Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Кубат Оторбаев: Эфир үзгүлтүккө учураган жок


23-апрелде УТРКнын “Ала Тоо” программасынын 70ке жакын кызматкери иш таштап, бүгүн да кызматка чыккан жок деген маалымат бар. Мунун чоо-жайын билүү үчүн “Азаттык” УТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев менен байланышты.

Кубат Оторбаев: Саат жети жарымдагы жаңылыгыбыз орус тилинде болчу, ошол кечигип, саат 11де чыкты. УТРКнын бюджети өтө тартыш экен, буга чейинки жетекчилик январь, февраль, май айларында бизге бөлүнгөн гонорар фондунан сырткары жарым миллионго жакын акчаны ашыкча төлөп келген экен.

Биздин финансисттер сүйлөшүп, мартта 700 миң cомдун тегерегинде гонорардык фонддун ордуна 1 млн. 300 миң сом төлөш керек болуп калды деди. Ошондо 500 миң сом ашык төлөш керек. Бирок мындай каражат бюджетте каралган эмес. Биз ошону жамаатка айтсак нааразычылык чыкты.

Эгерде мындай темп менен ашыкча төлөсөк анда августта 2010-жылга бөлүнгөн акча түгөнөт. Мындай кылууга болбойт. Ошондуктан биз азыр жолдорун карап атабыз. Кыргызда жакшы сөз бар “жылкыңа карап ышкыр, же төшөгүңө карап бутуңду сун” деген. Ошого жараша иш кылыш керек.

- Ал эми бүгүн “Ала Тоо” программасы чыктыбы?

Кубат Оторбаев: Азыр саат 12ге чыкты. Сүлөшүүлөр жолу менен ишке ашырып атабыз. Ушундай шартта ультиматум менен иш кылуу туура эмес, муну дагы айттым. Бирок жалпысынан УТРКда бардыгы өз жолу менен кетип атат. Эфир үзгүлтүккө учураган жок. Азыр иштеп атабыз.

XS
SM
MD
LG