Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Бүгүн – Улуу Жеңиш күнү


Бишкектеги Жеңиш аянтында бүгүн Улуу Жеңиштин 64 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жениш майрамы менен куттуктады.

Президент Курманбек Бакиев салтанатта сүйлөгөн сөзундө согуш ардагерлерине ызаат, камкордук көрсөтүү мамлекеттин парзы экенин айтып, Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон салымы зор болгонун баса белгиледи.

Өлкө башчысы бейпил турмушта жашап жаткан азыркы муун ардагерлердин алдында өмүр бою карыздар экендигин айтты. «Орден-медалдарын төшүнө толтурган ардагер согуштун жөн гана катышуучусу эмес, ал – бизге өмүр сүрүү бакытын тартуулаган адам. Биз чачтарын бубак баскан ардагерлерибизди ызааттап, камкордукка бөлөшүбүз керек. Бул – биздин адамдык да, ыймандык да парзыбыз”, - деди президент Курманбек Бакиев.

Президент мындан сырткары жакында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө Жарлыкка кол коюлгандыгын, ага ылайык согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ооруктун катышуучуларына, концлагерлердин жашы жетпеген туткундарына, согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө бир ирет бериле турган кошумча жөлөкпул чегериле тургандыгын да кошумчалады.

Эскерүү жыйындан кийин Бишкек гарнизондук аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү өттү. Андан соң мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согушта колдонулган Т-34 үлгүсүндөгү танканы жана ЗИС жүк ташуучу унааны көрүп, алардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Ошондой эле атайын талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилди.

Улуу Ата Мекендик согушка 363 миңдей ашуун кыргызстандыктар катышып, алардын 130 миңден ашууну согуштан кайтпай калган. Бул согушка катышкан кыргызстандыктардын 73ү Советтер Союзунун баатыры, жыйырмадан ашууну “Даңк” орденинин ээси болушкан. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жылдан-жылга суюлуп, учурда төрт миңден ашыгы гана калды.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган. 1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган.

Жеңиш күнүнө арналган Бишкектеги салтанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

XS
SM
MD
LG