Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

АКШ базасы жабылса, 600дөн ашуун кыргыз жараны ишсиз калат


17-февралда парламенттин эки комитети өкмөттүн АКШ базасын чыгаруу чечимин жакташты. Ал ортодо базада иштеген алты жүздөн ашуун кыргыз жараны жакшы маяналуу жумуштан айрылабызбы деп тынчсызданууда.

Учурда аталган базада 650 кыргыз жараны ар кыл кызматты аркалап, иштешүүдө. Дегинкиси, батыш маданиятына сыйбаган суроо болсо да, биз АКШ базасынын маалымат кызматынын жетекчиси Демиен Пикартка, кыргызстандык кызматкерлердин бир айлык маянасы канча деген сурообузду узаттык.

- Чынында менде так бир айлык маяна акы тууралуу маалымат жок. Бирок базада иштеген кыргызстандыктар жергиликтүү айлык маянага салыштырмалуу дээрлик жакшы акча аларын мага айтып калышат.

Мындай жоопко канааттанбаган "азаттык плюсчулар" сурообузга так жооп издөө аракетинде ал базада бир жылдан бери котормочу болуп иштеп жүргөн Жылдыз аттуу кыз менен байланыштык.

-Базанын ашканасында иштеген ашпозчулар бул жакка аябай көнүп алгандыктанбы, айтор база жабылса эмне кылабыз, кайсы жакка барып иштейбиз деп көбүрөөк тынчсызданышууда. Ал эми тил билгендер арасында жумуш табылат деген ишеними байкалып эле турат. Бирок басымдуу бөлүгү база жабылбай эле койсо деген маанайда. Ал эми бир айлык маяна жумушчулардын иштеген ишине жараша. Мисалы, ашпозчулар 500-600 доллар алса, официанттар болжолдуу 300 доллардай алышат, -дейт Жылдыз.

Парламент депутаты Кабай Карабеков АКШ аба базасында иштеген кыргыздар база убактылуу экендигин билет дейт.

- 8 жыл мурун бул база киргизилип жаткан учурда, ал Кыргызстанда убактылуу гана ишмердик жүргүзөөрү аныкталган болчу. Ал жерге кыргыз жарандары жумушка орношуп жатканда иш убактылуу болоору аларга эскертилген. Азыр алар базанын жабылышына даяр болуш керек.

Президент Курманбек Бакиев АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чечимин 3-февралда Москвада жарыялагандан бери базаны чыгаруу жөнүндөгү өкмөттүн мыйзам долбоорун бекитүү боюнча иш чаралар өтүп келет.

Маселен, 17-февраль күнү эле Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитети жана Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет "Манас" аба майданындагы АКШ базасын чыгаруу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун жактап, бейшемби күнү палатанын кароосуна коюуга келишти. Буга чейин Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу жана тартип боюнча комитети бул маселени карап, ал да базаны чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп берген эле.

Кыргыз бийлик төбөлдөрү болсо, базаны чыгаруу чечимин АКШ төлөгөн ижара акысынын төмөндүгүнө байланыштырып келишет.
Эми АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси Жогорку Кеңеште каралып, парламент өзүнүн чечимин өкмөткө жиберет. Ал эми өкмөт бул чечимди коалицияга кирген 12 өлкөгө жибергенден кийин, келишим боюнча база Кыргызстандын аймагынан алты ай аралыгында чыгарылууга тийиш.

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00


Тасмада: Базада бир күн: Далилдер жана аргументтер

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

XS
SM
MD
LG