Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Бишкекте мамлекеттик мүлктү кантип талап жатышат?


Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Т. Үмөталиева Бишкектин чок ортосунда болуп аткан мыйзамсыз жер сатуу окуясынын артынан түштү.

- Мына бүгүн Ленин райондук аралык сотто Бишкектин жаштар аллеясындагы жер талаш маселеси каралган атат. Ушул талаш маселесине кыскача токтоло кетсеңиз. Мунун артында кимдер туруп атат?

- Бүгүн саат экиде сот ишинин уландысы болот. Бешинчи күнү сот болмок эле, ал күнү жерди баскандар келген жок. Бирок мыйзамды бузгандар бузуп атат. Соттун чечими боюнча азыр эч кандай курулуш жүргүзгөнгө уруксат жок. Бирок өткөн түнү “ЮНИС” курулуш компаниясынын өкүлдөрү келип, ошол жерде жашаган жашоочулардын эшиктерин кулпулатып коюп чыгарбай, калган талдарды кыйып, Шабдан баатырдын тегерегиндеги клумбаларды талкалап кетип атышат.

Бирок мыйзам бузууга эч ким тоскоолдук кылган жок. Ошол эле укук коргоочулар Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө арыз жазды эле, арыз каралган жок. Ошол биздин борбордун ортосунда болуп аткан окуя бул мамлекеттик мүлккө ачык-айкын кол салуунун бир көргөзмөсү болуп атат.

Шаардын мэри болсо виза коюп берген, ошол жерге тийбесин, “Юниске” башка орун таап бергиле деп. Бирок анын жазганы да аткарылган жок. Жүрөк ооруткан жагы - жаштардын жылы, жаштарды колдойбуз деп атат, бирок жаштарга каршы иш болуп атат. Жанындагы баа жеткис талдарды бир кезде биздин аттуу-баштуу өтүп кеткен белгилүү академик инсандар тиккен экен.

- Ушул маселенин артында кимдер турат деп ойлойсуз?

- “Юнис курулуш” деген компания туруп атат. Ачыгын айтканда артында бир кезде мыйзамдарды коргоп, мыйзам чыгарып эң бир белгилүү таза саясатчы деген адамыбыз бар эле Ырсалиев деген, өткөн чакырылышта депутат болгон, биздин белгилүү инсандар туруп атат деп угуп атам. Бирок ал кишиден жооп ала алган жокпуз.

- Бул маселе боюнча президентке, премьер-министрге кат жолдонду деген маалымат бар. Алардан кандайдыр бир жооп болдубу?

- Катты жөнөткөнбүз, алардан жооп боло элек, жоопту күтүп атабыз.

- Ошол жердеги жер участогу канча квадрат метр?

- Жети сотых жер. Бул мындай болуп атат, аткаруучу бийликчтин чыгарган токтому менен Жер кодексине карама каршы болуп атат. Быйыл март айында бийлик курулуп аткан тамдардын тегерек четинен кошумча жер берилбесин деген чечим чыгарган. Чынын айтканда бул Жер кодексинин бир топ статьясына карама каршы келет. Себеби көп кабат үйлөр курулгандан кийин ар кандай кырдаал болот, ошол кырдаалда аро бир үйдүн тегерегинде 2 метр жер калыш керек деген нерсе бар.

- Ушул маселеге уруксат берип, жер чыгарып берген шаар мэриясынын мурдагы жетекчилери бекен, ким экен тактай алдыңыздарбы?

- Тактадык. Муну мэрия сатып жиберген. Азыркы иштеп аткан жетекчилигинин дагы, мурункусунун да катышы бар экен.

- Демек сатылган жер ал?

- Сатылганда дагы адреси бекилген эмес. Сатылганда Рыскулова көчөсү сатылып атат, жер тартылып, баскынчылык кылынып аткан жер бул Табышалиева көчөсү болуп атат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG