Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

“Санпадагы” кандуу окуя боюнча сот иши уланууда


Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанындагы окуя мыкаачылыгы менен жарандардын үшүн алууда.

Соттук материалдарда 12-13-июнь күндөрү Ош-Бишкек жолунун Топурак- Бел ашуусунан түшө бергенде болгон окуяга туш келгендердин арасынан 10 адам өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголгону айтылат.

Жабырлануучулардын айтымында, набыт болгондордун арасында эки аял жана бир бала да бар, өлгөн адамдардын саны соттук материалдарда айтылган сандан көп болуусу ыктымал, себеби окуянын күбөсү көмүлбөй калган 7-8 жаштагы бала менен бир кишинин сөөктөрүн да көргөн.

Жабырлануучулардын тааныганына карабай, 14-октябрда болгон соттук отурумда айыпталуучулардын бири Усманжан Аблазов өз айыбын четке какты.

Күбөнүн көзү менен

Заводго канатташ жашаган айылдын тургуну Калыбек кызы Жанара окуя башталар алдында Топурак-Бел ашуусунун кырына чыгып кетип, коогалаң окуяны эки күн байкап турган. 14-июнда айылга кайтып келгенде 7-8 жаштагы баланын жана дагы бир кишинин жолдо жаткан сөөгүн көргөн. Кыз ал сөөктөрдү шериктери менен жашырмак болгондо аларды беткапчан адамдар коркутушкан.

- “Ошол жерде жаткан өлүктүн бетин жаап коелу, кечээтен бери жатат го, себеби иттер да чогулуп жатат” десек, бетин чүмкөп алган беш-алты бала “тийбегиле, тийсеңер өзүңөрдүн кийин жашаарыңарды ойлогула” деп кетишти.

Көрсөтмө берген Калыбек кызы Жанара коркуткан адамдардын аттарын атай албай койду.

Бул кандуу калаба боюнча улуттар аралык араздашуу менен адам өлтүрүүлөргө, массалык башаламандыктарга катыштыгы жана жарандардын мүлк байлыгын талап-тоноого, каракчылык кылганга тиешеси бар деп шектелген 19 кишиге айып коюлган. 14-октябрдагы сотко алардын баары катышты.

Сотто мамлекеттик айыптоочулар өткөн жолку сот жыйынына катышпай калып, бүгүн сотко алгач ирет алынып келинген айыпталуучулар Усманжан Аблазов менен Абдрасуловго айыптоо корутундусун угузду. Бирок алар териштирүүнү баштар алдында судьянын “коюлган айыптардын маанисин түшүндүңүзбү жана айыбыңыздарды аласыздарбы?” деген суроосуна коюлган айыптар менен макул эмес экендиктерин билдиришип, терс жооп кайтарышты. Соттолуучу Усманжан Аблязов:

- Мен ал жерде бир мүнөт да болгон эмесмин. Буга далилдерим бар. Мага күнөө койгон адам менен беттешкенге даярмын. Бүгүнкү күнгө дейре мени менен эч ким беттеше элек. Айыбымды мойнума албайм.

Анткен менен окуяда жабыр тарткан адамдар аны жана соттолуучуларды ошол жерден көргөндүгүн таанышып, кимисинин колунда кандай курал-жарак, күйүүчү зат болгондугунан бери айтып беришти.

Туугандарынан айрылган жабырлануучулар У.Аблазов менен бирге соттолуучулар милициянын ардагер подполковниги Г.Абдурахмановду жана милициянын отставкадагы полковниги “Санпа” окуясын уюштурушкан жана ошо окуяга катышкандардын жетекчилери деп айыпташты.

Набыт болгондордун так саны белгисиз

Соттун бул жолку отурумунда он жабырлануучу көрсөтмө берди. Кылмыш иши боюнча жалпысынан 44 адам жабырлануучу, 91 киши күбө катары көрсөтмө берүүгө тийиш. Жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, июнь айында Ош- Бишкек жолун “Санпа” заводунун жанынан торогон адамдар жол менен ары-бери өткөн айдоочулар менен жүргүнчүлөргө аесуз мамиле кылышкан. Күбөлөр зордук-зомбулугу жагынан соттолуучулар Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы фашисттерден да ашып түшкөндүгүн белгилеп өтүштү.

Кошумча күбө катары 14-октябрдагы соттук отурумда көрсөтмө берген Т. Камалова бир үйдөн эки адам - эжеси менен келининен бир күндө айрылганын айтты:

- Сегиз балалуу 94 жаштагы өзбек кемпирди балдары үйүнөн айдап чыккан болчу. Аны он жыл бакты. Мени менен иштеген өзбек келин бар эле, аны менен да үй талашып, өзбектер үйүнөн чыгарып койду эле, баласы он жашта, аны жети жыл бакты. Мен эмнеге капамын? Ошол төрт өзбек улутундагы адамды багып олтурган эжем келини менен силердин колуңардан өлүп калды. 94 жаштагы кемпир азыр ыйлап олтурат, үйү жок, жайы жок. Бир үйдөн эки адам өлдү. Келинимдин эки баласы жетим калды. Алла, алла дейсиңер? Алла бул кылыгыңарга эмне дээр экен? Кана жооп бергилечи?

