Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Петровка окуясы: сот соңуна баратат


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев кезектеги сот жыйынына кирип баратат
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев кезектеги сот жыйынына кирип баратат

Петровкадагы тополоңдун уюштуруучулары катары айыпталып, 11 айдан бери оппозициянын үч өкүлү камакта отурат. Аталган кылмыш ишине байланышкан соттук териштирүү жети айдан бери уланып келе атат. Бирок бул аралыкта камактагылардын күнөөлүү экенин ачыктаган бир дагы далил табылбады.

Кечээги соттук отурумда болсо соңку күбөлөр көрсөтмө беришти. Бирок камактагыларга каршы көрсөтмө берген негизги 18 күбөнүн ону сотко качып келген жок. Сотко келгендери болсо мурдагы көрсөтмөлөрүн четке кагып келишет. Алардын бири бүгүн сотто көрсөтмө берген Азамат Такырбашов сурак учурунда, “укук коргоочулар С. Аргынбаев жана Уран Рыскулов Петровка башаламандыгын уюштурган. Алар күрттөрдүн үйлөрүн талкалоого үндөгөн”, -деген өңдүү көрсөтмө берген болсо, сот залына келгенде баштапкы көрсөтмөсүн толук четке какты.

Ушундан улам адвокаттар тергөө маалында күбөлөргө карата ачыктан ачык коркутуулар болгон деп белгилешет. Алардын бири адвокат Сартбай Жайчыбеков:

- Баарына эле билбейм, унутуп калыптырмын деген жооп айтып жатты. Анын мен акырында сурадым, бул кол сеникиби деп. Ал жок деп жооп берди. Кандайдыр корккондой, чочулагандай. Анын үстүнө мамлекеттик айыптоочулар ага карата ачык эле коркутууларды, басымдарды жасап жатышты. Демек сурак учурунда көп күбөлөр коркутуу - үркүтүү жолу менен көрсөтмө бергенине дагы бир далил бул.

Башкача айтканда, жети айдан бери Петровка сотундагы көрсөтмө берүүлөр, көрсөтүлгөн видео, фотолор, уктурулган аудио материалдардын бири дагы камактагылардын күнөөлүү экендигин ачыктаган далил боло албады. Тескерисинче, аудио материалдарда ошол кездеги жергиликтүү бийликтин мына мындай сөздөрү жазылып калган. Бул мурдагы Москва районунун акими К. Сыйдановдун былтыр 30- апрелдеги эл алдында сүйлөгөн сөзү:

- Азыр баары күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат. Алар жергиликтүү орус, кыргыз улутундагыларды жүдөтүп бүттү, күрттөр көптү деп жатышат. Мен буга толук кошулам. Бул туурасында менде маалымат бар.

Мына ушундай көрсөтмөлөрдөн улам адвокаттар ошол кездеги жергиликтүү бийлик өкүлү К. Сыйдановду, азыркы премьер-министр Д. Үсөновду, ИИМ М. Конгантиевди, тергөөчү А. Кадиновду жана башка жооптуу кызматтагыларды күбө катары чакыруу өтүнүчүн тогуз жолу сот төрагасына жолдошту. Бирок төрага Ф. Марлес кечээги соттук отурумда дагы бир жолу четке кагып, аларды сотко чакыруунун зарылчылыгы жок деди.

Адвокат Сартбай Жайчыбеков:

- Ким болбосун мыйзам алдында бирдей. Сот өзүнүн укугун өзү чектеп жатат. Д. Үсөновдун, М. Конгантиевдин кызматтык орду булар үчүн опол тоодой болуп, аларды күбө катары чакыруудан коркуп жатышат. Бирок бул туура эмес. Мыйзамдуулук толук бузулуп жатат.

Өткөн соттук отурумда “сот төрагасы Ф. Марлес мыйзамды ачыктан- ачык бурмалап жатат, мен соттун калыс чечим чыгарышына ишеним артпайм”,- деп сын пикир айтканы үчүн камактагы саясатчы Э. Бөлөкбаев сот залынан чыгарылган. Учурда соттук териштирүү анын катышуусуз өтүүдө. Ал эми 26- март күнү Петровка чатагын териштирип жаткан сотто жыйынтыктоочу сөздөр сүйлөнөт.

XS
SM
MD
LG