

Психотерапевт Бактыгүл Мамырбаеванын айтымында, акыркы жылдары жумушка жарамдуу жаштар көп маселени өз жанын кыюу менен чечип жатканын айтат. Ошондой эле ата-энелерди 12-16 жаштагы балдарга жакшырак көңүл буруш керектигин эскертет.

- Өз жанын кыйгандар – бул депрессия болуп жүргөн кишилер. Аларга эшиктеги күн караңгы сезилип, тамактын даамы жоголуп, мурдагы жасап жүргөн иштерин аткара албай, окуусун окуй албай, ал турсун туруп барып тамак ичүү да чоң жүк болуп калат.

Тегерегиндеги досторун же ата-энелерин кыйнабай маселени өз жанын кыюу жолу менен чечкенди туура көрүшөт. Ушундай учурда балдарды байкаш керек. Себеби алар кечке жатат. Ата-энелер болсо аларды жалкоо болуп калды деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында андай балдардын башында көп ой болот, оорууганын да айтпайт. Ошонусу менен бул оору өтө коркунучтуу. Өз убагында психологдорго кайрылбаса аягы суицид менен аякташы ыктамыл. Негизинен эле депрессия айырыкча жумушка жарамдуу жаштардын арасында абдан көбөйдү.

Адистердин айтымында, суицид социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн негизинде, жумушсуздуктун айынан ата-эне менен баланын түшүнбөстүгүнөн да көбөйүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөсү боюнча дүйнө жүзүндө ар бир 20 секунд сайын бир адам өз жанын кыйып, ар бир эки секунд сайын өз өмүрүнө кол салат экен.
XS
SM
MD
LG