Ошентип “Санпанын” жанында канча адамдын өмүрү кыйылганы белгисиз бойдон калууда. Себеби облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматы окуяда 16 адам өлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, 9 унаа өрттөлгөнүн буга дейре маалымдаган. Райондук прокуратуранын атын атабаган өкүлү бул маалыматты 14-октябрда ырастаган жок.

Жабырлануучу Кайрынса Кайназарова кызы менен Жалал-Абаддан Базар-Коргонго такси менен баратып, “Санпанын” жанында чогулгандардын ур-токмогуна туш болгон. Анын колу-буту, кабыргасы сынып, төрт айдан бери дарыланып жүрсө да, оң көзү көрбөй калган. Ал тополоңдо жүргөн миңдей адамдын арасынан куралчан, жиниккен кишилерди көргөн. Жабырланууучу айыпталуучулардын арасынан төртөөн таанып, “жолго чыккан сузактыктар улуттар аралык араздашууга мурдатан эле даярданып жүрүшкөн окшойт” деген божомолун ачыктады:

- Ошондо кызымды таш менен чапты. Мен “кызыма тийбегиле, өлтүрсөңөр мени өлтүргүлө” деп бекем кучактап, өзүмдү тосуп бердим. Булар курчап алып, ура беришти, биз канга боелуп калдык. Бир маалда көзүмдү ачып, асманды карасам, баклажкадагы бензинди биздин үстүбүзгө куюп, чачып жатышыптыр, чүпүрөгү бар. Бирөө зажигалканы күйгүзгөндө колум күйдү. Колумду жерге койгулап өчүрүп карасам, мобу жериме Калашников автоматын такап туруптур. Мен автоматты тааныйм да, мектепте окугам. Булар сумкамдын ичиндеги өзүмдүн тиричилигимди өткөргөн бүт мүлкүмдү алган. Ал эмес, оозумду жарып тишимди да алышкан. Кийин доктурда тигишти.

“Санпанын” жанында 400 миң сом акчасын алдыргандан тышкары ден соолугунан ажыраган К. Кайназарова сыяктуу аман калган жабырлануучулар соттолуучуларга жогорку жаза чектеп, үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өрттөлгөн унаа, каракталган акча, мүлк-байлыктарын төлөттүрүп берүү жагын сунуш кылып жатышты.

Соттолуучулар макул эмес

Кызмат иши менен Оштон Бишкекке кайтып бараткан чүйлүк Камил Асеинов да ошол окуяда башына ок тийип, эки колу ур-тепкиден сынган. Анын айтымында “Санпанын” туш тарабынан ок атылып турган. Жарадар болгон Камилдин үстүнө да бензин чачышкан, бирок ал орус түспөлдөш болгону үчүн өрттөлбөй, аман калган. Сузак райондук ооруканасында дарыланып жатканда аны ушу таптагы соттолуучу Усманжан Аблазов коркутканын Камил мындайча эскерди:

- Баарынын эле өңү тааныш. Мен көп адамды көргөм, бул жерде аз эле адам отурат. Мен Сузак ооруканасында эки күн жаттым окшойт. Ооруканада мени ушул коркутту. Мен керебетте жатсам бул маңдайымда туруп алып, “сен бул жерден кетпейсиң, сени мен кекиртегиңен өзүм мууздайм” деген.

Минавар Бопонова
К. Асеиновдон башка жабырлануучулар да тополоң салгандардын көбү соттун темир торуна түшпөгөнүн маалымдашты. Алардын көрсөтмөлөрүн соттолуучу У. Аблазов суроонун кезеги келген сайын жокко чыгарып турду:

- Мен ал жерде болбогонумду ырастаар далилдерим бар. Айыбымды мойнума албайм. Баятан бери арт жактан да “Аблазов, Аблазов” деп атышпайбы. Булар мени ошол жерде көргөнүн далилдеп берсин, мен ал жерде болбогонумду далилдеп берейин. Тергөөчү жиберип, мен ооруканага барган-барбаганымы текшерип көргүлө.

Базар-Коргон районунун тургуну Минавар Бопонова “Санпанын” жанында тийген чачма октор денесинен толук алына электигин ырастады.

Милиция кызматкерлери жабырлануучулардын курчоосунда калган бейтааныш кызды сот жыйыны өтүп жаткан жерден куткарып кетишти. Жабырлануучулардын айтымында, ал кыз соттолуучуларды таанып жаткан туугандарынан айрылган адамдарды уурданып сүрөткө тартып отурган экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG