Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Анжиян: 57 миң качкын медициналык жардам сураган


Анжиянга качып барган кыргызстандыктар. 22-июнь
Анжиянга качып барган кыргызстандыктар. 22-июнь

“Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев саламаттыктык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева менен Анжиянга барып, ал жердеги качкындардын абалы тууралуу маалымат берди.

- Ал жерде азыр канча качкын бар экен? Алардын абалдары кандай экен?

- Биз азыр эле Анжиян шаарындагы бир катар ооруканаларды кыдырып чыктык. Негизинен сүйлөшүүлөр жараат алгандарды мекенине кайтаруу боюнча жүрүүдө. Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Адыхан Икрамовдун берген маалыматына караганда, качкындар дээрлик бул жакта калган эмес, көпчүлүгү эле Кыргызстанга кайтарылган.

Негизинен бул жерде медициналык жардам тууралуу сөз болду. Жалпы эле 75 миңден ашуун качкын келген болсо, алардын 57 миңи медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын 2 миңден ашууну ооруканага жаткырылган. Ал эми ушул тапта ооруканаларда Кыргызстандан качып келгендердин 589у жатат.

- Аларга медициналык жардам көрсөтүлдүбү?

- Албетте медициналык жардам бул жакта абдан жакшы көрсөтүлүп жатканына күбө болдум, кемчиликсиз дарылоо иштери болуп жаткан экен. Ошентсе да 589 адамдын да көбү Кыргызстанга чыгарылып жатат. Мисалы, бүгүн эле алардан 140 адамды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүштү.
Гуманитардык жардам бул жакка да келип жаткан экен. Бирок Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри ЮНИСЕФтен келген гумжардамды биз толугу менен Кыргызстанга кайтарып берүүгө даярбыз деп айтты.

- Ал эми калган качкындар качан кайтып келчүдөй?

- Негизи качкындардын баары эле Кыргызстанга кайтабыз деп жатышат. Азыр ооруканада жаткан качкындар менен сүйлөшсөм, айыгарыбыз менен өз мекенибизге барабыз дешти. Бирок сырта турган ооруканада жаткандардын жакындары менен баарлашсак, алардын арасында Кыргызстанга баруудан дагы эле коркуп, чочулап тургандар жок эмес. Бул жакта саламаттыкты сактоо министри “Анжиян облусунда 60 миңден ашык кыргыз жашайт, Кыргызстандагыдай чагымчыл иштерди ушул жакта да жүргүзүүгө аракеттер болду, бирок биз ага жол берген жокпуз” деп айтты.

XS
SM
MD
LG