Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Күн нуру - балдар үйүнө


“Биом” экологиялык кыймылы ЕККУнун колдоосу менен Бишкектеги балдар үйүнө күн нурун пайдаланып, энергия алуучу жабдууларды белек кылышты.

Кыргызстанда азыркы маалда 70 чакты балдар үйү бар. Аларда кароосуз жана жетим калган 22 миңдей өспүрүм тарбияланууда. Бул жеткинчектердин ар бирине өкмөт тарабынан күнүгө 50 сомдон бөлүнүп турат. Азыркыдай кымбатчылык маалында бул акча деле көп нерсеге жетпесе керек.

Балдар үйүнүн жетекчилигинин мойнунда өспүрүмдөрдү тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары коммуналдык төлөмдөрдү өз маалында төлөп турушу зарыл. Ошондуктан кайсы балдар үйү болбосун каражатты үнөмдөөгө аракет кылышат.
Эми жайкысын же жазында, кышында да күн нуру аркылуу суубуз ысып турмакчы. Эң негизгиси балдарга жакшы болду.


Бишкек мэриясына караштуу балдарды реабилитациялоо борбору колдонгон ысык суусу үчүн айына ири өлчөмдөгү акча төлөп келген болсо, эми алар акчасын бир аз болсо да үнөмдөшү мүмкүн. Себеби “Биом” экологиялык кыймылы ЕККУнун колдоосу менен бул балдар үйүнө күн нурун пайдаланып, сууну ысытчу жабдык менен катар күн лампасын жана күн мешин тартуулашты.

“Экологияны сактайлы, күндүн нурун колдонолу”

Реабилитациялоо борборунун башчысы Алексей Петрушевский кубанычын жашырган жок.

- Кечээ Бишкекте күн ачылган жок. Бирок бул жабдуу аркылуу суубуз жылып жуунганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми жайкысын же жазында, кышында да күн нуру аркылуу суубуз ысып турмакчы. Эң негизгиси балдарга жакшы болду. Ошол эле маалда каражатты үнөмдөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргызстанда бир жылдын 270 күнүндө күн нуру көп өлчөмдө жер бетине тийип турат. Адистердин баамында, мындай мүмкүнчүлүк дал ушул технологияны толук түрдө колдонууга жол ачат.
Биз күн нурунан энергия алган жабдуулар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин көрсөткүбүз келип турат.


Быйыл Копенгаген шаарында өткөн дүйнө лидерлеринин жоолугушуусунда энергия алуунун башка булактары тууралуу сөз козголгон.

Акциянын уюштуруучусу - “Биом” экологиялык кыймылынын башчысы Владимир Коротенко күн нурунан энергия алуунун мүмкүнчүлүктөрү чоң деп эсептейт.

- Биз күн нурунан энергия алган жабдуулар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин көрсөткүбүз келип турат. Мүмкүн бул жабдуулар көмүр, мунай же газ сыяктуу болуп иштебей жаткандыр. Бирок кандай болбосун күн мешин же күн суу ысыткычын биз нур аркылуу иштетип жатабыз. Бул экологиялык жактан алганда да жакшы жетишкендик.

"Азаттыктын" архивинен: Жетимдин жегени желим

Дүйнөнүн башка ири шаарлары өңдүү эле Алматыда да үйүнөн качып кеткен, же башка бир себептерден улам кароосуз калган көчө балдары көп. Алардын бири - 16 жаштагы Сава өз тагдырын баяндап берди. ZMa.

Жетимдин жегени желим
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG