Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

"Эл үнү": К.Бакиев президент болсо Кыргызстанга келсин


“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар экс-президент Курманбек Бакиевдин Минскиден жасаган билдирүүсүнө нааразы болуп, аны Кыргызстанга алып келип, мыйзам алдында жоопко тартуу керектигин айтышты.

“Азаттыкка” кайрылган угармандардын көпчүлүгү экс-президент Курманбек Бакиевдин Минскиден берген билдирүүлөрүнө нааразы болушууда.

Ардагер Токторбай Бектурганов: Курманбек Салиевич! Акыркы мезгилде жасаган ишиңиз, жоругуңуз жолдо калсын. Ушунча кан төгүп, ушунча элдин убалына калып, “суу кечкиче энемди берейин, суудан өткөндөн кийин эмнемди берейин” деп Лукашенкого барып, сөзүңүздү кайта алып “мен президентмин” деп жатканыңыз өтө одоно. Бул өзү адамгерчилик эмес. Андай кыйын болсоң качпай койбойт белең? Элге ок аттырбай койбойт белең. Эгерде өзүң айткандай накта президент болсоң, кел Кыргызстанга. Сени эл кандай тосуп алаар экенин көрөсүң. Өмүр менен өлүм эмне экенин ошондо билесиң.

Бактыгүл Алымова: Бүгүн Ата Мекен коркунучта турат. Кыргызстандын бүтүндүгүнө коркунуч туулду. Ошондуктан мен Убактылуу өкмөттү башкарып жаткан Роза Отунбаевага айтат элем. Кадр маселесин туура чечиш керек. Эмне үчүн Болот Шерниязовду МВДнын башчысы кылып дайындадыңар? Милиция тармагына чыныгы профессионал адам келип, тартипти калыбына келтириши зарыл. Болот Шерниязовго башка кызмат бергениңер оң. Анан Саламаттыкты сактоо министрлигине Дамира Ниязалиеваны алып барганыңар да эл арасында нааразылык жаратууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү таанышын, классташын, партиялашын жогорку кызматтарга коюп жатканы туура эмес. Бул кылганыңар кайрадан элдин кыжырын келтирет.

Бейшеналы Жамгырчиев: Кийинки кезде укуктук талаага, Конституциялык талаага кайтып келебиз деп демилге көтөрүп жаткандарды токтотуу керек. Беш жылдын ичинде мамлекеттик мекеме-ишаналарды талап тоноого унчукпай, Каркыраны сатканга көмөк берген, болбогон жерден камалып укуктары тебеленип жаткан адамдарга маани беребегендер ошол маселени көтөрүп жатат. Ыңкылап бул кээ бир мыйзамдарды жокко чыгарат. Бул жерде укуктук талаага кайтып барабыз дегендин кажети жок. Тамтыгы чыккан Коституциядан революциянын мыйзамы жогору турат.

Зуура: Жаңы өкмөткө негизги суроом: эмне үчүн Жаныш Бакиев жана анын айланасындагылар кармалбай жатат? Элдин баары ошол күнөөлүү адамдардын кармалышын күтүп жатышат. Алар кармалса элдин көксөсү сууйт эле.

Арыстан Сагындыков: 7-апрелде Ала-Тоо аянтында менин 32 жаштагы балам каза болгон. Анын сөөгүн жерге бергенден кийин Бакиевдер кармалбагандан кийин үч күндөн кийин биз “Мекен шейиттери” деген коомдук бирикмени түзгөнбүз. Биздин кыймыл балдардын өлүмүнө тиешеси бар Курманбек Бакиевди жана анын жанындагыларды тез арада кармап, жазага тартуусун Убактылуу өкмөттөн талап кылабыз.

Дагы айта турган нерсе, оппозиция Элдик курултай деп жарыялагандан кийин элдин коопсуздугун камсыз кылышы керек эле. Эмне үчүн Бакиевдин огуна алып барып салып берди? Эмне үчүн бир да оппозицияга ок тийген жок? Эмне үчүн бир да оппозициянын баласы же жакыны окко учкан жок? Ак үйдү алгандан кийин оппозиция жүгүрүп барып, портфель бөлүшүп жатып калышты.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси Аксы окуясындагыдай болуп элге ок аткан кылмышкерлер жазаланбай калышына биз жол бербейбиз.


“Эл үнүнө” Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарынан кайрылган айрым угармандар экс-президент Курманбек Бакиев Минск шаарынан кайра-кайра маалымат жыйынын өтөрүп, өзүн "Кыргызстандын президентимин" деп айтып жатканы коомчулуктун кыжырын келтирип жатканын белгилешип, мурдагы бийликтеги адамдар тымызын ушак жүргүзүп, түштүктүк кадрлардын баарын кызматтан алып, куугунтукка алып жатат деп түндүк-түштүк маселесин ырбатып жатканын айтышты.

Ошондой эле Убактылуу өкмөтү эл үчүн калыс, адилет кызмат өтөөгө чакырып, кошоматчы, параколорду, коррупционер жетекчилерди мамлекеттик кызматка жакын жолотпоо керектигин билдиришти.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312 коду менен 31-61-71 номурлуу телефонго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG