Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Технопарктарды өнүктүрүүгө мыйзамдык жол ачылат


 Hewlett Packard компаниясынын Калифорниядагы ишканасы
Hewlett Packard компаниясынын Калифорниядагы ишканасы

Кыргызстанда жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Анын автору Жогорку Кенештин депутаты Алмазбек Каримов.

- Саламатсызбы, Алмазбек мырза, сиз иштеп чыккан мыйзам алдыңкы технологияларды өнүктүрүүгө кандай шарт түзүүнү, кандай жол ачууну карайт?

- Технопарктарды өнүктүрүү боюнча мыйзамдын үстүндө мен бир жылдан бери иштеп келе жатам. Жогорку Кеңешке келет жакында. Бул мыйзам технопарктарды өнүктүрүүдө чоң салым кошот. Себеби дүйнөлүк рынокту алып көрсөк, азыркы убакта дүйнөлүк рынок бир триллион 48 миллиард долларды түзөт. Ошонун арасында биздин Кыргызстан жок. Инвестициялык кеңешмеде Кыргыз Республикасынын президенти да айтып кетти, бул тармакты кечээ башташыбыз керек эле деп. Бирок ошондой болсо да кеч эмес. Технопарктарды өнүктүрүүгө негизинен мыйзам жактан колдоо көрсөтүп, ошондой эле мамлекет тараптан чоң колдоого алыш керек.

-Мыйзамды ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан кандай күч, финансы, аракеттер керек?

- Бул технопаркты куруунун жолдору көп, өзүнчө бир шаар кылып, технопарктарды түзгөнгө жер бөлүп мамлекет тараптан мекемелерди курса болот. Бир жагынан академиянын же университеттердин базасында ачса болот. Андан тышкары, мамлекет тараптан салыктан жеңилдиктер болуш керек, бажы маселесинен. Ошондой эле интернетти өнүктүрүш керек. Андан сырткары экспорт жолуна коюш керек жана ички рынокту өстүрүш керек.

-Президенттин тапшырмасы менен өкмөт технопаркты Улуттук илимдер академиясында курууну көздөп жатат. Ал жерде азырынча программалык камсыздоо же компьютердик программаларды түзүүнүн үстүнөн иштөө каралууда. Ошол эле мезгилде илимдер академиясынын айрым аалымдары өндүрүштүк технологияларды кошо камтууну айтып жатышат. Сиздин мыйзамда бул маселе кандай чечилет?

- Бул технопарктын өнүгүшү үчүн бардык шарттар каралган. Эң негизгиси мыйзам жолуна салып берүү - максат. Анан бул секторду өнүктүрүүнү академиянын ичинде эле баштаса болот. Себеби өкмөттөн 5 млн. сом бөлүнүп атат деп айтып кетпедиби. Биз үчүн бул аз.
Бирок ошондой болсо дагы академиядан баштап туруп, андан ары өнүгүп кетсе болот. Бул жерде башка тармактарды өстүрсө да болот. Ошондо биз чек өлкөдө жүргөн жаштарыбызды чакырып , андан сырткары көмүскөдө иштеп жаткан IT программада иштеп чыгарып жаткан ата мекендик бизнесмендерди колдоп туруп, академиянын базасында иштеп туруп, ушул тармакты өнүктүрсөк болот.

- Алдыңкы технология жана программаларды түзүү үчүн интеллектуалдык база жана мыкты, алдыңкы билим керек. Бизде ал жетиштүүбү?

- Бул адистиктерди даярдаганга негизинен биздин жарандар чет өлкөдөн окуп келишет. Эгерде биз ошол технопаркты өзүбүздүн мамлекеттен түзүп алсак, анда билим алганга да биз шарт түзмөкпүз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG