Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Ардагерлерге камкордук жетишпейт


Ош облусунун район-шаарларында Жеңиш майрамы бир аптадан бери белгиленүүдө. Тилекке каршы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын көпчүлүгү ооруп калгандыгына байланыштуу иш-чараларга баралбай калышты. Алар муну мамлекет тарабынан камкордуктун начардыгына байланыштырышса, облустук бийлик «колдон келгени ушул» деп алакан жаюуда.

Кожоназар Айдаровду 17 жашка толгондо айылдык кеңештин катчысынын ордуна согушка жөнөтүшкөн. Сталинград майданында немистер менен салгылашып, бактыга жараша киндик каны тамган Төлөйкөн айылына жеңиш менен кайткан. Учурда жашы сексен бешке карады. Кара-Суу районундагы кадырлуу аксакалдардын бири.

Кожоназар Айдаров Улуу Ата Мекендик согушка катышып, киийнки муунду кулчулуктан куткарып калгандарга карата мамлекеттик камкордуктун жыл өткөн сайын начарлап бараткандыгына кыйла кейиди:

- 9-майда кичине көңүл бурумуш болушат. Пенсияга ардагер катары кичине акча кошуп коет. Орусияда согуш ардагерлерине бирден унаа берди, бизде берген жок. Быйыл Бакиев 3 миң сомдон берилсин дептир. Акаевдин убагында 10 миң сом берип аткан. Азыр анча көңүл бурулбай атат.

Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Бекполот Мажитовдун айтымында, былтыр аймакта Улуу Ата Мекендик согуштун алтымыш бир катышуучусу жашачу. Быйылкы Жеңиш майрамын алардын кырк алтысы гана тосуп олтурат. Ал эми тээ алыскы Алай-Куу айыл өкмөтүнө караштуу үч кыштактын экөөсүндө согуш ардагери калган жок:

- 5 согуш ардагери бар. Булар Камкоргон айылында. 5 ардагердин үчөө басат, ал эми экөө үйүнөн чыга албайт. Булардын саналуу гана өмүрү калды. Көзү тирүү мезгилинде мамлекет тарабынан дагы, өкмөт тарабынан дагы, райондук, облустук масштабда жардам беришибиз керек. Азыр транспорт маселеси толук чечилбей турат.

Алай-Куу айыл өкмөтүнүн башчысы Нуркамил Бөпөев согуш ардагерлерин транспорт менен бекер камсыздоо маселесине жергиликтүү бийликтин чама-чаркы жетпестигин белгилеп, мунун тегерегинде кыргыз өкмөтү баш оорутканы оң деп эсептейт.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин социалдык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Самаган Карыя ар бир согуш ардагерине жеңил автоунаа ажыратуу жагы болочоктун иши экендигин билдирди:

- Бул суроону көптөн бери Орусияда деле иш аракеттерге алып атышыптыр. Биз тарапта да ушундай мүмкүнчүлүктөр болор, буюрса. Бирок азыр мындай суроо көтөрүлө элек. Облус боюнча 485 ардагер катталып атат. Мамлекет тарабынан булар толук тиешелүү жеңилдиктерди, жөлөк пулдарды алып атышат өз убагында.

Анткени менен жергиликтүү серепчилер согуш ардагерлери үчүн атайын фонд уюштуруп, алардын көйгөйлөрүн көзү тирүүсүндө чечүүгө болоорун айтышууда. Бирок мындай демилге азырынча колдоо таба элек.

Тасмада: 80 жаштагы Алимахан Айтбаева Улуу Ата Мекендик согушта Бишкек шаарында тылда болгон. Алимахан апа кийим-кечени, тамак-ашты согуштагы аскерлерге жөнөтүп турган. MiT.

1941-1945-ж.ж. Эскерүү...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

XS
SM
MD
LG