Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:08

Жоогазын ыңкылабынын 5 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Кыргызстанда жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө карата Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Эски аянтта спорттук оюндар, көргөзмөлөр уюштурулду. Күүгүм киргенде иш-чаралар кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт менен уланды.

Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгын белгилөө иш-чаралары бул жылы Бишкек шаарынын эски аянтында уюштурулду. Аянтта күндүзгү саат он бирлер чамасында борбор шаардагы кесиптик орто окуу жайлардын окуучулары жасаган буюм-тайымдардын көргөзмөсү ачылды.

Чак түштө чоңдор жана жаш жеткинчектер үчүн спорттук оюндар башталды. Эски аянтка келген шаар тургундары жана коноктору ордо, күрөш, аркан тартыш, шахмат, тогуз коргоол өндүү спорттук оюндарга катышып, шаардык спорт мектептеринде тарбияланып жаткан жаш акробаттардын сахнадагы өнөрлөрүнө күбө болушту.

Спорттук оюндарды уюштуруп жаткан Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин бөлүм башчысы Руслан Жуманазаров уюштурулуп жаткан иш-чаралардын максаты туурасында "Азаттыкка" мындай оюн билдирди:

-Бүгүн улуттук жана чыгыш күрөштөрүн, деги эле спортту жайылтуу максатында, “Дени сак жашоону даңазалоо” программасынын алкагында спорттук иш-чараларды уюштуруп жатабыз.

Аянтта уюштурулган спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө шаардык мэрия тарабынан ар кандай белектер да берилди.

Аянттагы көргөзмөгө катышып жаткан Дастан мырза бул күнү соода жакшы жүрүп, улуттук буюм-тайымдар элдин кызыгуусун жаратканын баяндады:

-Биз өзүбүздүн лицейдин кол өнөрчүлүк буюмдарын алып, элдерге көрсөтүп, сатканы келгенбиз. Элдин маанайы жакшы. Кичинеден болсо дагы буюмдар өтүп жатат.

Нарын жергесинен келип эски аянтта эс алып жүргөн Айтбүбү апа, бул күндөгү маанайы менен мындайча бөлүштү:

-Майрамдык маанай аябай жакшы. Бала-бакырам менен кыргыздын оюн-зоокторун көрөлү деп турабыз. Жакшынакай кыргыздын сувенирлери бар экен. Кыргыздын кийимдерин, кол өнөр менен жасалган буюмдарды кызыгып көрүп жатабыз.

Эски аянтта жүргөн элдин көбү бул күндү майрамдап жатканы менен Бишкектин көчөлөрүндөгү кээ бир замандаштар 24-мартты майрам деп эсептебей тургандыктарын айтышты:

Орокчу (Нарын): - Майрам деген майрамдай болуш керек да. Элдин курсагы ток болсо майрам болот. Күндөн күнгө мындай кымбатчылык болуп жатса, кантип майрамдайсың.

Шейшембек (Бишкек): - Эч кандай эч нерсе жок. 24-мартты майрам деп өзүм да белгилебейм.

Махабат (Бишкек): - Майрам деп ким эсептейт? Мындай экономика кымбат болуп жатса... Мен майрамдык маанайда жүргөн жокмун, мисалы.

Бул сөздөргө коомдук тартипти көзөмөл кылган курсант Данияр да кошулат. Анын айтымында бүгүн Бишкектин көчөлөрүндө өзгөчө деле майрамдык маанай байкалбагансыйт:

- Элдин маанайы күндөгүдөй эле да. Эл деле майрам сыяктуу кабыл албай эле го... Аз эле эл жүрөт.
XS
SM
MD
LG