Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Баткен: жайыт жерлер талашка түштү


Баткендин Өзбекстандын Сох анклавына чектеш айылында чыр чыгып, кошуналаш эки элдин ортосундагы чоң чатакка айланып кете жаздады.

26-май түнү Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарына тиешелүү 3 жеңил унааны кошуналар таш бутага алышып, 3-4 саат барымтада алып отурушкан. Өзбек атуулдары мындай кадамга баруусуна кыргыз тарап жайытты кошуна өлкөнүн мал жандыктары үчүн бербей койуусу себеп болгон. Эки тараптын тиреши бүгүн да уланып, маселе өкмөттөр аралык деңгээлде чечилгенге чейин деп тарап кетишкен.

Жаз алды менен талашка түшкөн жайыт маселеси акыры келип эки өлкө тургундарынын тирешүүсүнө жетти. Жайыт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, башка өлкөлөрдүн мал-жандыктарын аймакка киргизүү өкмөттөр аралык келишим менен жөнгө салынмай болуп калган.

Мындай келишимден расмий Ташкен кыргыз жайыттарынын кереги жок деп баш тарткандан кийин Кыргызстан менен чектешип турган Өзбекстандын Сох анклавынын мал-жандыктары жайытка чыга албай калды. Буга нараазы болгон хушярлыктар 26-май түнү өз аймагынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарынын унааларын талкалап, жүргүнчүлөрүн бир аз убакытка барымтага да алышкан.

Эки айыл тургундары тирешип, жаңжал күчөп кетээрде жергиликтүү бийлик ортого түшүп, маселе жогорку деңгээлде чечилгенче таркатып кайтышкан.

Согмент айылынын тургуну Акылбек Матраимовдун айтымында, эки эл колуна тийген кетмен, күрөк кармап тирешип калган:

- Кетмен, күрөк, бычактарын көтөрүп алышкан. Ал жерде азыр чек арачылар жана милиция кызматкерлери бар. Өткөн түндө кыргыздардын 6 унааларын талкалап, ичинде келаткан адамдарды барымтага алып, түндө саат 3-4тө араң кое беришти.

Ал эми Баткен район акими Хаитали Айкынов бул маселе жергиликтүү деңгээлде чечилбей турганын, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып, окуя боюнча буларга токтолду:

- Кыргыз атуулдарынын 3 унаасын убактылуу кармап турушкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аларды түндө алып чыкты. Эртең менен кыргыз тараптан 100дөй адам, Хушяр тарабынан да 100дөй адам чогулуп турду. Бирок биз жергиликтүү лидерлер менен сүйлөшүп, бул маселе мамлекеттер аралык келишимдин негизинде чечилиш керек экенин айтып, эки өлкөнүн өкмөттөрү өз ара келишкенге чейин таркашты.

Облустук акимчликтин коргонуу жана укук коргоо бөлүм кызматкери Таштемир Эшалиев өзбек бийлиги өз элинин жайыт маселеси чечип берүүгө кызыктар болбогонунан ушундай маселе чыкканын айтат:

- Биздин чек арачылар жайытка алардын малын өткөрбөй турат. Себеби 2006-жылдын 20-сентябрында мамлекеттер аралык келишим болгон. Ал келишимде Өзбекстан тарап жайытты пайдаланбай турганын айтып, кол койгон эмес. Ошонун негизинде биз аларды быйылкы жылы жайытка чыгарбай турганбыз.

Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сагынбеков ушул окуядан кийин Өзбекстандын Сох анклавынан кыргыз атуулдарына транзиттик каттам кооптуу болуп калганына байланыштуу элди айланма жол менен жүрүүсүнө багыттап жатканын, абал калыбына келмейинче ушундай болоорун айтты:

- Хушяр айылында болгон окуядан кийин Сох районунун расмий бийлиги транзиттик абалда кыргыз жүргүнчүлөрүнө толук коопсуздук беришине шек пайда болду. Ошого байланыштуу абал турукташканга чейин жүргүнчүлөрдү өзүбүздүн Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолу менен жүрүүгө багыттадык. Азыркы мезгилде укук коргоо органдары, күч структуралары Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Абал жөнгө салынгандан кийин кайра мурдагыдай абалда Сох районунан өтүүгө камсыз кылабыз.
XS
SM
MD
LG