Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Кетпечи, өлкөгө жардам бер!


Жаңы бийлик жаштарды көтөрүүгө кызыкдарбы?
Жаңы бийлик жаштарды көтөрүүгө кызыкдарбы?

"Азаттык плюс" сыналгы берүүсү бул жолу Кыргызстандагы эки ыңкылаптан кийин чет өлкөдө окуп жана иштеген кыргыз жаштарын мамлекеттик кызматтарга тартуу маселесин козгоду.

Бирок чет өлкөдөн тажрыйба топтогон мыкты адистер эмне үчүн Кыргызстанга келип иштөөнү каалашпайт?

“Азаттык плюс” бул суроого чет өлкөдө иштеп келген жаштардан жана жергиликтүү активисттерден жооп издеди.

- Эмне үчүн кыргыз жаштары чет өлкөдөн билим алууга өзгөчө кызыкдар?

- Ыңкылаптан кийин келген жаңы бийлик сыртта иштеген иш билги адистерди тартууга кандай аракеттерди жасап жатат?

- Жаңы бийлик Кыргызстанда да Грузиядагыдай кадрдык реформа жасоого даярбы?

- Чет өлкөдөн такшалган жаштар өз өлкөсүнө кызмат кылуу үчүн кандай шарттар жетишсиз жана Кыргызстандагы айлык акы аларды канааттандырабы?

Ушул жана башка суроолорго “Айкөл эл” саясий партиясынын лидери Эдил Байсалов, эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков, Араб Эмиратында иштеп, 7-апрелден кийин Кыргызстанга кайтып келген “Азаттык плюс” телепрограммасынын продюсери Аида Касымалиева жана Чехиядагы абройлуу фирмалардын биринде эмгектенип, жакында эле Кыргызстанга кайтып келген программист Айбек Дунаевдер жооп беришти.

Кетпечи, өлкөгө жардам бер! (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00




Кетпечи, өлкөгө жардам бер! (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00




Кетпечи, өлкөгө жардам бер! (3-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
XS
SM
MD
LG