Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Султан Урманаев бийликке кай жеринен жазды?


Балыкчы шаарындагы “Кыргызтрансавто” жүк ташуу базасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, кезегинде министр, губернатор болуп иштеп кеткен Султан Урманаев радикалдуу оппозициядан алыс жүрсө дагы баары бир бийликтен ыдык көрүп келатат.

- Султан мырза, сиз БЭКтин же оппозициялык маанайдагы партиялардын бирөөндө да мүчө эмессиз, сиз эмне себептен бийликке жаман көрүнүп алгансыз?

- Мен депутат кезде Бакиев Жогорку Кеңешке келип, ГЭСтерди кура албай калдык, аны курууну чет мамлекетке берүүгө депутаттардын макулдугун сураган. Сүйлөгөн беш депутаттын ичинен мен каршы пикиримди айтып: “Эгерде Каримов суу сураса, Назарбаевден сурайын деп айтасызбы? - деп Камбар-Ата-2ни өзүбүз куруу зарылдыгын түшүндүргөм. Башкалары президенттин сунушуна макул болгон, Сариев болсо акционерлештирүү керек деген.

Ошондо Бакиев Султан Исакуновичке таарынып калдым дегенден баштап, баары эле ыдык көрсөтө баштады. Менде ал видео тасмалар да бар. Бирдеме айтса эле оппозиция дешет.

Кантип айтпайсың сенин кишилериңдин жумушун кытайлар тартып алса, сенин кишилериң мыйзамдуу иштөө үчүн мамлекетке салык төлөп атса бул адилетсиздик деп чыккам. Бул боюнча азыркы ЖК менен президентке кайрылган менен жыйынтык жок. Баары коррупциялашып кетти. Көрсө Кытайдын машиналарын ошол эле бажы кызматы жана айрым министрлер өздөрү иштетет экен. Аны айдоочулардан сурасаңар, чоңдордун фамилиясынан бери айтып берет.

- Башка мамлекеттер менен иштөө балким жакшы натыйжа берээр?

- Бизде монополияга каршы комитет бар. Эмнегедир Орусиянын “Газпромуна” чоң маани берип атабыз. Анын президенти Миллер президентке, премьерге оңой эле кирет. Алар күйүүчү майдын ээси болгондуктан баасын каалагандай коет, мисалы Украина менен Орусиядагыдай пикир келишпей калса монополист катары эгин айдоо, жыйноо убагында май бербей койсо, бул чоң саясатпы?

Башка мамлекетке көз каранды болуу өтө опурталдуу. Өзүбүз эле кылтакка түшүп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлерине бирдей шарт бериш керек. Биз бирөөнөн болбосо, экинчисинен сатып алышыбыз керек да. Байпак, батинкенин боосу да чыкпаган мамлекет мамлекет эмес да. Өндүрүштү өнүктүрүү керек болчу. Орусияны карагылачы анын эбин таап атат.

- Султан мырза, кемчиликти айткан ишкерлерге тоскоолдук болуп атат дешет?

- Мен радикалдуу сынчы болбосом деле тоскоолдук күнүгө эле болуп атат. Өз оюбузду айткан митингге чыксак, сурап, текшерип эле калышат. Ошондуктан аларга илинбеш үчүн колдон келишинче так, адал иштеп келатам. Менде жалаң жергиликтүүлөр иштегендиктен мындай мамилеге нааразы болуп жүрөт, алар күчөп кетиши мүмкүн.

Мисалы БЭКтин курултайында улуу жазуучу баатыр аксакалдар президенттик шайлоого көзөмөл тобун түзбөдүбү. Демек Бакиев шайлоону бурмалабаш керек. Курултайга катышкан калың эл: “Биз 2 жолу алдандык шайлоодо, үчүнчү жолу алдансак, кескин багыттарга бурулабыз” дешти

- Сиз ага кошуласызбы?

- Албетте.

XS
SM
MD
LG