Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

Өзбекстандын ооруканаларынан Кыргызстанга качкындар кайтарылат


Анжияндагы ооруканада жаткан кыргызстандык качкын.
Анжияндагы ооруканада жаткан кыргызстандык качкын.

Бүгүн Өзбекстандын ооруканаларында жаткан жалалабаддык качкындар кайтып келишет. Аларды алып келүүгө атайын топ жөнөп кетти. Бул туурасында жеринен кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов маалымдады.

Мен ушул мүнөттө кыргыз-өзбек чек арасынын жанындагы Ноокен районуна караштуу Маданият жол көзөмөл бекетинин жанында турам. Бул жерде Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары менен бирге бир нече медициналык тез жардам унаалары Өзбекстанда дарыланып жаткан качкындарды алып кетүү үчүн келген.

Ал эми чек аранын аркы жагында, Өзбекстанга караштуу тармагында беш тез жардам унаасы турат. Ал жактан алынган маалымат боюнча, качкын оорулууларды алып келип, ошол жакта текшерилип жаткан экен. Жалалабаддык качкындардын кандай оорулардан дарыланып жатканы тууралуу алдын ала алынган тизмелер менен таанышып чыктым. Анжиян облусунда дарылангандардын арасында ок тийип жарадар болгондор да бар. Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Карим Турдумаматов буларды айтты:

- Эки өлкөнүн өкүлдөрү алдын ала жолугушуп, тизме такташкан. Ошондо Анжиян облусунун ооруканаларында дарыланган жалалабаддык качкындардын тизмеси билинди. Ал жерде туберкулез менен ооругандар, кош бойлуу айымдар, анан жаракат алгандар бар. Азыр биз алдын ала тизме боюнча 8 санитардык унаа алып келдик. Бардык унаада дарыгерлер жана дары-дармектер бар. Биз тарап даяр. Өзбекстан тараптан алып келсе биз аларды өзүбүздүн оруканаларга жайгаштырабыз. Бул тууралуу атайын штаб түзүлүп, тапшырма берилип, азыр ооруларды кабыл алууга баары даяр.

Эки мамлекеттин саламаттыкты сактоо министрлеринин өз ара келишимине ылайык, Анжиян облусунун ооруканаларында 75 кыргыз жараны дарыланып жатат деп айтышкан, ал эми Жалал-Абад облусунан 31 адамдын тизмесин беришкен.
XS
SM
MD
LG