- Жоомарт мырза, мугалимдердин бир талапкерге добуш берүүгө мажбурланып жатканын далилдечү кандай фактылар бар?
- Ооба, бул маалымат туура. Бир жума мурда биздин колубузга Бишкек шаарындагы бир мектептин мугалими документ алып келип берди. Ал документте мугалимдерге таратылган баракчада анын аты-жөнү, анын жакынкы туугандары, үйүндө канча киши бар жана канча киши добуш бере алат шайлоодо, ошонун баарын толтура турган баракча таратышыптыр. Ал баракчаны бүт мугалимдер каалоосуна карабастан толтурушу керек деп директорго буйрук берилген экен. Ошондуктан мугалимдер арызданып ошол баракчаны көтөрүп келишти.
Бул биринчи жолу болуп жаткан одоно мыйзам бузуулук эмес шайлоо алдында. Буга чейин да бизде ар кандай маалыматтар болгон, мектеп окуучуларын, ата-энеңердин, үйдө канча киши бар, ошолордун тизмесин алып келесиңер деген маалыматтар келип жаткан. Бирок ушул баракчаны бизге факты катары алып келишти. Ошондуктан фракцияда ушул маселени эле көтөрдүк.
- Албетте, эл арасында азыркы президенттин жеңиши үчүн бардык айла-амалдар жасалат деген көз караш күчтүү. Бирок ушундай кагазды толтурдум деп нааразы болгон мугалимдер барбы? Себеби азыр мугалимдердин мажбурлоодон баш тартууга укуктук билимдери менен дараметтери жетет деген ой бар да?
- Албетте, бизге бир мугалим алып келип берди, бирок башка мектептен дагы бир мугалим бизге келип, бизге келген маалыматтарды тастыктап атат. Чындыгын айта турсак, өзүңөр дагы жакшы билесиңер, мугалимдерди биринчи иретте мажбурлашат бийликтеги кандидатты шайлоого. Экинчиден, ошол мугалимдер шайлоону бурмалоодо активдүү катышат. Ошондуктан, менин оюмча, шайлоо баштала электе эле ушундай одоно мыйзам бузуулар пайда болуп атканы абдан шектүү. Шайлоонун таза өтүшүнө шек келтире турган нерсе.
- Эми ушундай билдирүү тараткан социал-демократтар жана БЭК кыймылы мындай эркин тандоо укугун бузуп жаткан көрүнүштөргө каршы билдирүү таратуудан башка дагы кандай аракеттерди көрөт?
- Бүгүн саат ондо “Мен ишенбейм” деген жаштар кыймылы менен конференция уюштуруп атканбыз, ал жака БШКнын өкүлдөрү да келет башчысы Д.Лисовский баш болуп. Ошол жакта БШКнын алдына ошол мыйзам бузууларды коебуз. Экинчиден, билдирүүдөн башка биздин юристтер БШКга арыздарын жазышып, документтерди тиркеп, баарын өткөрүп атат. Ал эми ал мыйзам бузуулар боюнча кандай иш аракеттерди кылышат, албетте айта албайбыз да. Муну БШК жана Башкы прокуратура иш жүргүзүшү керек.
- Маегиңизге рахмат.