Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:04

Петровка соту: Кыркка жетпеген күбө калды


Петровкадагы улут аралык чыр-чатактын уюштуруучулары катары мурдагы ЖК депутаты Э. Бөлөкбаев жана эки укук коргоочу Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана күрт улутундагы үч адам 10 айдан бери камакта жатышат.

Петровкадагы окуялар боюнча сот жыйыны жумасына үч ирээт болууда. Бүгүн болуп өткөн сотто күбө катары келген адамдарга карата жабырлануучулар нааразылык билдирип өтүштү. Себеби Петровка окуясы учурунда үйлөрү талкаланган күрттөр чыныгы уюштуруучулар боштондукта жүрөт деп буга чейинки соттук териштирүүлөрдө айтып келишкен.

Мурдагы соттук отурумдарга салыштырмалуу сотко күбөлөр арбын келүүдө. Буга чейин Петровка сотуна 320дай күбө көрсөтмө берээри айтылып келсе, тизме так эмес түзүлгөндүктөн эми күбөлөр 240ка кыскарды.

Соттогу көрсөтмө берген күбөлөрдүн ичинде окуяны такыр эле көрбөгөн, бирок кандайдыр себептер менен күбө болуп калгандары да өтө көп. Ушул себептүү камактагылар тергөө иши өтө шалаакылык менен жоопкерчиликсиз жүргүзүлгөн деп нааразыланып, сотко күбө катары тергөөнү жүргүзгөндөрдү чакырууну бир нече жолу өтүнүштү.

- Тергөө башынан эле туура эмес жүргүзүлгөн. Том - том кылып жазып койгон менен баары жалган көрсөтмөлөр менен коштолуп турат, бири дагы такталбай жатат. Андыктан тергөөнү алгач жургүзгөндөрдү сотко чакыргыла десек, эмнегедир өтүнүчтү сот төрагасы бир нече жолу четке какты, - деди айыпталып жаткан укук коргоочу С. Аргынбаев.

Мына маанайдагы өтүнүч бүгүн Э. Бөлөкбаевдин адвокаты Александр Типеров тарабынан да жасалды.

- Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Сергей Попов Петровка окуясы учурунда түзүлгөн убактылуу Жогорку Кеңеш комитетинин төрагасы болгон. Биз анын сотто көрсөтмө берүүсүн өтүнөбүз.

Адвокат А. Типеровдун өтүнүчүнө карата сот төрагасы Ф. Марлес: “Бул өтүнүч мурун дагы жасалган. Андыктан депутат Сергей Поповду сотко чакыруунун зарылчылыгы жок”, - деп чечим чыгарды.

Бирок бул менен катар премьер-министр Данияр Үсөнов, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов, тергөө жүргүзгөн А. Кадинов, “Ак Жол” фракциясынын С. Попов баштаган бир катар депутаттарын күбө катары сотко чакыруу өтүнүчтөрү кабыл алынбай келе жатканына камактагылар нааразылык билдиришүүдө.

Ал эми коомдук жактоочулар менен адвокаттар Петровка соту - саясий сот, ошол себептүү соттук териштирүү калыстыксыз, кандайдыр бир буйрукту аткарып жатканы ачыктан- ачык көрүнүп турат деп баа берип келишет “Азаттыкка” берген маектери учурларында.

- Балыкчы, Петровка жана И. Исаковдун соту саясий сот экенин көрсөтүп келе жатат. Биз ошол себептүү чет элдик уюмдардын көңүлүн ушул сотко буруп жатабыз,-деди адвокат Азимбек Бекназаров.

2009-жылдын 26- апрелинде Чүйдүн Петровка айылынын кыргыз, орус улутундагы тургундары айылдагы күрт улутундагылага карата нааразылык билдиришип, бир катар күрттөрдүн турак-жайы талкаланган болчу. Башаламандыктын негизги себеби - 4 жашар орус кызын, күрт улутундагы Абдулла Осмонов аттуу адамдын зордуктаганы болгон.

Учурда зордуктаган күрт жигит 20 жылга эркинен ажыраган. Ал эми ошол окуядан улам жаралган Петровка башаламандыгынын уюштуруучулары, улуттук жаңжалдын козгоочулары катары 10 айдан бери алты адам камакта олтурат. Сот болсо кийинки жума 9- январда улантылат.

XS
SM
MD
LG