Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Кандуу калаба боюнча сот иши уланууда


Айыпталуучу М.Мамадалиева.
Айыпталуучу М.Мамадалиева.

Бүгүн да Базар-Коргон райондук көчмө соту өз ишин улантууда. Сот жараяны өтүп жаткан Ноокен районунун имаратында 7-сентябрда июнь айындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя да талкууланды. 12-июндагы жол тосуу жана чек арадагы район акимин барымтага алуу айыптарын укук коргоочу Азимжан Аскаров четке кагууда.

Жабырлануучулар менен күбөлөр Азимжан Аскаровдун 12-13-июнь күндөрдөгү окуяларга тиешеси бар экендиги тууралуу көрсөтмөлөрүн беришти. 8-сентябрда жарыш сөз башталат, анда мамлекеттик айыптоочулар Базар-Коргондогу окуялар боюнча айыпталуучуларга жаза мөөнөттөрүн берүүнү соттон өтүнүүсү ыктымал.

Соттун 7-сентябрдагы отурумунда жыйырмадай күбө көрсөтмө берип, алар июнь айында Базар-Коргондо болгон калабага мурдатан даярдык көрүлгөндүгүн белгилешти.

Жабырлануучулар менен күбөлөр тастыктагандай, 12-июнда район борборундагы Сайдуллаев көчөсү трактор жана унаалардын чиркегичтери менен тосулган. Милиция башчысы көчө менен ооруканага сыркоологон адамдар өтөөрүн түшүндүргөндөн кийин жол ачылып, айыпталуучулардын биринин буйругу менен кайра жабылган.

Мындай айыпты жарым жартылай мойнуна алган Минура Мамадалиева жол тосулган жерде он мүнөт гана турганын, элүү чакты адамды таркатканын, улуттар аралык араздашууну уюштуруп, өздөрү качып кеткен адамдардын тилине киргенине өкүндү:

- Мен бирөөнү көзүм менен көрүп, эми экөө калды. Бирок мен булардын (айыпталуучулардын. – ред.) ичинде да, сыртында да болгон эмесмин. Мына бул мага каршы көрсөтмө бериптир, жанын куткарыптыр. Эми мен эмне болсом, ошо болоюн, бала-чакамдын убалы силерге тийсин. Постторду текшерип жүргөн Карабаев унааны айдаса, жанында Азим аке отурган экен. Азим акенин тизесинде видеосу туруптур.

Аталган күнү түрдүү чагым сөздөрдүн айынан район борборунун тургундары кыргыз- өзбек чек арасына качууга аргасыз болушкан. Райондун акими аларды кайра үйлөрүнө кайтаруу максаты менен качкандардын артынан чек ара аймагына барган. Аким Кубат Артыковдун сотто тастыкташынча, катарында укук коргоочу Азимжан Аскаров да болгон адамдар аны барымтага алууну көздөшкөн:

- “Силер Кыргызстандын жаранысыңар, булар силерди кабыл албайт” дегем. Чек ара дегени он эки-он үч метрлик көпүрө экен. Анан мени акырындан сүрүп-сүрүп кете берди, мен жылып-жылып кете бердим, өткөрбөйт десем, “азыр сени кармап, алдыга салабыз, атса сени атат, анан ачат, биз өтүп кете беребиз” деген.

Прокурор: Ушу сөздөрдү Мамадалиева айтканбы?

Кубат Артыков: Мунун да үнү бар ошол жерде. Бул көбүнчө аялдардын лидери болгон. Азимжан Аскаров болгон.

Азимжан Аскаровго “массалык башаламандыктарды уюштурган” жана “милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы бар” деген айыптардан тышкары, “адамды барымтага алуу”, “бийлик өкүлүнүн талабына баш ийбөө”, “диний адабияттар менен ок-дарыларды сактап жүргөн” деген он чакты кине да тагылууда.

Айыпталуучу 7-сентябрдагы сотто чек арада район акимин кармоо оюна келбегенин айтып, Кубат Артыковдон “эл үйлөрүнө кайтса, Базар-Коргондо тынчтыкты сактоого кепилдик бере аласызбы? “ деп сураганын күбөгө тартты. Барымта окуясы менен макул болбогон укук коргоочу жогоруда аталган айыптардын бирин да мойнуна албай, тартип сакчылары анын изине мындан төрт жыл мурда түшкөнүн билдирди:

- Кепил болуп берүүсүн айттым, макул болгон жок. “Мен эмнеге кепил болот элем” деди. Анан мен Базар-Коргон тарапка келе бердим. Мен Базар-Коргондон кетип жатканымда Базар-Коргондун акимин барымтага алганы, коркутуп-үркүткөнү тууралуу ошо Ферузанын телефонуна чалышты. Бул – 2006-жылдан бери Базар-Коргон прокуратурасы менен милициясынын мени жок кылуу боюнча баштаган иши. “Муну жоготуш керек, ар нерсени жаза берет” деген ойдо. Мунун баары мага коюлган доомат.

13-июнда Ош-Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын боюна топтолгон өзбек тектүү жарандардын колунда курал-жарак, учтуу-шиштүү жыгач жана темир таяктар, күйүүчү-жарылгыч заттар да болгон. Алар адегенде эле тартипке чакырган милиция башчысын жарадар кылышкан. Башка тартип сакчыларына да кол салышып, натыйжада бир топ милиция жабыркап, бир тартип сакчысы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Ур-токмокко кабылган тартип коргоочу Эмилбек Мантыбаев жол тоскондордун арасында болуп, эми темир тор артында отурган жети айыпталуучуну таанырын билдирди:

- Аскаров Азимжан “милициянын башчысын барымтага алгыла, калган жетим жүгүрүктөрүн (милиция кызматкерлерин. – ред.) жок кылгыла, өлтүргүлө” деди. Ошондон кийин эле чогулган адамдар бизге атырылды. Ушул отургандардын баарын ошол жерден көргөм.

Ошол эле убакта кызмат маалында набыт болгон тартип сакчысы Мыктыбек Сулаймановдун апасы Карамат айым уулунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө чыдай албай, айыпталуучуларга тил тийгизип жатты:

- Баламдын бир көзү соолуп калыптыр, көгөрүп кеткен, денесинин тамтыгы жок. Эң акырында сакалынан өйдө өрттөп ийиптир. Ичинде бир ич кийими калыптыр, калган жагы бүт күйүп кеткен. Бакалооруна сайган экен эки күн бою, көмгөнгө чейин кан чыгып турду. Чочкону да эч ким минтип өлтүрбөйт.

Айыпталуучулардын бири Мамадзакир Кучкаровдун айтымында, милициянын өлүмүнө окуядан кийин изин жашырып кеткен башка адамдар себепкер. “Тополоң маалында колумда бирде орок, бирде таяк болгон” деп айткан бул айыпталуучу өзүнө коюлган айыптарды тергөө маалында мойнуна алууга аргасыз болгонун билдирди:

- Сайфулло деген бала башына такта менен урган. Анан бензин чачкан.

Бирок кылмыш иштерди карап жаткан судья айрым айыпталуучулар М.Кучкаров сыяктуу эки башка көрсөтмө берип жатышканын белгиледи. Ал тергөөнүн кагазынан сот болоорго жакын качып кетти делген Сайфулло деген адамдын “М. Кучкаров милициянын желкесине жана бөйрөгүнө орокту сайып алган” деген көрсөтмөсүн окуп берди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG