Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Улуу Жеңиш күнү: Бишкектеги салтанат


Бишкектеги Жеңиш майрамы, 2010-жылдын 9-майы.
Бишкектеги Жеңиш майрамы, 2010-жылдын 9-майы.

9-майда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Ага согуштун жана ооруктун ардагерлери, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышты. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышып, алардын 130 миңдейи курман болгон.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием Улуттук гвардиянын аскерлеринин Өчпөс отко гүлчамбар коюусу менен башталды. Андан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Ал согуштун катышуучуларынын эмгеги эч качан унутулбастыгын айтты:

- Ар бир мамлекеттин тарыхында эч качан унутулбай турган учурлар бар. Улуу Жеңиш күнү дагы эч бир убакта унутта калбай турган майрам. Биз согушка катышкан ардагерлерге, оорукта жан үрөп эмгектенген ата-апаларга, дегеле душманды жеңүүгө салымын кошкон адамдарга таазим этишибиз керек. Биз ардагерлерге азыркыдан дагы чоң көңүл буруп, аларды баардык жактан колдоого алабыз. Ушундай тынчтык күндө жашап жатканыбыз үчүн дагы бир жолу ардагерлерге ырахмат!

Алмазбек Атамбаев чогулгандарды согушта курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерүүгө чакырды. Мындан соң согуш ардагери Кайып Оторбаев сөз сүйлөп, баардык кыргызстандыктарды бүгүнкү майрам менен куттуктады. Митинг-реквиемдин ырасмий бөлүгү Улуттук гвардиянын жоокеринин майрамдык куттуктоосу менен аяктады.

Мындай кийин майрамдык иш-чарага келген эл Өчпөс отко гүлдөрдү коюп, тынчтык үчүн курман болгон баатырларды эскеришти.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон.

Наталья Петрова каардуу согушта каза болгон туугандарын эскерип, согушка катышкан атасын куттуктоо үчүн ат арытып Украинадан келген. Натальянын атасы жергиликтүү аскерлер менен согушка кетип, 1945-жылы аман-эсен жеңиш менен кайткан. Маектешибиз бой жетип, Украинага көчүп кеткени менен жыл сайын 9-майда Кыргызстанга келүүнү салтка айланткан:

- Ал каардуу согушта кыргыз, өзбек, орус дебей бир кесим нанды бөлүп жеп, чогуу азап-тозокту баштан өткөрүп душман менен салгылашкан. Бөлүнүп-жарылуу деген болгон эмес. Азыр да болбосо дейм. Мына мен атамды Украинга алып кетейин десем эч болбойт, тууган-урук, достору менен көзү өткүчө Кыргызстанда болом дейт. Бүгүн дагы согуштагы достору менен Улуу Жеңишти майрамдаганы аянтка келдик.


Коргоо министрлиги аянтка чатыр тигип, аскердик талаа ашканасын уюштурган. Анда согуш жана оорукта эмгектенген ардагерлерге, бийлик өкүлдөрүнө 100 граммдан арак, кара нан жана аскердик ботко берилди. Согуштун ардагери, бир нече медал-ордендердин ээси Кемел Аккулуев аскердик ашканадан даам татып, согуш маалындагы оор күндөрдү эскерип атканын айтат:

- Согушта жүргөндө мына ушундай ботко жечү элек. Так ушундай кара нандан кесип берчү. Бирок ошондогу согушка чогуу катышкан досторум жок. Алардын дээрлик баары дүйнө салган. Аларды жоктом атам. Бирок кантсе да биз жеңишке жеттик. Бул - башкысы. Ушундай тынч заман үчүн канчалаган өмүрлөр кыйылып, канчалар мунжу болуп калды. Андыктан ошол эмгекти барктоо керек

Аскердик ашканадан даам сызып аткан ата-апалар согуш мезгилиндеги ырларды ырдап, күүлүү-күчтүүлөрү бийлеп да жиберишти.

Бул иш-чарага катышкан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары кыргыз эли согуш апаатынан алыс болсун деген тилегин билдирди:

-Мен кыргызстандыктарды чын жүрөктөн куттуктайм. Бул кереметтүү жерде тынчтык, ынтымак болсун. Бүгүн элдин маанайы кандай ачык болсо, мындан кийин дагы көңүлдөр чөкпөсүн. Ардагерлерге болсо таазим этебиз.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием майрамдык концерт менен аяктады.


Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

XS
SM
MD
LG