Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Чек айылынан кыргызстандыктар чыгарылууда


Оштогу тополоңдо үй-жайынан ажыраган качкындардын лагери.
Оштогу тополоңдо үй-жайынан ажыраган качкындардын лагери.

Өзбекстанга караштуу деп эсептелген Ноокен районундагы Чек айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына көчүп жатышат. Алар Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн Кызыл Кыргызстан айылына отурукташып атканы кабарланууда. Бул туурасында аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов маалымдады.

- Чек айылынын тургундары эмне себептен көчүрүлүп жатат жана көчүрүү иштери качан башталды?

Ырысбай Абдыраимов: Аларга 31-июнда Өзбекстандагы Пахтовар районун акими жана бир канча адам келип, адегенде төрт күндүк мөөнөт беришкен. Кийин жергиликтүү тургундар эки күн сурап алышкан, алты күндүн ичинде Чек айылынан үйлөрүн бузуп, көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Эгерде белгиленген убакта кыргызстандыктар Чек айылынан көчүп кетпесе анда алты күндөн кийин айылдын кыргыз тарабындагы көпүрөнү бузуп, ортосуна алты метр бийиктиктеги, эки четине кырк метрден дубал курабыз деп айтышкан. Себеби айыл экиге бөлүнүп калган, бир гана байланыштыруучу жол ошол көпүрө болуп калган.

22-июнда өзбекстандыктар ошол көпүрөнүн сол жак жээгин да бузууга аракет кылган. Ноокен районунун акими Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп барып, көпүрөнү бузбоого, көчүп чыгууга макулдук беришкен. Учурда көчүп чыгуу иштери уланып жатат. Муну өз көзүм менен көрдүм. Бузулган үйлөрдүн курулуш материалдарын, кыш, жыгачтарын кыргызстандыктар өздөрү каалаган жагына, ал эми айрымдары ачык талаага ташып жатышат.

- Кызыл Кыргызстан айылына отурукташып жаткан экен. Турак жай маселеси кандай чечилет экен?

Ырысбай Абдыраимов: Алар отурукташкан жок. Аларга жөн гана там салып алуу үчүн жер берилген, бирок мамлекеттен эч кандай жардам бериле элек. Ноокен районунун акими болсо ошол жердеги тургундарга чатыр, 8 сотиктен жер бөлүп берди. Өкмөткө, губернаторго, президент Роза Отунбаевага алардын талабын билдиргенин айтты. Көчүп чыккандар “адегенде курулуш материалдарын, анан акчалай жардам берсин, кышка чейин биз үйдү бүтүрүп албасак андан башка аргабыз жок” деп “Азаттыкка” айтышты.

- Ошондо канча киши көчүп келди?

Ырысбай Абдыраимов: Кыргызстандык 24 үй-бүлө жашачу, бардыгы 156 адам. Ушул саатарга карата 21 үй бузулган.
XS
SM
MD
LG