Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Майкл Розенталь: Кыргыз эли, жери мага аябай жакты


АКШнын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү, маданият жана спорт маселелери боюнча кеңешчиси Майкл Розенталь өлкөдө 2 жыл иштеп, дипломатиялык ишмердик мөөнөтү аяктаган соң мекенине кайтты.

- Урматтуу Майкл мырза, өз өлкөңүздүн Кыргызстандагы элчилигинде 2 жыл эмгектендиңиз. Мекениңиз АКШга кандай таасирлер менен кайтып баратасыз?

- Мен абдан жакшы таасирлер, мыкты пикирлер менен кайтып баратам. Кыргызстандагы иштеген учурум өзүмө абдан жакты. Кыргыз жергеси абдан жаратылышы кооз, керемет өлкө экен. Эли да өтө меймандос калк экен. Мен өткөн эки жылда бул өлкөдөн абдан көп дос, тааныш күттүм. Өтө кызыктуу күндөрдү баштан кечирдим. Бул дипломатиялык 2 жылымды эч качан эстен чыгарбайм. Кыргызстандын бардык областтарында болдум. Өзгөчө жаратылышынын сулуулугу мага жагып, таасирлентти. Арстанбап, Соң-Көл, Талас, Ысык-Көл сыяктуу керемет жерлерди башка жактан, башка өлкөдөн кезиктире албайм го деп ойлойм.

- Жайында Ысык-Көлгө түшүп, эс алсаңыз керек, Көл кандай экен?

- Ысык-Көлдүк кереметин, кыргыз бермети экенин сөз менен түшүндүрүп айтууга мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай керемет көлдү өз көзүң менен көрүп, касиетин сезүү гана керек. Жайында көп жолу Ысык-Көлгө түштүк. Аркы өйүз, берки өйүзүнө чейин барып эс алып, көлгө түшкөн учурлар эстен кетпейт… Америкада мындай керемет, көлөмү жагынан чоң көл жок. Анан дагы тоолордун арасында узундугу 200 чакырымдан ашык мындай керемет көлдү эч жерден кездештире албадым. Бул кыргыздарга Кудайдын берген чоң ырыскысы. Мен Ысык-Көлгө жайында гана эмес, күзүндө, ал түгүл кышында да түштүм. Ал түгүл, бул керемет Ысык-Көлдү көрсөтүү үчүн АКШдан ата-энемди, бир туугандарымды, досторумду чакырып, кыргыз жергеси, эли менен тааныштырдым. Алар дагы чексиз кубанычка, ырахатка бөлөнүп ыраазы болуп кетишти.

- Кыргызстандагы элчиликке чейин кайсыл өлкөлөрдө болдуңуз эле?

- Мен баш-аягы элүүдөй өлкөдө болдум. Дипломатиялык ишмердикти сиздердин өлкөдө биринчи баштадым. Ага чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында окудум. Европа, Африка, Азия өлкөлөрүндө саякат кылып, эл көрүп, жер тааныдым. Ошол мен көргөн элүүдөй өлкөдөн Кыргызстан мага өзгөчө жакты. Кооз жаратылышы жана элинин кулк-мүнөзү, меймандостугу, жөнөкөйлүгү менен көңүлүмдө унутулгус таасирлерди калтырды. Экологиясы, таза абасы, таза суусу, тамак-ашынын даамдуулугу көңүлдө турат. Ал түгүл жашылча, жер-жемиштери да, эт азыктары да даамдуу экен.

- Кыргыздын улуттук тамак-ашынан да ооз тийип көрсөңүз керек. Кайсыл тамак-ашы сизге жакты?

- Биринчи кезекте беш бармак мага жакты. Таласта гүлчөтай тамагын берди, ал да жакшы экен. Лагман, шорпо, манты, плов баары даамдуу жасалат экен. Кыргызстанда жүргөн 2 жылда көпчүлүк учурда улуттук тамак-аш жеп жүрүп, көнүп калдым эле. Эми АКШга барганда сиздердин тамак-ашты сагынам го… Анан да кымызыңардын дарылык касиети да мыкты. Кымыз – мен мурда ичкен суусундуктардын эң мыктысы десем жаңылбайм.

- Кыргызстанда иштеген 2 жыл учурунда көп дос, тааныш күтсөңүз керек?

- Албетте, Кыргыз жергесинен көп дос, тааныш таптым. Өзүм менен иштеген кесиптештерим да көп нерсени көрсөтүп, кеп-кеңеш берип турду. Мамлекеттик мекемелерден, башка эл аралык уюмдардан, карапайым калк арасынан да пикирлерим келишкен тааныштарды таба алдым. Мен элчиликте маданият, билим берүү, спорт тармагын тейлегендиктен студенттерден, спортчулардан, окутуучулардан, профессорлордон, ал түгүл ректорлордон да, жөнөкөй окуучулардан баштап Кыргызстан бардык катмардагы инсандар менен пикирлеш болуп, достук байланыш түзө алдым. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, мекеме жетекчилери да бар.

- Майкл мырза, эки жылдын ичинде кандай долбоорлорду ишке ашырууга салым коштуңуз?

- Кыргызстанда иштеген эки жыл аралыгында көп эле долбоорлор боюнча иш алып бардым. Алардын ичинен көңүлгө толгону - Кыргызстанда англис тилин терең үйрөтүү боюнча пилоттук мектептер долбоору болду. Бишкек шаары өнүгүп-өсүп бараткан, жаңылыктарга, жаңы башталыштарга дилгир борбор экен. Бирок мен алыскы аймактарга жардам берип, алардын демилгелерин колдоого алдым. Ала-Тоонун жети облусунда АКШ элчилигинин демилгеси менен англис тилин үйрөнүү жана дене тарбия, спортту өнүктүрүү үчүн пилоттук мектептерди тандап, аларга жалпысынан 150 миң АКШ долларына барабар жардам бердик. Компьютердик техникаларды, спорттук жабдууларды алып берип, интернет байланыштары аркылуу Американын мектептери менен достук байланыш – көпүрө түзүүгө жетиштик. Айыл жергесинде да англис терең үйрөнүүгө дилгир окуучулар арбын экендиги кубандырды. Билимге, илимге умтулган айылдык жаштардын аракети колдоого татыктуу.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG