Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Т. Сариев: Ынтымак курултайы феодалдык жолду тандады


"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев 23-24-мартта болгон Ынтымак курултайы үй-бүлөлүк башкарууну бекемдеп, демократиядан четтеп, өлкөнү феодалдык жолго, бай-манаптык жолойго бурган чечимдерди чыгарды деп сынга алууда.

- Темир мырза, Ынтымак курултайы жөнүндө «Ак шумкар» партиясынын ой-пикири кандай?

- Ынтымак курултайы эч нерсени чечкен жок, ал жапы маселени эки күн талкуулап туруп, эки гана негизги чечимди кабыл алды. Биринчиси, президенттин жаңылануу багыты боюнча кабыл алынсын, экинчиси - үй-бүлөлүк башкарууну мындан ары бекемдей бер дегендей эки чечим кабыл алынды. Калган маселелер боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок.

Андан кийин эксперттердин, адистердин, дүйнөлүк саясатчылардын үрөйүн учурган жаңы бир багытты сунуштады Кыргызстандын негизги саясаты катары. Бул кеңешме демократиясы жөнүндө. Бизге кыргыздарга шайлоо демократиясы болбойт экен, биз бир гана кеңешме демократиясы менен жашайбыз деген жыйынтык чыгарды. Анын негизги маңызы мындай болуп атат да. Мына курултай – бул кеңешме органы, мен элди чогулттум кеңештим, булардын колдоосун алдым, эми ошолор боюнча өзүмдүн чечимимди кабыл ала берем дегени.

Экинчиси, менин өзүмдүн жакын адамдарымды, ошонун ичинде бир туугандарымды, балдарымды киргизип алдым, бул президенттик кеңешме, эми ошону менен кеңешип туруп өз чечимимди кабыл ала берем деген сөз. Бул демократиялык принциптерден артка чегинүү, Кыргызстандын багытын тобокелге салуу, адам укуктарына жана боштондугуна чек коюу.

Эгерде ушундай тенденция кете турган болсо, биз айткандай, аскердик режимге өтүп, бизди феодалдык жолго, бай-манаптык тартипке сала турган багытты көрсөтүп атат. Биз “Ак шумкар” партиясы муну менен эч качан макул боло албайбыз. Биз буга каршы күрөшөбүз, биздин күрөшүбүз улантыла берет. Биздин күрөш жаңы башталды. Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес, бүгүнкү саясатка макул эмес адамдарды бириктирип, биз улуу чоң күрөшкө аттандык деп айттык.

- Ынтымак курултайында ички иштер министри М.Конгантиевдин “Ак шумкар” партяисы акция уюштуруп, ошону тартип коргоочулар кармап баратканда Темир Сариев өзү кирди деген сөзүнө кандай баа бересиз?

- Биринчиден, биздин өткөргөн акциябыз мыйзамдуу болчу. Биз бул боюнча азыр башкы прокурорго да жазып атабыз. Биздин балдарды соттогон райондук сот чечимин Бишкек шаардык сотко бердик. Экинчиден, министр Конгантиевдин билдирүүсү боюнча “Ак шумкар” партиясы өзүнүн атайын саясий билдирүүсүн чыгарган. Эгерде ал чыныгы анык генерал болсо, ар-намысы болсо бул министр далилдеп бериш керек айткан сөзүн.

Биринчиси, мени машиненин артынан өзү барды дейт. Жок, мени милициянын машинесине салып кетишкен. Экинчиси, мен 1-Май РОВДсына келгенде 20 чакты адам келгенбиз, менден атайын түшүнүк кат алышкан, акт түзүшкөн, менин колумдагы баракчаларды тартып алышкан. Үчүнчүдөн, административдик мыйзам буздуң деп протокол түзүлгөн.

Андан кийин эле саат 11-12лерде чочуп кетишип, биз сизди кармаган жокпуз, сиз кете бериңиз деп айткан. Бул алардын элдин дүрбөлөңүнөн, элдин мүдөөсүнөн чочуп кетип кылган иши болчу. Анын үстүнө бир топ делегаттардын курултайды таштап чыгып кетебиз деген сөзүнөн кийин булар чочуп кетип, жанагыдай жалган маалыматты берип, элди сооротуп, анан кийин башаламандык кылып жиберишти.

Булар боюнча бир атайын билдирүү жасадык. Анткени бардык процессуалдык иш аракеттер жасалган. Экинчиден, министр айтып атат "15тей баласы" деп, анан өздөрү кийинки билдирүүсүндө айтып атат "Ленин районуна 20 жактоочуну алып барганбыз, аларды кое берип жибердик. Ал эми 21 жактоочу 1-Май сотуна алынып келинди" деп.

Алардын берген маалыматы менен айткан сөздөрү шайкеш келбей жатпайбы. Мына булардын баардыгы тең ошол жерде калптын болгонун көрсөтүп турат. "Калптын казаны кайнабайт" дейт. Бирде болбосо бир жеринен чыга берет ушинтип чубалып. Мындан кийин да, мен ойлойм, көп фактылар чыгат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG