Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасындагы үй-бүлөлүк татаал мамилени балдар чеберчилик менен көрсөтүүгө аракет кылышты.
Көрүүчүлөр купулуна толгон бул спектаклди жаш режиссер Илгис Жунусов койгон. Оюн аяктаган соң устаттык кеңештерин айтып жатып режиссер балдардын актердук жөндөмүн аздыр-көптүр ача алганын билдирди:
- Баарыбыздын жүрөгүбүздүн түпкүрүндө кичинекей сезим бар. Чындап, жан-дил менен иштеп ошолорду ача билсе, ар бир адамдын ичинен сага жаккан, сага керектүү энергиялар чыгат. Бул жакта балдар менен иштеген аябай кыйын болду. Анткени булар кесипкөй актерлор эмес. Талант элден чыгат дегендей болуп, балдардын арасында таланттуулары бар экен. Күндөп-түндөп репетиция кылдык. Кээ бирлер үчүн биринчи, айрымдар үчүн экинчи спектакль болду. Жүз пайыз болбосо да кырк пайызга чейин актердук чеберчилигин ача алдык деп ойлойм. Анткени сүрдөбөй, уялбай, элдин алдына чыгыш деле чоң ийгилик.
Сүйүнбек Кубанычбек уулу бул спектаклде башкы каарман – Исабековдун ролун ойноду. Сүйүнбек өзү лицейде ашпозчу-бармен кесибинде окуйт. Ал ушуну менен экинчи спекталкде башкы ролду жаратты:
- Биринчи “Олжобай менен Кишимжанды” ойногондо аяба сүрдөгөм. Алтургай кээ бир жерлеринен ойноп жатып ыйлап да жибергем. Азыр болсо көнүп калдым.
Спектаклге катышкан бул балдардын баары кийин чыгаан актер болууну көксөшөт экен. Арасында азыр лицейде фермерликти окуп жаткан Гүлжан аттуу кыз да бар:
- Бул жакта фермер группасында окуйм. Машинист-тракторист болом. Мага машина, трактор айдаган жагат.
№43 кесиптик лицейде өзүнчө театр ачылып, балдардын музыкага кызыгып, театрда ойноп калышына “Устатшакирт” салттуу музыка борбору аттуу коомдук бирикме түрткү болгон. Аталган бирикменени деректири Разия Сырдыбаеванын айтымында, төрт жылдан бери лицей менен кызматташып, эң оболу маданият сүйгөн балдарды тарбиялоого аракет кылып келет:
- Бул балдар музыкант болбойт, бирок музыканы түшүнүп, театрдын тилин билип калса, маданиятка көз карашы түз болсо, кандайдыр бир чоң-чоң театралдык-музыкалык окуялар болсо тетири басып кетпей, кызыгып барса деген максат. Бирок бул лицей музыканттарды даярдабайт, дегенибиз менен бул жакта окуп кеткен эки жаш жигит музыка өнөрүн, чыгармачылыкты тандап алды. Бирөөсү Искусствл институтунда, экинчиси консерваторияда окуп жатат. Чыгармачылык өнөрдү аркалайбыз, деген оюнда жок эле балдар мыкты болуп чыгышты.
Бишкектен элүү чакырымдай алыс жайгашкан Жаңы-Жер айлындагы кесиптик лицейде жалпысынан эки жүз кырк бала окуйт. Лицей жети багытта билим берип, балдар ашпозчу, куруучу тигүүчү, айыл жеринде туристтерди, мейманкана конокторду тейлөө сыяктуу кесиптерди алып чыгышат. Көбүнчө бул жерде колунда жок үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинен ажыраган, багар-көрөрү жок балдар окуйт.
Болочокто үйлөрдү оңдоп-түзөө боюнча адисттикти окуп жаткан Улукбекти таенеси бул жактан билим алсын деп алып Нарындан атайын келген:
- Шпаклевка тартканды, бүт эле нерсени үйрөнүп жатабыз. Бул окуумду бүткөндөн кийин, чоң окуу жайга тапшырып өзүмдүн кесибим менен иштегим келет.
Тикмечиликте 1-курсту эми аяктап жаткан бул кыздар бир жылдын ичинде көп нерсе үйрөнүшкөн. Алар өздөрүнө алжапкыч, жоолугу менен тигип алышкан. Бир жылдын ичинде шым, күрмө, кофта өзүбүзгө сумка тиккенди жана сыдырма салганды үйрөнүштү.
Ак алжапкыч тагынып, башына ак шапке кийген болочок ашпозчу кыздар, бул кесиптин ээлери эң биринчиден келбетүү, таза болушу керек, деген эрежелерди жадыбалдай жат билишет.
Жаңы-Жердеги бул лицей балдарга кесип үйрөтүп тим болбостон, чыгармачылык дареметен өстүрүүгө үзгүлтүксүз аракет кылып келет. Темир-тезек жыйылып турган лицейдин чоң кампасын оңдоп-түзөп, отургучтары менен кадимкидей театр жасап алышкан. Лицей деректиринин орун басары Асыл Базарованын айтымында мунун баары балдарды тарбиялоо максатында жасалууда:
- Театр - балдарды тарбиялоого эң жакшы жардам берет экен. Театрды жана динди тарбиялоонун бирден бир жолдору деп алдык. Балдарды жаман жолдордон алып чыгууга ушул эки жол абдан жардам берди.
1-июнь балдар күнүндө №43 лицейдин тарбиялануучулары Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасына коюлган спектаклде мыкты ойногонго аракет кылышты. Өздөрүнүн театры бар, талантуу жаштары бай бул лицейде дагы далай кызыктуу оюндар коюлары шексиз.